КАРА БҮЛДҮРКӨН: 1 ТҮПТӨН 20 КИЛОГРАММ ТҮШҮМ

Кыргызда “эр эмгегин жер жебейт” дейт. Заманга жараша дыйканчылыктын да чек арасы кеңейип, мөмө-жемиштин улам жаңы, түшүмдүү жана кирешелүү сорттору чыгып жатканы белгилүү. Дыйкан Кубаныч Боруев “кыргыздар жер иштетип деле бутка турса болот, сөзсүз эле мигрант болуп чет жерге чыгып кетиш шарт эмес” дейт. Мындан 3 жыл мурун тиккен кара бүлдүркөнү учурда түшүм берип жатыптыр. Кара бүлдүркөндү тигүү, өстүрүү сырлары менен бөлүштү.

“Бизде кара бүлдүркөн тиккендер аз”

– Кичи мекеним – Баткендин Кадамжай районундагы Орозбеков айылы. Мындан бир нече жыл мурун Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылынан 1 гектар жерди досум экөөбүз ижарага алып, бадыраң эгип саттык. Кийинки жылы ошол жерди сатып алдым да, 3 жыл ижарага бердим. Андан кийин жерди өзүм иштетмек болуп, эмне тиксем деп ойлондум. Кыргызстанда кара бүлдүркөн (ежевика) тигип, бизнес кылгандар өтө аз экенин билип, ошону тигейин деп чечтим. Күн-Туу айылындагы бирөөдөн кара бүлдүркөндүн тикенексиз лох тей сортунун 1500 түп көчөтүн сатып алып, 30 сотых жерге тиктим. Ар бир көчөттү 70 сомдон алдым. Ал адам кара бүлдүркөндүн көчөттөрүн Европадан алып келип көбөйткөн экен. Кийин дагы тигип, бүлдүркөн аянтын 1 гектарга жеткирдим.

Врачтардан сураштырдым, кара бүлдүркөн ич катуудан арылтып, зааранын калыптагыдай бөлүнүп чыгышын шарттап, түйүлдүктүн майып төрөлүшүнүн жана рактын алдын алат экен. Андан тышкары жүрөк-кан тамыр системинин иштешин жакшыртып, оорудан кийин бат калыпка келүүгө салым кошот дешти.

“1 жолу тигип 22 жыл түшүм аласың”

– Кара бүлдүркөн 3 жыл дегенде мөмөлөп түшүм бере баштайт. Лох тей сорту 30 жылга чейин жашайт. 5-жылдан тартып 16 жыл тынбай мол түшүм берет. Бул сорт Англиядан чыгарылган, бою 4,5-5 метрге чейин жетет. Жакшы карап-бакса 1 түбү 20 килограммга чейин түшүм берет. Мөмөлөрү чоң-чоң болот. Өткөндө бышкан мөмөлөрүн таразага тартып көрсөк, бир даанасы 5-15 граммга чейин чыкты. Ташууда бат бузулуп кетпейт, мөмөлөрү чоң-чоң болгондуктан сатыкта жакшы өтөт. Ооруларга жана зыянкечтерге туруктуулугу жогору. Көчөттөрү жазда, күздө отургузулат.

1 гектар жерге тигип-өстүрүү чыгымы

1-жыл: тигүү

Көчөт – 4000 x 70 сом = 280 000 сом.

Жерди айдатып, малалатуу – 20 000 сом. Жер жумшак болушу үчүн 2-3 сыйра айдатуу керек.

Көчөт тигүү (20 адамды жалдап иштетүү) – 20 000 сом

Кык – 4000 сом. Көчөттөрдүн ар биринин түбүнө жок дегенде 200 грамм чачуу керек. Кыктын ордуна биогумус колдонсо болот.

1 жолу сугаргандан кийин тамырлары жерге отурукташат. Анан жер менен жер кылып сабактарын түбүнөн кыркып, үстүнө кышта үшүк албашы үчүн жыгачтын таарындысы чачылат. Ошону менен кыштайт.

Таарынды – 3500 сом

Жалпы чыгым – 327 500 сом

Каражатым аз десеңиз, адегенде чакан аянтка, 5-10 сотыхка деле тиксеңиз болот. Аны тергенге, чөбүн отогонго үй-бүлө мүчөлөрү жетишет. Айылда жашагандар кык сатып албайт, короосунан чыгат. Ошентип акырындап түшүмүн сатып, түшкөн акчаны кайра өзүнө жумшап аянтты чоңойтуп 1 гектарга жеткирип алсаңыз, киреше алууга даярдана бересиз.

2-жыл: карап-багуу

– Күзүндө тигилген көчөттөр жазында көгөрүп, өсө баштайт. Бул жылы түшүм бербейт. Түбүнөн ным кетирбей сугарып туруу зарыл. Бул үчүн тамчылатып сугаруу системин орнотуу керек. 1 сезондо оорулары жана зыянкечтерине каршы дары жана жалбырагынан азыктандуруучу каражат 3 жолудан чачылып, чөбү 5 ирет отолот. Көчөттөрдүн бою өсө баштагандан тарта аларды өйдөгө асып байлоо үчүн металл казык жана зым сатып алуу керек. Зым 3 катар тартылат. 1 сезондо кара бүлдүркөндөрдү 2 ирет асып байлоо кажет. Кеч күздө байланган бүлдүркөндөрдү чечип, жерге жаткызып, үстүнө агроволокно (спанбонд) жабылат. Агроволокнону бир жолу сатып алып, 5 жыл колдоно аласыз.

Чыгымы

Би 58 лайт (зыянкечтерге каршы дары) – 1,5 литр = 1275 сом (1 литри 850 сом)

Бордос суюктугу (ылаңдоого каршы дары) – 7300 сом

Гумин (жалбырагынан азыктандыруучу каражат) – 3 литр = 3000 сом (1 литри 1000 сом)

Металл казык 1000 даана = 300 000 сом

Зым 15 000 метр = 200 000 сом

Бүлдүркөндөрдү 2 ирет асып байлатканга жумушчу жалдоо
40 000 сом

5 жолку отогонго жумушчу жалдоо – 100 000 сом

Агроволокно – 350 000 сом

Жалпы чыгым - 1 001 575 сом

3-жыл: 3 тонна түшүм

15-20-апрелде үстүн ачып, бүлдүркөндү зымдарга асып байлайбыз. Ылаңына жана зыянкечтерге каршы каражаттар сезон ичинде 3 жолудан чачылып, 3 ирет жалбырагынан азыктандыруучу каражат берилет. 3-жылдан тартып чөбү сезондо 3 жолу отолот. Июлдун 20ларында бышып баштап, терим 2 ай жүрөт. Түшүмдү Бишкекке, Казакстанга, Орусияга алып кетишет. Тиккенден кийинки 3-жылы 1 гектардан болжол менен 3 тоннадай түшүм алынат. Килограммын 100 сомдон дүңүнөн сатканда 300 000 сом киреше түшөт.

Кеч күздө байлоосун кайра чечилип, үстүнө агроволокно жабылат. 4-жылы жогоруда айтылган иштер кайталанат. Адистин айтымында, бул жылы түшүм 10-13 тоннанын тегерегинде болот. 5-жылдан тартып жакшы карап баксаң 1 гектардан 30 тоннага чейин түшүм ала аласыз. 30 тонна - бул орточо 3 миллион сом киреше.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан