“ЧЕК АРАЛАР АЧЫЛСЫН, АЛДАГЫ СЕНИН АҢЫРАЙГАН ООЗУҢДАЙ...” Кыргыз-Казак айтышы...

30-31-август күнү эгемендүүлүк майрамын жана Кыргыздын залкар акыны Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесин Улуттук филармонияда төкмө акындар менен чогуу тостук. Эл аралык 15-айтышка Кыргыздан Жеңишбек Жумакадыр, Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Баян Акматов, Акматбек Султан уулу, Мамбеттокто Мамбеторозо уулу, Чыңгызхан Кожошов, Казактан Сагыныш Смет, Аспанбек Шугатаев, Алтынбек Ибрагимов, Данияр Алдаберген, Сырым Ауэзхан, Мурадым Мирланов, Биржан Байту, Айтпай Жумагулов катышты. 30-августта жарым финал, 31-август күнү финалдык айтыш болуп, Замирбек Үсөнбаев даңкталды, ага каалоолор жамгырдай жаады. Айтыштын каймактуу жерлерин калпып берүүгө аракет кылалы.

“Кумтөрдү” тартып алдыңыз, эми Каркыраны караңыз”

Жарым финалдын алгачкы жубу Азамат Болгонбаев менен Казакстандан келген жалгыз айым акын Сагыныш Смет болду. Экөө бир аз кыз-жигиттин айтышына окшоштурууга аракет кылышты, бирок... Жеңишбек Жумакадыр менен Айнур Турсынбаеванын айтыштарынын планкасынан карап алдымбы, айтор, булардыкы анча окшободу...

Экинчи жуп Баян Акматов менен Айтпай Жумагулов болду. Казак акыны ырын Орусияда каза болгон 14 жараныбызды эскерип, көңүл айтуу менен баштады. Көзүнөн жаш тегеренип кеткендей да болду. Теманы улай “жамы казак-кыргызга, жат болсун андай жактары” деп Баян акын жакшы тилегин айтып өттү. Айтпай мырза “Садыр баатыр эмеспи “Кумтөрдү” арстандын оозунан тартып алган” деп өлкө башчыбызды Манаска теңеп мактап жиберди.

Айтыштын кызыгын ачып, залды жандандыргандар – Аспанбек Шугатаев менен Асылбек Маратов болду. Аспанбектин өзгөчө образы дагы далай айтыштарга тема болуп берет өңдөнөт. Бул ирет да Асылбек Маратов "артынан карасаң аял кишидей көрүнөт" деп атаандашынын үкү тебетей кийип алганын тамашалады. Анан экөө чек ара, депутаттар, ошол күнү футбол ойногон өлкө башчысы тууралуу кеп козгошту.

Кийинки жуп Биржан Байту менен Амантай Кутманалиев. Улуу муундагы акын чыкса атаандашы “карыдың, пенсияга кетпейсиңби” дей беришет эмеспи, Амантай акынга ушул кеп көп айтылат. Саргашка акын “жаштар кары дей берип картайып баштадым” деп кейиди.

Мамбеттокто Мамбеторозо Мурадым Мирланов менен чыкты. Жай ыргакта обон созгон Мурадым акын залда отургандарды уктатып сала жаздады эле, Мамбет мырза заңкылдап ырдап көрүүчүлөрдү ойготту. Мамбет акын “Каркыраны, казагым, эми кыргызга качан бересиң?” деп боордошторго кайрылып, “Кумтөрдү” тартып алдыңыз, эми Каркыраны караңыз” деп өлкө башчысына да кулак кагыш кылып өттү. Казак акыны “сыйлап ырдасаң берем” дегендей тамаша кылды эле, “сыйласа сыйлап ырдайын, эл үчүн жаным садага” деп казак акынына бир катар жакшы сөздөрүн арнады. Анан экөө ээрчишип алып залда отурган Замирбек Үсөнбаевге барып учурашып, батасын алышты. Мурадым Мирланов Замирбек агайга өзү кийип жүргөн чапанын жапты. Мамбет акын “атама жапты чапанын, мен баласы болуп жабайын” деп Мурадым акынга өз чапанын кийгизди. Алпаруучу айткандай, булардыкы “по понятиям” айтыш болду көрүнөт.

Жеңишбек Жумакадыр жана Сырым Ауэзхан. Бул жуп токтоно албай, алпаруучунун эскертүүлөрүнө карабай 45 мүнөт айтышты. Негизи 20 мүнөттө бүтүшү керек эле. Анын да себеби бар, экөө тарыхка кирип, бири экинчисине тийишип алды эле, жооп кайтарам деп жатып айтыш узарып кетти. Сырым Ауэзхан Жеңишбек акын айткандай, эки жагын карабай кичине секирип алды.

Сырым акын “чалдар кеткиле” дегендей кылып тийишти эле, Жеңишбек мырза “өткөндө да Амантайды чал деп ырдаган. Эми чал кет дегениңе да түшүнөм, силер тажадыңар да чалдардан” деп таамай сокту. Андан ары “өзүмдү карыдым деп ойлобойм. Абийирим кетип калат деп жарышка түшпөй койгондой, мен эмесмин Хабиб менен Балгынбек” деп калыстар курамында отурган казак акыны Балгынбек Имашты да чымчып өттү. Жеңишбек акындын юморун, адамдын кебетесине карап укмуш төгөрүн ким билбейт? Чек ара көйгөйүн каршылашы Сырым Ауэзхандын жыйылбаган оозуна салыштырды. “Чек аралар ачылсын, алдагы сенин аңырайган оозуңдай” деди эле, зал күлкүдөн бир жарылды.

Сырым акын да токтоп калган жок. Тарыхтан мисал келтирем деп Арстанбек менен Сүйүнбайдын айтышынан кеп козгоду эле, автомат акын дагы катыгын берди: “Кыйын болуп кетти дейсиңби, кайдагы жалган тарыхты айтып бакылдап ырдап турса эле. Илимпоздору баш болуп Кыргыздын тарыхын уурдап келишип өздөрүнө жазып жатышат. Анан Сүйүнбайды жеңген Арстанбек бабамды тескеринче ырдасаң аябай ичим ачышат” деди. Анан устаты Замирбек Үсөнбаевди куттуктап төктү.

Бул күнкү айтышта Жеңишбек Жумакадыр, Асылбек Мартатов, Мамбеттокто Мамбеторозо, Баян Акматов, коноктордон Айтпай Жумагулов, Данияр Алдаберген, Аспанбек Шугатаев жана Алтынбек Ибрагимов финалга өттү.

Мамбет акын үйлүү болдубу?

Финалдык айтыш Мамбет акын үйлүү болобу же болбойбу деген темада кызыды. Жеңишбек акын “бүгүн залкардын күнүбү же Айтпай менен Мамбеттин үйүбү?” деп тамаша кылды. Кептин жайы мындай: Мамбет акын менен кез келген Айтпай Жумагулов “Кытайдан келген акынга чоңдор үй берсе экен. Алар бир жылда үй бербесе, анда ага Казакстандан мен үй алып берем” деп ырдап, бул тема финалдын аягына чейин акындарга эрмек болду. Финалдагы Жеңишбек Жумакадырдын ырдаганын, ага зал шатырата кол чаап отурганын айтпаса болбойт. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайын деп автомат акын залда отурган чиновниктерге тийишип, өлкө башчысына айта баргыла деп элдин көңүлүнө жага турган саптарды төктү. Кыргыздын чиновниктерин тойбос, опкок деп сыпаттады. “Кең Бишкекти карачы, тилибиздин кадырын өйдө көтөргөн касиеттүү бир сөз жок. Кыргыздын борбору деп ким айтат?” деп эне тил маселесин, “Илимге мурдун чүйрүп, интернетке үңүлүп, пайдаланып жатабыз, бирок таанытып толук окубай, талаадагы бирөөнүн таштандысын казабыз” деп эң орчундуу көйгөйдү көзгө сайды. Президент Садыр Жапаровго кайрылып буларды төктү: “Аңгекке барып түшүрөт, айланаңызга айтыңыз. Кооз сөздөргө ишенбе деп, коңгуроо кылат калкыңыз. “Кумтөрдү” алдыңыз, эми Каркыраны да алсаңыз, бийиктейт дагы баркыңыз. Үзөңгү-Куушту айта албайм. Кытайга карыз болгон соң, тилибиз кыска, жартыбыз. “Жетим-Тоо” кени боюнча, кезеги келгенде кеңешин берер калкыбыз. Эл каргышы ок болот, эч чыкпасын калпыңыз. Ээрден ооп кетпесин, элге берген антыңыз”...

Каршылашы Данияр Алдаберген Жеңишбек акындан “айтыштарга көп катышпай калдыңыз” деп сурады эле, “Мен айтышка катышып, баш байге алгандан кийинки жылы эле президенттер бийликтен куулуп кетишет... Силерде оппозиция болсо мени менен байланышсын, айтыш өткөрүп мага баш байге берсеңер, маселеңер тез эле чечилет” деп юморлуу жооп узатты. Булардын айтышы, алпаруучу Мирлан Самыйкожо айткандай, килемден чаң чыгарды. Соңунда Данияр Алдаберген Жеңишбек Жумакадырга чапанын жапты эле, “мен дагы өзүмдүкүн берейинчи, жылаңач кетиргеним уят болот” деп өз кемселин ага жапты.

Айтыштын жыйынтыгында 3-орунду Алтынбек Ибрагимов, Асылбек Маратов ээледи (байгеси 100 миң сомдон). 2-орун Аспанбек Шугатаев менен Мамбеттокто Мамбеторозого буюрду (байгеси 125 миң сомдон), 1-орунга Данияр Алдаберген менен Баян Акматов чыкты (байгеси 200 миң сомдон). Баш байгени Жеңишбек Жумакадыр менен Айтпай Жумагулов ээлеп, 350 миң сомдон акчалай сыйлык алышты.

Айтыштын этегинде Замирбек Үсөнбаевге куттуктоолор айтылып, сыйлыктар тапшырылды. Анын Кыргыздын улуу инсаны, төкмөлөрдүн устаты, деми, сыймыгы экени дагы бир жолу даңазаланды. Кыргыз элинин залкары Замирбек Үсөнбаев бир аз сыркоолоп жүргөнүн айтып, “мага эң жакшы дары – бул кыргыздын деми” деди. Алп төкмөнүн оорубай жаркылдап арабызда жүрүшүнө тилектешпиз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан