МУРДАГЫ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛДЫ

Ошто мурдагы милиция кызматкери Чубак Сыргакбек уулу кысым көрсөтүүгө кабылдым деп 30-август күнү коомчулукка кайрылуу жасады.

–Ички иштер органдарында 11 жылдан бери иштейм. Жетекчиликтин мыйзамсыз буйруктарын аткарбай койгонум үчүн мени кызматтан мыйзамсыз четтетишти. Мен бирөөнү сыздатып, формачан бандит болгум келбейт. Ош шаардык соту мага “мурдагы ээлеген кызмат ордуна орноштурулсун” деген чечим чыгарган. Ошол чечимди дагы аткарбай жатат,- деди кайрылуусунда.

Ош ОИИБинин жообу көп күттүргөн жок. Мекемеден Чубак Сыргакбек уулу аялын сабагандыгы үчүн кызматынан четтетилгенин билдиришти.

– 2021-жылдын 11-июль күнү Кара-Суу РИИБине Фуркат айылынын тургуну, 28 жаштагы Ш.А. күйөөсү Чубак Сыргабек уулу уруп, денесине залал келтиргенин айтып арыз жазган. Экспертиза аялдын жаракат алганын аныктады. Ал укук коргоо органдарынын талаптарын одоно түрдө бузганы үчүн жумуштан айдалган. Кайрадан мурдагы ишине кайтуу үчүн сот органдарына кайрылган. Учурда соттук кароо улантылууда,- деп билдиришти Ош ОИИБинин маалымат кызматы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан