ТАБИЯТ КЕРЕМЕТТЕРИ

Ааламда сырдуу жерлер болушунча эле көп. Мисалы, суу­сунун тунуктугуна, тазалыгына карабай байырлаган бир балыгы же өскөн бир балыры да жок көлдөр, жолоочулар жок болуп кетчү эч жакка алпарбоочу жолдор, көрүмчүлөрү бар токойлор... Илимдин өсүп-өнүгүп жатканына жана изилдөө­лөрдүн жүргүзүлгөнүнө карабай, сырдуу жерлер дале табышмактарын адамдардан катып келет. Мындай сырдуу жерлер боюнча атайын энциклопедия түзүлгөн. Эмесе, ошол энциклопедиядан...

Куштар кулап түшчү өрөөн

Индиянын Ассам штаты жайгашкан Жатинга өрөөнү таңкалыштуу аймак. Ар жылы августта анда табышмактуу феномен, башкача айтканда, түн ортосунда асмандан куштардын кулап түшүшү күтүлөт. Изил­дөө­чүлөр­дүн берген маалыматына таянсак, канаттуулар кулап түшкөндө жарым-жартылай акыл-эсин жоготкон абалда болушат жана адам колуна алганда учуп кетүүгө аракет да кылышпайт. Индиялык зоолог Сенгут мындай көрүнүштү узакка изилдеген соң “куштардын кулап түшүшүнүн себепчиси геофизикалык аномалия (нормадан четтөө) жана абанын өзгөчө абалы болуп эсептелет” деп жыйынтык чыгарган. Аталган себептер канаттуулардын нерв системасына таасир этет имиш. Бирок, бул азырынча болжол гана. Алдыда эксперименталдык изилдөөлөр турат.

Ырдоочу таш

Американын Калифорния штатындагы Мохаве чөлү да табышмактуу жайлардын бири. Чөл дөңсөөлүү болбогондуктан, бети тегиз келип, таштактуу. Сансыз таштардын ичинде пирамиданы элестеткен бир чоң моло таш бар. Ал индеецтердин апачи уруусунун ыйык делген ташы. Таштын аты Учеакуочуке (Ырдоочу таш). Ай толгон түнү уруунун башчылары, аксакалдары моло ташка келип, анын түбүнө жакын орун алышып, жыттуу өсүмдүктөрдүн чырпык, бутактарынан от жагышат. Качан түтүн ташты чулгап калганда таш ырдай баштайт. Тагыраак айтканда, шыбыраганга окшош үн чыгарууга өтөт. Бул үн апачилер үчүн чоң мааниге ээ. Анткени, алар «аскада жашаган ата-бабалардын арбактары урпактарына кеңеш берип жатат» деп эсептешет жана ал үндү түшүнүүгө аракеттенишет. Аталган ташка жетүү жана аны көрүү бактысы айрым гана бир туристтерге буюрулган. Себеби, ырдоочу ташка баруучу жолду, көрсө­түүчү белгини көзгө көрүнбөгөн күчтөр туура эмес багытка буруп коюшат.

Үн салуучу аска

Алматыдан алыс эмес жерде, Или дарыясынын жээгинде легендарлуу ырдоочу тоо турат. Тоого чыгып чуркасаң эле тоо үн чыгара баштайт. Алгач акырын, анан катуураак, эң акырында көптөгөн чакырымга чейин угула турган катуу үн чыгарат.

Кудай Бхайрабинин кудугу

Индиянын түндүгүндөгү ыйык делген легендарлуу жай. Маалыматтарга караганда, кудуктун түбүн дайыма туман каптап турат. Мындан тышкары, элдин сөзү боюнча, кудуктун тегерегинде көпкө болгон адам жана жаныбарлар көз жумушат. Физиктер изилдешип, мындай көрүнүш­түн сырын чече албай келишет.

Жылып жүрүүчү таштар

АКШнын Калифорния штатындагы “Өлүм өрөө­нүндө” таңкалыштуу жана табышмактуу көрүнүш­төр жолугат. Андай көрүнүш­төр­дүн бири – өрөөндөгү соолуп калган көлдүн ордундагы жылып жүрүүчү таштар. Бул атактуу таштар бир сутка ичинде ондогон метр аралыкты багындыра алышат. Таштар көлөмдөрү боюнча айырмаланышат. Араларында кичинекей таштан баштап салмагы жарым тоннага чейин жете тургандары бар. Мындай таштарды алгач изилдеген окумуштуулар “таштар шамалдын таасири менен жылса керек” дешкен. Бирок, бул болжол ишенимдүү болбогондуктан, табышмактын сыры ачылчу убакка али көп бардай.

Адам абада асылып калчу көл

Салантина – Аргентинадагы чоң эмес көлмө. Көл жана көлдүн тегереги аномалдуу болуп эсептелет. Анда болуп келген эс алуучулардын айтымына караганда, кээде адам көлгө сууга түшкөндөн бир нече убакыттан соң салмаксыз абалга өтөт да, абада 3 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп калат. Болгондо да кээси 20 секунд абада асылып калса, кээлери 30 мүнөткө чейин абада калкып калышат. Бир адам буга кызыгып, күндө сууга түшүп, абада бардыгы болуп 5 ирет калкыган. Көлдүн табышмагы азырынча сыр бойдон калууда.

Ванда көлү

Ванда – Антарктиданын тоосундагы таңкалаарлык табигый көлмө. Көп метр­лүү муздун катмарынын алдындагы көлдүн суу­сунун температурасы +30 градуска жетет. Суу кандайча ысый тургандыгы азырынча окумуштууларга белгисиз. Бирок, аныктамасы жок болсо да, “көлмөнүн түбүндө бөтөн планеталыктарга тиешелүү энергия булагы бар” деген имиштер айтылып келет.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 243, 29-июнь-5-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан