МЕКТЕПТЕ УЮЛДУК ТЕЛЕФОН КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ

Мектеп окуучуларынын сабак учурунда уюлдук телефон колдонуусуна тыюу салынат. Уюлдук телефон колдонууну чектөө жөнүндө сунуштама бекитилгенин Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Чектөө ден соолугунан улам уюлдук телефон колдонууга муктаж окуучуларга тиешелүү эмес. Ошондой эле сабак боюнча маалымат издөө, онлайн-тест түзүү жана пайдалануу, сабакка керектүү видео көрүү жана аудиожазууларды угуу, электрондук күндөлүктү пайдалануу сыяктуу учурларда да уюлдук телефон колдонууга уруксат берилет. Мектепке кирүүдө уюлдук телефондорду “үнсүз режимге” коюу зарыл. Сунуштама окуучулардын саламаттыгынын бузулушунун алдын алуу жана окуу-тарбиялоо процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынганын билдирет министрлик.

Ошондой эле 1-сентябрдан тарта бардык орто мектептерде окуу жумасынын башында жана аягында мамлекеттик гимн аткарылууга тийиш экени маалымдалды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан