КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Айсара көптөн бери турмуштан жапа чеккен аялзатына колдоо көрсөтүп, жардам берүүчү борбор ачкысы келип жүргөн. Акыркы күндөрү бул оюн даана бышыктап, Тимурга айтууну туура көрдү. Кечки тамак желип бүткөндө сөз баштады.

– Тимур, мен бир топ убакыттан бери үйдө отурам, бир ишкерлик менен алектенгим келип жүрөт.

– Ишкерлик менен?- деп Тимур суроолуу карады.

– Эми үйдө отура беремби, жөн эле жүрө бергенден тажадым, мен деле коомго пайдалуу бир иш кылайын да,- эркелей сүйлөдү Айсара.

– Коомго кандай пайда келтиргиң келип жатат, кана айтчы, оюңду угуп көрөйүн,- Тимур жубайынын эркелегенине жибий сүйлөдү.

– Мен турмушунан жапа чеккен кыз-келиндерге колдоо көрсөтө турган борбор ачкым келип жүрөт. Бул менин көптөн бери бышырып жүргөн оюм. Ал жакта психолог болот, кыйналып кайда барарын, кимге башын жөлөөрүн билбей турган аялдар менен иштешет. Бара турган жери жок калгандарга бөлмөлөр болот. Алар ошол жакта өзүнө келгенче күн кечиришет...- кыз берилүү менен оюн айтып жатты. Тимур ушул кезде Айсаранын акыл топтоп, кыйла токтолуп калганын байкады.

– Оюң жакшы экен, берекем, бирок сага мунун эмне кереги бар? Ар ким өз тагдырына баш ийип жашай берсин. Эмне кыласың аларга энергияңды, убактыңды жумшап? Андан көрө ден соолугуңду кара, балалуу болууну создуктурбашыбыз керек. Мен ансыз да ал күндү канчадан бери күтүп келе жатам?

– Балалуу болбойм азырынча деген жокмун го. Сен дайындап койгон клиникага баргам, толук текшерүүдөн өттүм. Мына, бүгүн акыркы анализдин жыйынтыктарын алдым,- Айсара Тимурдун жанына келип отуруп колундагы кагаздарды көрсөттү.

– Эмне дейт анан?

– Врач “сенин ден соолугуңда баары жайында, жолдошуң дагы текшерүүдөн өтсүн” деп айтты. Эми Кудай буюрган күнү болот, берерин унутпасын. Иш үчүн балалуу болууну артка жылдыра турайын деген деле оюм жок. Ал күндү мен деле күтүп жатам,- деп кебин жыйынтыктай Тимурдун көкүрөгүнө башын жөлөдү.

– Ошол күндү күтүп жатканынан го,- Тимур кызды көтөрүп айлантып жиберди. Кызды ушунчалык жакшы көрөт, анын ар бир кыймылына, ар бир кылык-жоругуна эзиле берет. Анын жанында турганда гана эмес, жумушундабы, кайда жүрбөсүн Айсараны эстегенде жүзүн себепсиз жылмаюу уялайт. Акыркы күндөрү андагы бул көрүнүштү айланасындагылар дагы байкачу болду.

ххх

Бишкектен алыстаса эле бир нерсесин жоготуп алчудай болуп, узакка эч жакка кетчү эмес Нурзат. Азыр кадимкидей өзүн эркин куштай сезип, кайда болбосун кетүүгө даяр. Мурдагыдан өзгөрдү, жан дүйнөсүндө сапырылган санаа, ызырынган ыза эмес, тынчтык уялап калганын өзү дагы сезип, жашоосуна ыраазы болуп жатты. Нурзат Европага саякат үчүн визага документ тапшырган эле. Бүгүн анысын алып, кубануу менен Эрмек Таировго келди. Эгер Нурзаттын мурунку кези болгондо мындай нерселер аны кубандыра алмак эмес. Ал кубануу, ар бир учурдун даамын сезүүнү, бактылуу болууну дээрлик унутуп калган эле. Ал имаратка тыкылдай басып кирип келип, Эрмек Таиров деп жазылып турган каалганы тыкылдатты.

– Кир,- деген үн чыкты.

– Саламатсызбы?

– Саламат, жаркылдап кайдан келе жатасың? Чач жасалгаң жакшы жарашыптыр,- деди төрдө отурган киши.

– Сиз менен кубанычымды тең бөлүшкөнү келдим.

– М-м, кана айтчы ал кандай кубаныч?

– Европага виза берилди, чукул арада кетем.

– Оо, кандай жакшы. Азаматсың, мына жашоону ушинтип жаркырата жашаш керек. Кейип-кепчий берсең жашоо ушунчалык татаал сезилет, баарын жеңил кабыл алсаң жашоо жеңил эле. Чечилбеген маселе жок, болгону аракет кылып коюш керек, баары өз убагы менен чечилет. Өзүң байкадыңбы, жашоо сен ойлогондон канчалык жеңил экенин?

– Ананчы, сиз менен иштешкенден бери кадимкидей жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Мен мурунку өзүмдү бир караңгы бөлмөдө сыртка чыгууга эшик таппай дубалды сүзгүлөп, кыйналып жүргөн бир туткунга салыштырдым. Мен сизге абдан ыраазымын, психолог десе эптеп бирөөнүн кайгысынан акча тапкысы келгендер деп ойлочумун. Акча деп алкымын ачпаган сиздей чыныгы адистер бар экенине ишендим.

– Акча дечи, андайлар да көп. Мен үчүн акча эмес, канча адамга чындап пайда тийгизгеним маанилүү. Психолог ток пейил болуш керек. Жулунуп-жутунуу бул менин деңгээлим эмес.

– Сизге ыраазычылыгым болсун, муну алып коюңуз,- Нурзат алып келген белегин сунду.

ххх

Марат “болду, ушуну менен ичпейм” деп өзүнө миң убада берет. Бир топ күн оокатын кылып, жумуштан колу бошобой жүрүп калат. Кайра эле ичип алат. Канча аракет кылса дагы эркин башкарууга күчү жетпей баратты. Балдары буга дагы көндү, атасы жок күнү экөө өз курсагын тойгузушат. Айылдагы туугандарын дагы таанып алышкан. Үйдөн курсак тоёр тамак-аш таппай калса экөө ээрчишип алып аларды эркелетип, тамак-ашын берген туугандардын үйүнө жөнөшөт. Өткөндө курсагы ачкан экөө ээрчишип аркы көчөдө жашаган бирөөнүн үйүнө барышкан, мурдуна эч нерсе илинген жок. Сыртта балдар менен ойноп жатып күүгүм киргенде кайра үйүнө кетишкен. Бүгүн дагы атасы жок, улуусу ашкананы карап жегенге эч нерсе таппай койду. Кеч кирип калган маалда кошуна жашаган аяш атасыныкына кирип барды.

– Ой, кел, кичинекей баатыр, эмне кылып жүрөсүң?

– Аскар ата, нан берип туруңузчу, атам жок, курсагыбыз ачты,- деди бала жалдырай карап.

– Атаң кайда кетти?

– Билбейм, түштөн бери үйдө жок. Камыр бар үйдө, бирок бышырганды билбейм да,- деди бала өзүн күнөөлүү сезе.

– Камыр бар дегениң кандай?- киши баланын тилине кызыгып суроо берди.

– Камырчы? Нан жасаган, ошол столдун үстүнө жатат,- бала бул нан береби дегенсип карады.

– Сезим, Сезим, тур Мараттыкына барып келчи. Камыр бар дейт, алып келип нан жаап берчи буларга,- деп кызына кайрылды.

– Сен болсо бөбөгүңдү ээрчитип бул жакка кел.

– Макул,- бала кубана үйүн көздөй жүгүрдү.

ххх

– Карлыгач акыркы учурда жыттарды жактырбай эле жүрөгү айлана берчү болду. Азыр дагы түштөнүп жатып тамактын жытына окшуп дааратканага чуркады. Көзү жашылданып келип калган Карлыгачты карап жанында отургандары:

– Ушу сенин боюңда бар эмеспи?

– Жок, сактанып жүрөм. Азыр иштешим керек, насыябыз бар, акча керек,- деди келин. Өзү пайдаланбаган бирөөнүн насыясын моюнуна артып алганын сезген жок.

Карлыгач өзү дагы күмөнсүп, бирок “болушу мүмкүн эмес” деген ой менен текшерүүгө батынбай жүргөн. Бүгүн жумушунан чыгып дарыканадан тест сатып алды. Үйдөн тесттин жыйынтыгын көрүп бир кубанып, бир түпөйүл тартып туруп калды. Байыш абдан кубанса керек деп ойлоду бир кезде. Сүйүнчүлөйм деп Байыштын келишин күтүп жатты. Бирок бул түнү Байыш үйгө келген жок. Түн бир оокумда телефонуна “бүгүн үйгө бара албай калдым, жумуш чыгып калды” деген билдирүү келди...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Айнура
2022-09-05 15:36:00
Карлыгач балдарын унутуп калган го.
+1
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан