Медеткан Шеримкулов: “САЯСАТЧЫЛАРДЫ КӨП УЧУРДА ЭЛ ТУУРА БААЛАЙ АЛБАЙТ”

31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн утурлай белгилүү мамлекеттик ишмер, Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкуловду маекке чакырдык. 1991-жылдагы тарыхый чечим, эгемен өлкөнүн алгачкы кадамдары, 31 жылдын ичиндеги оош-кыйыш учурлар, келечек тууралуу ойлорун уктук.

– Саламатсызбы, Медеткан ага? 31-август эгемендик күнүнүн алдында турабыз. Кыргызстандын эгемендик алышы дегенде биринчи сиздин ысымыңыз оюбузга келет. Айтсаңыз, эгемендүүлүктүн табияты, мааниси, жетишкендиги кандай болушу керек эле, иш жүзүндө кандай болуп жатат?

– Саламатчылык, кызым. 31-август биз үчүн, Кыргыз эли үчүн улуу майрам. Бул майрам сага, мага, баарыбызга кут болсун! Биздин эгемендигибиз үчүн ата-бабаларыбыз кылымдап күрөшүп келишкен, эркиндиктин абасынан дем алып, даамын татып жатканыбыз бул алардын кийинки муунга калтырган ыйык белеги эмей эмне? Андыктан кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, негизделишине, илим-билимге жол алуусуна чыйыр салып, жан үрөгөн аталарыбызды унутпашыбыз керек. Эгемендүүлүккө жөн эле жетип калган жокпуз. “Эгемендик күтүүсүз келди, даяр бойдон колго тийди” дегендер бар, алар жаңылышат. Кыргыз эли башынан көп оор мезгилдерди өткөрдү. Ошол оор кырдаалдан өтүп жатканда да биригип өз алдыбызча эл болсок, мамлекеттүүлүгүбүздү түзсөк деген кыялдан баш тартышкан эмес. 1924-жылы октябрь айында Кара Кыргыз автономдук облусун, 1926-жылы Кыргыз автономдук республикасын, 1936-жылы Кыргыз ССРин түзүп союздук 16 өлкөнүн катарына киргенбиз. Совет доорунан Кыргыз көп жакшы нерселерди алды. Индустриялык өнүгүү болду, айыл-чарбабыз өнүктү, сабаттуулугубуз, билим деңгээлибиз жогорулады. 1913-жылкы калкты каттоо мезгилиндеги көрсөткүч боюнча кыргыздардын ичинде сабаттуулук 2 пайыз болчу экен. Ал эми 1989-жылкы бүткүл калкты каттоодо Кыргызстандын жарандарынын сабаттуулугу 98 пайызды түзгөн. Ал эми эгемендүүлүктүн табияты, мааниси тууралуу айта турган болсом, эгемендүүлүк – чоң саясий, экономикалык, социалдык, тышкы жана ички мамилелерди камтыган чоң түшүнүк. Биз өзүбүздүн эгемендигибизде экономикалык ар түркүн стадиялардан өттүк. Демократиялык жолго өткөн багытыбыз бул өзгөрүлбөй турган багыт, канчалык ички жана тышкы кыйынчылыктар болбосун Кыргыз эли, Кыргыз мамлекети өзүнүн тандап алган демократиялык жолунан кайтпайт.

– 31 жылда 5 президент алмашты, 3 революция болду... Бул саясий окуяларды Кыргыздын утушу катары караш керекпи же артка кетүү катарыбы?

– 2005-2010-2020-жылдагы окуялар бул утуш дагы, утулуу дагы эмес. Бул – мамлекетибиздин тарыхында болгон окуялар. Мунун терс жактары да, сабак алчу жактары да болду. Терс жактары – ошондой абалга эл эмне үчүн жетти, эмне үчүн ошол мезгилде эл көтөрүлүп көчөгө чыкты? Президенттик, парламенттик шайлоолор таза өтпөгөнүнөн, ошол мезгилдин өкмөтү, бийлиги өздөрүнүн түз милдетин аткарбай, элдин муктаждыгын туура түшүнө албагандыктан ушундай акыбалга алып келишти. Чынында элди ошого жеткирбеш керек эле. Бул кийинки бийлик үчүн чоң сабак. Мындан кийин бийлик бутагындагылар элдин ою, пикири менен эсептешкени туура болот.

– Бир кезде мамлекеттин башында турган инсан катары айтсаңыз, азыркы бийликтин аракетине, кабыл алып жаткан чечимдерине пикириңиз кандай?

– Бийлик ар бир кабыл алып жаткан чечимин жөн эле кабыл ала бербейт. Ошол чечимди кабыл алууну мезгил талап кылып, чоң муктаждыкка кептелип турганда кабыл алынат. Анан президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш кабыл алып жаткан мыйзам, чечимдердин баарын эле эл толук колдошу керек деген ой туура эмес. Бийлик кээде эл арасында популярдуу болбогон айрым чечимдерди кабыл алууга аргасыз болот. Себеби экономикалык социалдык абал ошону талап кылышы мүмкүн. Мындай оор чечимдер айрым убактарда эл тарабынан колдоого алынбайт, сындалат. Эгер ал чечимдер туура натыйжа берсе, күнүмдүк айтылган сын-пикирлер суу кечпей калат. Эл да түшүнөт ким туура иш жүргүзгөнүн.

– Конституцияга киргизилген Курултай институту боюнча кандай ойдосуз? Бул институт артык баш органбы же чын эле керекпи?

– Курултай институту Конституцияга киргизилди, ишин баштай элек. Президент быйылкы жылдын 25-ноябрында курултай чакырып жатат, алгач ишин баштасын, делегаттар шайлансын, кайсы тармактагы, кандай тажрыйбасы бар адамдар делегат болуп келер экен көрөлү. Эмне деген чечимдер кабыл алынат, муну да көрөлү. Ошондон кийин курултайдын керек же кереги жок экени тууралуу ой-пикир айтсам жарашат болуш керек. Азырынча курултайды уюшумдуу өткөрүп алганга аракет кылалы.

– “Кумтөрдүн” мамлекетке алынышы улуттук жеңишпи же канадалыктарды оңой кутултуп жиберген катачылыкпы?

– “Кумтөрдү” улутташтырганыбыз – Кыргыз Республикасынын эгемендик алгандан берки абдан баалуу жана туура чечими. “Кумтөр” башынан эле Кыргыз элинин кызыкчылыгына гана иштеген менчиги болуш керек эле. Тилекке каршы, ошол 1990-2000-жылдардын башында Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө тургандар өздөрүнүн кызыкчылыгын издеп, аталган кен иштетүүчү жайыбызды толук кандуу Кыргыздын кызыкчылыгына иштете алышкан эмес. Садыр Жапаровдун “Кумтөрдү” улутташтырып алган чечимин мен толук колдойм.

– Кыргыз эгемендигине доо кетирчү кандай аракеттер болду акыркы 31 жылда?

– Эгемендигибизге доо кетирчү окуялар көп болду. Мындан ары да болушу мүмкүн. Ошол эле 2005-2010-2020-жылдагы окуяларды мисал кылсак болот. Кээ бири революция, айрымдар төңкөрүш дейт, кандай гана деп атабасын бул окуялар биздин мамлекетибиздин чыңдалышына, өнүгүп-өсүүсүнө пайда алып келген жок. Экинчиден, ички-жана тышкы саясатта кайсы мамлекетке өзгөчө көңүл бурушубуз керек, артыкчылыктуу багыттарыбызды аныктап алышыбыз керек. Себеби дүйнөдөгү мамлекеттердин баары менен бирдей деңгээлде, бир калыпта мамиле түзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан бизге эң жакын, көз карашыбыз туура келген, биздин эгемендикти толук колдой турган мамлекеттер менен карым-катнаш, мамилелерибизди чыңдай беришибиз керек.

– Жогорку Кеңештин сапаты эмне үчүн уламдан улам эле начарлап баратат? Тандоону үйрөнө албай жатабызбы?

– Жогорку Кеңешти эл шайлайт, эгерде анын курамына, жасап жаткан ишине элдин купулу тойбой жатса, бул депутаттар үчүн чоң коңгуроо болушу керек. Дагы бир маселе, 31 жылдын ичинде 7 жолу парламент өкүлдөрү шайланды, ушул жылдар аралыгында туура адамды тандай албаган өзүбүздө да күнөө бар. Сындагандан мурун татыктуу кишилерди тандап алалы биринчи.

– Саясатчыларга элде ишеним абдан аз. Бул тенденция качан жана Кыргызстандын шартында эмнеден улам башталды?

– Мамлекет түптөлгөндөн баштап эле түрдүү сындар айтылып келет. Мамлекеттик жетекчи эч убакта идеалдуу болбойт. Дүйнөлүк тарыхтан эле карап көрсөңөр, Уинстон Черчилль, Дэн Сяопин сыяктуу улуу саясатчылар мамлекет башкарып турганда да эл сындаган. Аларга сындар укмуштуудай катуу айтылчу, ишеним көргөзбөй, анын айынан Черчилль бир эмес, бир нече жолу иштен кеткен. Бирок өзүнүн күжүрмөн, өжөр саясатчы экенин далилдеп канча жыл кайра парламентке, жогорку бийликке келип жатты. Азыр бул адамдар тарыхта из калтырган инсан катары эсептелинет. Саясатчыларды көп учурда замандаштары калыс баалашкан эмес. Бүгүнкү биздин саясатчыларыбыз жаманбы, жакшыбы, тарых өз баасын берет.

– Саясий процесстерге баам салып турсаңыз керек. Андан тышкары учурда эмне менен алектенесиз?

– Менин ишим өтө көп, кызым, саясий, илимий жумуштарым бар. 82ге чыксам да үйдө бош отурганга убактым жок. Дарыгерлер күнүнө 5 чакырым жөө басышыңыз керек дешкен. Бош убактым болсо минтип Эркиндик бульварында сейилдейм.

– Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Бар болуңуз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан