“Манастын уулу Семетей” тасмасынын тегерегиндеги чуу тасма тартыла электе эле башталган. Ага карабай тасма тартылып бүтүп, эл сынына коюлду, ызы-чуунун аягы тыйыла элек. Мактоолор да, сындар да айтылууда. “Башка өлкөлөргө уят болобуз” деп тасманы элге көрсөтүүгө кескин каршы чыккандар да бар. Айтылып жаткан сындар негиздүүбү? Аргументтер канчалык бекем? Көпчүлүктүн оозунда турган айрым суроолорго тасманын продюсери, сценарист Өмүрзак Төлөбековдон жооп алдык.
– Өмүрзак мырза, саламатсызбы? Коомчулукта, анын ичинде социалдык желеде “Манастын уулу Семетейге” карата айтылып жаткан сындарга сиздин жоопту угалы дедик.
– Саламатчылык, макул.
– “Тасма талапка жооп бербейт. Манастын өзөгүн бузганга эч кимдин акысы жок. Кинонун тили, стили жок” деген пикирлер айтылууда...
– Тасмабыз чыккандан кийин баягы эле айрым “достор” фильмди токтотуу талабын коюшууда. Жалпы эл тасма тартылабы, жокпу, иши деле жок. “Чыкканда көрөбүз” деген ойдо турушат. Жок, булар добулбас кагышты, “тартылбасын!” дешип. Тартылганда “токтотулсун!” дешти. Тасма тартылып бүткөндө “көрсөтүлбөсүн!” дешти. Кол топтоого да аракет кылышып, натыйжа чыгара алышпады. Ошентип тасма чыкты, эми, буюрса, жамы журт жабыла көрүп, пикирлерин билдиришет. Аны күтпөй эле кайрадан добулбас кагып киришти. Фильмге асылгандар кимдер? “Манасты” мурдагы калыбында айтып, ал вариант мээлерине жедеп сиңип бүткөн айрым манасчылар, тасмага колдоо көрсөткөнү үчүн азыркы бийликтин оппозициясы, Манас бабабыздын душмандарынын тукумдары. Ал сынчылардын башкы дооматы – “эпос бурмаланган” дешет. Кайсы жери, кантип бурмаланыптыр? Так жооптору жок. “Тайторуну чапканы бурмаланган” дейт, мисалы, манасчы Байгазиев. Тайторуну чапканы да, дээрлик көпчүлүк сценалар Кыргыздын көйкашка таланты Жалил Садыковдун 40 жыл сахнада коюлуп, элге сиңген, журт жабыла кабылдаган драмасынын негизинде кинолоштурулду да. Аны бурмалап, бузуш кимге зарыл?! Куру доомат, жалаа.
– Демек, сындар негизсизби ошондо?
– Тасма баш калаадан башталды. “Манас” үчилтигин жалаң эпос боюнча элестеткен айрым манасчылар жана “Манасты” билимиш болгондор кинодон бүтүндөй эпосту талап кылышып, сындарды жаадырышты. Биринчиден, кино – эпостун негизинде сахналаштырылган драманы экрандаштыруу. Эпос пьесага айланганда өзгөрүүгө учурайт. Пьеса киного айланганда тасманын талаптарына ылайык дагы өзгөрөт. Ошону айрымдар билмексен болушуп “эпосту бузуп, бурмалаган” деп айыпташууда. Идея, маани бурмаланган эмес, айрым окуялардын берилиши гана өзгөрүүгө учураган. Бул – кино. Манасчылар, манас таануучулар, тарыхчылар, анча-мынча коомдук ишмерлер кино өндүрүшү боюнча адис эмес.
Стиль демекчи, кинодон кабарсыз немелерге сөз жок. Стиль дегенди биринчи кинорежиссёр Таалай Кулмендеев айткан, аны манасчылар баш болуп биздин оппоненттер жаттап алышыптыр. Кайсы стиль, эмне стиль? Өздөрү деле түшүнбөйт. Аны айткан Кулмендеевдердин “стиль менен” тарткан кинолорун эл көрбөй коюп, жоголду го.
– Актёрдук курамга да көп сындар айтылды. Өзгөчө Семетейдин ролун аткарган актёрдун өң-келбети ылайыксыз, баатырдын образын ачып бере албаптыр дегендерге жообуңуз...
– Актёрдук ансамбль күчтүү – Темирлан Сманбеков, Калича Сейдалиева, Азиз Мурадиллаев, Альбина Имашова, Эшенкул Барпиев, баары мыкты аткаруучулар. Булардын ар бири өз ролдорун ийине жеткире аткарышканын биздин жана чет элдин кино адистери белгилеп жатышат. Семетейдин ролуна буга чейин киного тартылбаган кино сүйүүчү, актёр болгусу келип даярданып жүргөн калк ичиндеги элдик талант Нурлан Мурат уулун чакырдык. Дене келбети келишти. Аткаруучулугуна режиссёрлор көмөктөштү.
– Ошондой эле тасмадагы Манастын ордосу, каармандардын кийимдери, жер дүңгүрөткөн массовка, масштабдын жоктугу, тасмадагы аттардын арык-семизи да көңүлдү бурду...
– Кинонун эрежелеринен бейдарек үчүн бири “аттары арык” десе, экинчиси “хан ордого аз боз үй тигилиптир” деген өңдүү майда-чүйдө дооматтарды тагышууда. Ушундай майда-баратты чукушканда ыраматылык Төлөмүш Океев жооп кайтарчу экен, мисалы, ат тууралуу сын айтылса, “сен аттын арык, семизин карабай, кинону кара, кинону көр” деп. Эл кинодо окуяны кууп, аткаруучунун оозунан чыкчу сөзгө назар таштайт. Айрым сынчылар “мына, бул сцена начар, боз үй аз, актёр башка болсо болмок...” деген сымал кичине бирдемени таап алышып, тим эле чоң кемчилик тапкансып эдиреңдешет. Анан дагы “сценарий чийки, стиль жок, актёрдук ансамбль жок” дешкендеричи. Сценарий кашкайган талант Жалил Садыковдуку, аларчылап куру ооз кергендердики эмес, биз болгону кинолоштурдук.
Ооба, кемчиликтер бар. Дүйнө элинин элегинен өткөн даңазалуу тасмаларда да мүчүлүштүктөр кетет. Биз Кыргызстан ири державаларга салыштырмалуу чакан, жарды мамлекетпиз. Кымбат фильмдерди тарткан өлкөлөрдөй бир тасмага жүз миллиондогон доллар бөлө албайбыз. Антсе да корунбай, чочубай эл аралык аренага чыгууга жарамдуу фильм тартканыбызды эл аралык кино адистери тастыкташууда.
– Манас үчилтиги Кыргыздын улуу мурасы, таянар тиреги да. Тасмага карата реакцияны “жакшы болсун, башка элге уят болбойлу, маданиятка көлөкө болбосун” деген этияттоо, чакырык катары кабыл алыш керек эмеспи?
– Биздин атаандаштарыбыз, оппоненттерибиз негизинен Бишкекте. Ошон үчүн кино баш калаадан башталганда нааразылар бир бурк этишти. Манасчылар баштаган маданий топко оппозициялык саясатчылардын жоон тобу кошулду. Алар азыркы бийлик жакшы жумуш жасаса деле “болбойт, начар, өлдү” деп түкүрүнүп чыгышкандар. Ошолор башка орундуу себеп таба алышпай “эпосту окугандар жактабай, бул кинону аны окубагандар колдоп жатат” деп добулбас кагышты. Биз эпосту бузуп, элибизди басмырлоо эмес, тескерисинче, эпосубуз менен элибиздин маданиятын даңазалоого жан талашып жатабыз. Тасмабызды буга чейин көптөгөн эксперттерге, аттуу-баштуу, эмгек сиңирген коомдук жана маданий ишмерлерге көрсөтүп, пикирлерин укканбыз. Алар жогору бааларын беришип, “Манастын уулу Семетей” элибизге абдан керектүү, маанилүү, салмактуу тасма болгонун, эл аралык аренага чыгып, Кыргыздын байрагын бийик көтөрүүгө жарамдуу экенин айтышты. Чет өлкөлүк кино адистери да эл аралык стандарттагы тасма жаралганына кубанганын жашырышкан жок.
Сын айткандар – азчылык. Көпчүлүк эл эми көрүп, баасын берет. Эл калыс, эл тараза. Биз да сурамжылап, элдин пикирин билип турабыз. Буюрса, бир аз мезгил өтсүн, “Манастын уулу Семетей” элибиздин татыктуу, баалуу чыгармасына айланарына бекем ишенем.
Орусия, Түркия, Кытай, Түштүк Корея, Казакстан өңдүү өлкөлөрдүн киночулары менен иштешип, тасмабызды эл аралык аренага алып чыгууга аракет кылуудабыз. Чет өлкөлүк интернет (ред.: стриминг платформа) жана телеканалдар менен кызуу кызматташып жатабыз.
Перизат Музуратбекова