РЕЗОНАНС ЖАРАТКАН ОКУЯЛАР: Кимге кандай жаза же жардам берилди?

Бул жолу Кыргыз жеринде резонанс жараткан окуялардын аягы эмне болуп бүткөнү, тагдыры оор жарандардын жашоосунда кандай өзгөрүүлөр болгону тууралуу окурмандарга маалымат берели дедик. “Баягы аянычтуу тагдырга туш болгон каарман кантти экен?”, “тиги кылмышка күнөөлүүлөр табылды бекен?” деген суроолор сизде да болсо, анда макалага көз чаптырыңыз.


Аруузатка дүйнөдөгү эң кымбат дары сайылды

2021-жылы гезитибиздин №989 санына “Аруузаттын диагнозун укканда атасы экөөбүз кучакташып ыйлаганбыз” деген аталышта макала чыккан. Анда 2 жашар Аруузат сейрек кездешүүчү оору менен алпурушуп жатканы, анын сакайышы үчүн абдан кымбат дары керек болуп турганын апасы айтып берген эле. Эне элден жардам сурап, 1 жыл бою Аруузат үчүн атайын эсепке Кыргыз эли акча которуп, керектүү сумманы таап берди. Жакында Аруузат ошол кымбат дарыны алды. Апасы Жылдыз Ташматовага кайрылганыбызда мындай деди:

– 22-август Аруузаттын экинчи туулган күнү болуп калды десек болот. Анткени дал ушул күнү Аруузаттын өмүрүн сактаган Золгенсма уколу сайылды. Биз 1 жыл 3 ай элден жардам чогулттук, үстүбүздөгү жылдын март айында жетиштүү сумма топтолуп, жардам суроо ишин токтотконбуз. Золгенсма дарысын 5 ай күтүп, уколду Бириккен Араб Эмираттарынан сайдырдык. "Баланын салмагы 20 килограммга чейин болсо боло берет, 2 жаштан өткөнү маанилүү эмес. Эң башкысы бала өз алдынча тамактанып, дем алса болду" дешти. Аруузаттын абалы азыр жакшы. Бизге колдоо көрсөтүп жардам колун сунган миллиондогон боорукер жүрөктөргө рахмат айтабыз.

Бутун үшүк алып кеткен Тилек батирлүү болду

Гезитибиздин №1003 санында бутун үшүккө алдырып, майыпка айланган Тилек Жумабек уулунун оор тагдыры баяндалган макала жарык көргөн. Аталышы “Көзүмдү ачсам бутум жоон сандан кесилиптир, жаман болдум” деп чыккан. Анда каарманыбыз кыш чилдеде бутун үшүккө алдырганын, кенебей жүрө берип дартты өтүштүрүп жибергенин айтып берген эле. Учурда Тилек мырзанын абалы жакшы, толук реабилитациядан өтүп, буту протез кийгенге даяр болуп калганын айтат.

– Буюрса, күзүндө бутума протез салдырам. Дагы бир кубанычтуу кабарым бар, мага өзүм туулуп өскөн Балыкчы шаарынан эки бөлмөлүү батир беришти. Учурда ошол үйдө жашап жатам. Майыптык менен алышып жүрүп сүйүүмдү да таптым. Сүйлөшкөн кызым Таластан болот, буюрса, ушул күздө үйлөнөлү деп жатабыз.

Күйөөсү токмоктогон аялдын барар жери жок

Гезитибиздин №1015 санында “Күйөөсү токмоктогон аял: Жолдошум түрмөдө отурсам да өлтүрүп кетем деп коркутууда” деген аталышта макала чыккан. Анда каарманыбыз Айзат Усенбаева Каракол шаарында күйөөсү аны аёосуз сабаганын айткан эле. Каарманыбыз денеси көк ала болуп эс-учун жоготкон абалда ооруканага түшкөн. Айзат айымдын учурда ден соолугу жакшы, бирок күйөөсү дагы деле абактан телефон чалып коркутуп жатканын айтат.

– Күйөөм 6 жылга соттолду. Бирок азыр менин баш калкалаар үйүм жок. Окуя болгон май айынан бери эки майып балам менен Чолпон-Ата шаарындагы кризистик борбордо күн кечирип келебиз. Караколдо жашаган батирге баралы десек күйөөм түрмөдөн чалып “үйгө барсаң досторума айтып коём, сени балдарың менен өлтүрүп кетишет” деп коркутууда. Биз сентябрга чейин кризистик борбордон чыгып кетишибиз керек, бирок эки балам менен каякка барарымды билбей турам. Дагы деле элдин жардамына муктажмын.

13 жашар кызды зордуктагандар 15 жылга кесилди

“Супер-Инфонун” №1022 санында “Жабырлануучунун апасы: Кызымды 4 адам зордуктап жүрүптүр” деген аталыштагы макала жарык көргөн. Анда каарманыбыз 13 жаштагы кызын эки милиция кызматкери, 1 соттолгон жаран жана 20 жаштагы жигит кезектешип зордуктап жүрүшкөнүн билдирген эле. Бул окуя өлкөдөгү резонанстуу окуялардын бири болуп, абийири тебеленген секелек кызга моралдык, материалдык жактан жардам колун сунгандар көп болду. Чиедей кыздын тагдырын талкалаган кылмышка шектүүлөр мыйзам алдында татыктуу жазасын алышты деп билдирди жактоочусу Тимур Султанов.

– 30-август күнү Свердлов райондук сотунда аталган иш боюнча өкүм чыкты. Эки милиция кызматкери ар бири 15 жылга эркинен ажыратылса, “Дордой” базарында кароолчу болуп иштеген жаран 10 жылга соттолду. Ал эми кызды зордуктады делген 20 жаштагы төртүнчү жарандын иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

Чуулгандуу окуяда аты аталган блогер үй камагына чыкты

2022-жылы гезитибиздин №1008 санында “Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө блогер себепкерби?” деген аталышта макала чыккан эле. Анда журналист Арзыгүл Галымбетова каза болордон бир күн мурун блогерлер Батма Жолболдуева жана Роза Маманованын үстүнөн “абийириме шек келтирди” деп арыз жазганы тууралуу сөз болот. Галымбетова каза болгондон көп өтпөй блогер Батма Жолболдуева милиция тарабынан кармалган. 4 ай абакта отурган блогер 18-августта үй камагына чыкканы белгилүү болду. Окуянын жүрүшүн сурап блогердин жакын курбусу Роза Мамановага кайрылганыбызда буларды айтты:

– Батмага тагылган кылмыш иштердин баары токулган. Анткени Батма Баткендин аткезчилерин, коррупционерлерин ашкерелеп репортаж жасап жүргөн. “Бейбаштык” беренеси менен жөн эле иш козгошту. Батма Лейлекке Камила Талиева, Эрулан Көкүлов, Марлен Маматалиев деген депутаттар менен жолугушууга барса президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов аны “тизмеде жок экенсиң” деп киргизбей койгондо экөө тирешип кеткен экен. Ошол окуяны шылтоо кылып Алихан Ураимов мага кол көтөрдү деп Батманын үстүнөн арыз жазыптыр. Журналист Галымбетованын өлүмү жөн эле буларга шылтоо болуп калды. Арзыгүлдүн кол телефон, ноутбугундагы маалыматтардын баары өчүрүлүп калыптыр, анын жакындары “Батмага каршы эч кандай арыз жазган жокпуз” дешти. Мунун баары Баткен облустук милициясынын кылган былык иштери, чындык бир күнү баары бир калкып чыгат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан