Айдай Шабаева, сурдокотормочу: “ДҮЛӨЙЛӨРДҮН ТОЙЛОРУНДА, СОТ ИШТЕРИНДЕ КЫЗМАТ КЫЛАМ”

Сурдокотормочулук – дүйнөдөгү аз кездешчү кесиптердин бири. Соо адамдар менен дүлөйлөрдүн ортосундагы көпүрө. Каарманыбыз Айдай Шабаева сурдопедагог жана сурдокотормочу, бизге кесибинин сырлары тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

– Айдай, сурдокотормочулук кесипти кандайча тандап алгансың? Тандооңо ким же эмне түрткү болду?

– Мен мектепти бүткөн соң жогорку окуу жайга тапшырмак болдум. Мугалим болгум келген. Бирок келишимдик негизде окуганга шартым жок эле. Андыктан Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин дефектология факультетине тапшырып, бюджеттик негизде окуп, сурдопедагог адистигин алып чыктым. Окуу жайга тапшырып жатканда сурдопедагогика боюнча түшүнүгүм жок эле. Документтерди кабыл алып жаткан окутуучулар “силер угуу жөндөмүнөн ажырагандарды окута турган мугалим болуп чыгасыңар” деп түшүндүрүшкөн.

Мен окууну бүтүп, 2010-жылы Бишкектеги начар уккан жана угуу жөндөмүнөн айрылгандарга жалпы билим берүүчү жатак мектепке ишке орноштум жана азыркыга чейин ошол жерде башталгыч класстарды окутуп келем.

2015-жылы атайын курста окуп, юридикалык багыттагы сурдокотормочу сертификатын алдым. Ошондон бери сабак берүүдөн тышкары сурдокотормочулук менен алектенип келе жатам.

– Сурдокотормочулук каяктан, кантип жаралган? Дүлөйлөр менен баарлашууда кандай тил, ыкмалар колдонулат?

– “Сурдо” – байыркы латын сөзү, бизче “дүлөй” дегенди билдирет. Сурдокотормочу – кулагы жакшы укпаган жана тубаса дүлөй, кийин оорулардын айынан укпай калгандар менен соо адамдардын ортосундагы котормочу, көпүрө. Кулагы тубаса укпагандар сүйлөй да албай калат эмеспи. Башкача айтканда, дүлөйлөргө сөздөрдү кол жаңсоолор тили менен түшүндүрүп, кайра алардын ой-пикирин соо адамдарга жеткизүү.

Мурун көп кылымдар бою дүлөйлөр менен баарлашуу ыкмаларын издөө алардын туугандарынын, жакындарынын маселеси болуп келген. Убакыттын өтүшү менен түрдүү кол жаңсоолордун тили (язык жестов) түзүлүп баштаган. 18-кылымда Германия менен Францияда жакшы укпагандар жана дүлөйлөр үчүн алгачкы окутуп-тарбиялоочу мектептер ачылган. Аталган кылымда АКШда иштеген франциялык дүлөй окутуучу Лоран Клерк кол жаңсоолордун системин иштеп чыгып, аны башка жактарга тараткан.

Дүлөйлөр менен баарлашууда сурдокотормонун 2 түрү бар: кол жаңсоолор жана белгилер тили. Түркүн өлкө, түркүн улут болгондуктан учурда дүйнөдө кол жаңсоолордун ондогон тилин кездештирүүгө болот. Алардан тышкары ар кайсы өлкөдөгү дүлөйлөрдүн баарлашуусун жеңилдетүүчү Эл аралык кол жаңсоолор тили бар. Бул тил дүлөйлөр башка өлкөгө саякатка барганда, эл аралык конференция жана башкаларга катышкан учурларда колдонулат.

Белгилер тили – бул дактология деп аталат. Дактология – манжа же кол алиппеси. Мында кол жаңсоолор менен түшүндүрүүгө кыйын болгон сөздөрдүн ар бир тамгасы манжалар менен көрсөтүлүп, түшүндүрүлөт. Мисалы, терминдер, адамдардын аты, фамилиялары, даректер, жер-суу аттары жана башкалар.

Адатта сурдокотормочулар тигил же бул тармакка карата адистешет. Атап айтсак, медицина, маданият, саясат, педагогика жана башка тармакка.

– Сурдокотормочуларга башкы талаптар кайсылар?

– Биздин башкы куралыбыз – колубуз менен жүзүбүз. Андыктан колубуз ийкемдүү болуп, сезимдерди көздөрүбүз жана мимикаларыбыз менен билдире алышыбыз керек. Сүйлөөдө ката кетирбешибиз зарыл, анткени угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандар эмне деп айтып жатканыңды ооз аркылуу да окушкандыктан билдире турган маалыматың бузулуп жетип калат. Биз оозубузду ачык өңдөрдө боёбойбуз, ачык кийинбейбиз, болбойт. Анткени кардарыбыз кийим менен боёлгон оозубузду карап алаксыбай, оюн топтоп эмне керектигин бизге билдириши керек.

Сурдокотормочу жоопкерчиликтүү, кыраакы, эс тутуму мыкты, окуя, кырдаалга бат реакция жасай алган, чыдамкай, стресстерге туруктуу, салкын кандуу адам болушу зарыл. Анткени биз тагдыры өзгөчө адамдар менен иштешебиз. Иштешүү кыйын.

– Силердин кызмат өзгөчө кайсы учурларда керектелет?

– Телеберүү, семинар, конференциялардагы маалыматтарды дүлөйлөр биле албайт. Аларды сурдокотормочунун которуусунда гана түшүнө алышат. Биздин кызматтан кардарлар эмканага, мисалы, тиш дарыгери же урологго барганда, почта бөлүмүнө барып жүк жөнөткөндө, телефон аркылуу алыс жактагы жакындары менен сүйлөшкөндө, сот процессине жана тергөө ишине катышканда жана башка учурларда колдонушат. Лекция, семинарларда буюртма менен сүйлөнгөн сөздөрдү синхрондуу түрдө которуп беребиз.

Мен Кыргызстанда көптөгөн долбоорлор боюнча иштешип келе жатам. Мисалы, дүлөйлөр үчүн Компьютердик сабаттуулукту үйрөтүү, Графикалык дизайнды окутуу деген акысыз курстар окутулган. Мен сабак, лекцияларды акыга которуп берип жүрдүм.

– Кызмат акыңа канча аласың?

– Ар кандай, саатына, котормонун оор же жеңилдигине жараша алабыз. Ушул жерден айта кетейин, мени угуу жөндөмүнөн ажыраган адамдар тойлоруна, анын ичинде тушоо, үйлөнүү үлпөт тоюна да чакырып калышат. Мени Бишкектен тышкары Талас, Нарын облусуна, Кант, Токмок, Кара-Балта шаарларына да чакырышат. Тойдо ким эмне деп сүйлөгөнүн которуп берип турам. 1000-3500 сом акысын да төлөп, тойдон кешик да салып берип узатышат. Кызыгы – нике кыюу учуруна да катышып бериңиз дешет.

Сот процессине катышуум үчүн 1000 сом алам, эмканаларга, юридикалык мекемелерге коштоп барып кызмат көрсөткөнүм 250-500 сомдун тегерегинде болот.

– Сот процесстерине да катышат экенсиң. Кардарларыңдын укугун коргогон окуядан айтып берсең.

– Учурда бир сот процессине катышып жатам. Угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган кардар аялдын кайниси банктан насыя алып, кепилдик берүүчү адам катары кардарымды каттаткан. Акчаны алып, аны карыздарына таратып, калганына той өткөзүп жок кылган. Анан насыяны 3-4 ай төлөгөн соң андан ары төлөй албай калган. Банк аны сотко берет. Сотто кепилдик берүүчү адам катары кардарым чакырылат жана анын банктык картасы “арестке” алынат. Ушул иш боюнча сотко катышып, кардарымдын укугун коргоп жатам. Мисалы, ал дүлөй адам болгондуктан банктык документке кол коюп жатканда анда эмне жазылганын, кайниси алган акчасын төлөй албай калса акча өзүнөн өндүрүлөрүн билген эмес. Кол кой десе кол коюп койгон. Ошол учурда банк сурдокотормочуну чакырган эмес. Мен анын майыптыгы боюнча документтерин чогултуп сотко өткөрдүм. Аялдын 3 баласы, анын бири майып экендиги тууралуу аныктамаларды да жаздырып келип өткөрдүм. Учурда кардарымды жоопкерчиликтен бошотуу, банктык картасын “аресттен” чыгартуу үчүн чуркап жүрөм.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан