ВАЛЯ KARNA.VAL

ТикТок тиркемеси чыкканы бул кыздын да жылдызы жанды. Анан белгилүү ырчы Егор Криддин сүйлөшкөн кызы катары көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды, Орусиянын Эл артисти Лариса Долина менен чырдашып ЖМКлардын активдүү каарманына айланды. Азыр Валя Карнавалдын ТикТок баракчасында 24 миллион катталуучу бар. Демек, аны ошончо адам тааныйт. Баракчасына катталбай эле тааныганы канча?! Өспүрүмдөрдүн кумирине айланган, ал эми Орусия шоу-бизнесиндеги улуу муундун жектөөсүнө кабылган Валя Карнавалды жакындан тааныштыралы дедик.

Аты-жөнү: Валентина Карнаухова

Туулган жери: Орусия, Новобатайск

Туулган жылы: 2001-жыл, 11-ноябрь

Жылдыз белгиси: Чаян

Бою: 163 сантиметр

Кесиби: видеоблогер, ырчы, бийчи, актриса

Ырлары: “Психушка”, “Ну и что?”, “Опять домой”, “Истерика”, “Ромашки”, “Ой, мама” жана башка

Тартылган тасмасы: “Отпуск”

ТикТоктогу катталуучуларынын саны: 23,9 миллион

Инстаграмдагы катталуучуларынын саны: 7,2 миллион

Таттууга зар балалык

Дубалдарынын ар кайсы жагынан жарака кеткен, шыбагы түшкөн бул үй Орусиянын Новобатайск айылындагы эң кедей үй-бүлөнүн баш коргогон жайы эле. Үч адам жашаган үйдө башкалардыкындай газ жок, кыштын чилдесинде кичинекей мештен чыккан жылуулукка көз каранды болушат. Атасы курулушта, апасы тоок фабрикасында иштеп, кызы Валентинанын курсагын ач кылышкан жок. Ошол эле учурда эрке балдардай каалаганын алып бергенге да шарт жок болчу. Бир жолу Жаңы жылдын алдында азык-түлүк алганы Валя менен апасы дүкөнгө барышкан. Ары жакта кичинекей кыз колуна түрдүү таттууларды кармап алган, “дагы алып бер” деп апасына ыйлактап жатат. Валянын да момпосуй жегиси келди. Бирок унчуккан жок. Апасы аны байкабай калды дейсизби, байкады. Эне кызынын көзү таттууларга кадалганына арданган жок, “мага да алып бер” деп чырдабаганына, кичинекей болуп туруп “жок” деген эмне экенин билгенине ызаланды. Апасы кызын кучактап, “Валя, чоңойгондо ошол дүкөндөгү бардык таттууларды сатып алгандай кыйын кыз болосуң” деген. Балалык аң-сезими менен апасына ишенген...

Ошол кичинекей кыз азыр 21 жашта. Валя Карнавал деген ысым бүтүндөй Орусия жана бир катар мамлекеттерге белгилүү болду. Азыр ал таттуу эле эмес, ошол дүкөндү толугу менен сатып алчудай абалда.

Москвага карай...

Мектепти аяктаган кыз Ростов-на-Дону шаарына келип, колледждин мейманкана менеджменти факультетине тапшырат. Көп өтпөй эле келечекте бул кесип менен иштей албасын түшүнүп, окуусун таштап салган. Жарым жетимдиги үчүн алган пенсиясына батирдин акысын төлөчү, каражат жетишпегендиктен шаардагы квест оюндарын уюштурган уюмга актриса болуп орношот. Бош убактысында Musical.ly (кийинки аталышы ТикТок) тиркемесине катталып, тарткан видеолорун жүктөй баштаган. Башында Валянын баракчасына катталгандардын саны 100 эле адам болчу. Кантип алардын санын көбөйтүүнү билбеген кыз жөн гана күнүмдүк жашоосун, боёнгонун, күлкүлүү кыймылдарын тартып киргизе берди. “Бир күнү ойгонуп телефонумду карасам эле толтура “лайк”, билдирүүлөр жайнайт, катталуучулардын саны 10 миңден ашып калыптыр. Нес болдум. Тарткан видеоң көпчүлүккө тарашы же тарабашы фортунанын иши экен. Күнүнө 10дон ашык видео тартып киргизе берчүмүн, арасынан жок дегенде 1-2си жакшы көрүү топточу” деген кыз 2018-жылы Москвага билет алып келе берген. Анан тиктокчулардын башын бириктирген “Hype House” үйүнөн чакыруу келип, кыз Валя Карнавал ысымы менен атактуулукка багыт алган.

Мектептеги буллинг

Валянын эжеси жана агасы өзүнчө үй-бүлө куруп, бөлүнүп кетишкен. Андыктан ал ата-энесинин жалгыз кызындай эле сезим менен чоңойгонун айтат. “Мен туулуп-өскөн айылымды абдан жакшы көрөм. Болгону мага жакпаган адамдар бар. Үйүмдө газдын жоктугу, даараткананын, душтун үйдө эмес, короодо жайгашканы, менин кийим жаңыртпай эле эски кийим-кече менен жүргөнүм эмнегедир мектептеги окуучуларга жакчу эмес. Мектепти аяктап кеткенче шылдың-келекенин үстүндө жүрдүм”,- дейт окуучулук курагын эскерген кыз.

Өзүн алаксытыш үчүн кичинесинен спорт менен машыкты. Жеңил атлетика боюнча бир катар сыйлыктарды да багынткан. Спортко бийди да кошкон жаш кыздын келбети ошол кезде эле көзгө көрүнө баштаган.

13 жашында атасы ооруп калат. “Атам “Валя, мен бүгүн ооруканага кетсем, экинчи келбейм. Сени көрбөй, кучактай албай калам го” деди. Мен болсо “ой, келесиз. Мен сизге көөп небере төрөп берем, аларды багасыз” деп урушуп койгом. Анан айтканындай эле ооруканадан кайтпай калды. Врачтар бизге “ашказанына суу толуп кетиптир, ошону чыгардык” дешкен. Көрсө, атамдын боору ооручу экен да. Ошентип дарыгерлердин шалаакылыгы менен атамдан айрылдым. Убакыттын өтүшү менен кайгың бөксөрүп, унутулуп калбаса да бир аз мокоп, өзүңдү колго алып калат экенсиң. Бир жылдан кийин апам турмушка чыгам деди. Кантип? Атамдын ордун башка эркек басабы? Алгач ушундай ойлор менен истерика болгом. Анан көнүп бердим. Бактыга жараша өгөй атам жакшы киши болуп чыкты. Мага дем берген да ошол адам болду. Азыр экөөбүздүн мамилебиз сонун, ал экинчи атам”,- дейт Валентина.

Бийиктикке карай...

2020-жылы Валя Карнавал Forbs журналынын тизмесинде “Эң көп каражат тапкан тиктокчулардын” ТОП-5тигине илинген. 9 миллион катталуучусу менен бир жылда анын тапкан кирешеси 4 миллион рублдан ашканы айтылат. Азыр 24 миллион катталуучу жана күндөн күнгө популярдуулугу өскөн сайын Карнавалдын да кирешеси өсүп жатса керек.

2020-жылы ырчы катары алгачкы “Психушка” ырын чыгарган.

Катталуучулары менен дайыма “ЗдАрова бандиты” деп учурашкан кыз 2021-жылы автобиографиялык “Здарова бандиты” китебин чыгарган.

2021-жылы анын актрисалык тушоосу да кесилип, ТНТ каналынын “Отпуск” сериалына тартылган.

2021-жылы Максим Галкиндин “Музыкалити” долбооруна чакырылган Валя ырчы Лариса Долина менен ызы-чууга кабылган. Орус Эл артисти Карнавалды “сендей үнү жок ырчылар үйүнөн чыкпай, ашканада гана ырдашы керек” деп орой сындарды айткан. Берүүдөн кийин улуу муун менен жаштардын ортосунда жаралган тиреш бир жылдан ашык убакытка чейин созулган.

Егор Крид, Саша Стоун

2020-жылы орус ырчысы Егор Криддин “Девушка с картинки” ырынын клибине тартылгандан кийин ортолорунда сүйүү сезими жаралып, кыз-жигит статусун алышкан. Бирок бир жылдан кийин эки жолго түшкөн Егор менен Валя бири-бирине болгон таарынычын ырлары аркылуу билдирип алышты окшойт.

Мурда Валяны өспүрүмдөр гана тааныса, Егор Криддин сүйлөшкөн кызы болгондон кийин жана Лариса Долина менен болгон ызы-чуудан улам анын популярдуулугу улуу муун арасында да тездик менен өскөн.

2022-жылдын башында ТНТ каналында “Жылдыздар Африкада” реалити-шоусуна катышкан Валя Карнавал берүүнүн жыйынтыгында 2-орун алып калганы менен, сүйүү жаатында жеңишке жетти. Өзүндөй эле блогер, спортчу Саша Стоундун жүрөгүн багындырды. Жакында эле Александр Валянын колун сурап, “макулмун” деген жооп алды. Эки жаштын үйлөнүү үлпөт тою качан болору тууралуу так маалымат жок.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан