БАЛА ЖАРАЛЧУ ЖЕР – ЖАТЫН ТҮТҮКЧӨЛӨРҮНҮН ООРУЛАРЫ

“Аялдын бактысы – балалуу болууда. Жатын түтүкчөлөрүнүн бүтөлүп калышы аялды андай бакыттан кол жуудурушу мүмкүн. Андыктан бул органды жакшы күтүү керек”,- дейт гинеколог, Кыргыз медициналык академиясынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Татьяна Теппеева. Жатын түтүкчөлөрү эмнеден улам бүтөлүп калышы мүмкүн?

Жатын түтүкчөлөрү жана анын кызматы

Жатын түтүкчөлөрү – жатындын 2 жагынан чыккан узундугу 10-12 сантиметрди, диаметри 2-4 миллиметрди түзгөн түтүкчө сымал жуп орган. Аны алгач 16-кылымда италиялык анатом Габриеле Фаллопий изилдеп, жазып чыккандыктан бул орган медицинада “Фаллопий түтүкчөлөрү” деп аталат.

Аялдарда ай сайын этек кир келгенден (28 күндүк цикл) 14 күндөн кийин овуляция жүрөт. Овуляция кезинде 1 эн безинде (яичник) фолликула өсүп-жетилип жарылып, андан 1 энелик клетка бөлүнүп чыгат. Анан ал жатын түтүкчөлөрүнүн учтарындагы кыймылдап туруучу желпүүрлөрдүн арты менен жылып жатын түтүкчөсүнө барат. Жатын түтүкчөлөрүнүн ичиндеги былжырда “кирпикчелер” бар, алар кыймылдап жыйрылып энелик клетканы жатын жакка түртө башташат. Аял менен эркек кошулганда жатынга түшкөн сперматозоиддер энелик клеткага жетип, аны уруктандырууга аттанышат. Эң ылдамы биринчи жетип, уруктандыруу укугуна ээ болот. Ошентип уруктануу жатын түтүкчөсүндө жүрүп, анан уруктанган клетка жылып жатынга барып, анын керегесине жабышат да, түйүлдүк жаралат. Кыскача айтканда, жатын түтүкчөсү аялга эне болууга мүмкүнчүлүк берген, бала жаралган жер. Эми жатын түтүкчөлөрүнүн оорулары тууралуу айтып берейин.

Сальпингит

Бул жатын түтүкчөлөрүнүн сезгениши. Бул оору жатындан, жыныс кынынан, жатын моюнчасынан оору козгоочу микробдордун жатын түтүкчөлөрүнүн ичине өтүп кетип, аларды сезгендиргенден келип чыгат. Алгач түтүкчөлөрдүн былжыры сезгенет, акырындап сезгенүү эн безине чейин жетет. Сезгенүү түтүкчөлөрдүн ичкерип кетишине, жабышып калышына

жеткирет. Эгер жатын түтүкчөлөрү өтө ичкерип кетсе сперматозоид уруктандырган энелик клетка ары жыла албай түтүкчөдө өсүп баштап, жатындан тыш бойдо болуу күтүлөт. Эгер 2 түтүкчө толук бүтөлсө, анда тукумсуздук келип чыгат. Эгер 1 түтүкчө бүтөлсө, анда экинчи түтүкчө аркылуу балалуу болууга 50 пайыз мүмкүнчүлүк калат. Сальпингиттин курч кармаган жана өнөкөт түрү бар.

Курч кармаган сальпингит – түтүкчөлөргө инфекция кирип кеткенде жаралат. Белгилери: кусуу, дене табынын көтөрүлүшү, ичтин төмөн жагынын оорутушу, кычышуу жана ачышуу менен коштолгон суюктуктун бөлүнүп чыгышы.

Өнөкөт сальпингит – белгилери так билине бербейт. Башкы белгиси – этек кирдин келүү ыргагынын бузулушу.

Оң тараптагы түтүкчөнүн сезгениши – бул жоон ичегинин сезгенүүсүнөн да келип чыгат. Түтүкчө шишийт жана жара пайда болот.

Сол тараптагы түтүкчөнүн сезгениши – микробдордун кирип кетишинен гана жаралат.

Ириңдүү сезгенүү – бул түтүкчөгө жыныстык жактан жугуучу гонорея оорусунун оору козгогучу кирип кеткенден жаралат. Оору белгилери – дене табынын көтөрүлүшү, ириңдүү суюктуктун бөлүнүп чыгышы, ичтин төмөн жагынын катуу оорутушу. Мындай түрүндө операция жасалып, ириңдеген түтүкчө алынып салынат.

Спецификалуу сальпингит – муну жыныстык жактан жугуучу оорулар гонорея, хламидиоз, сифилис, уреаплазмоз, трихомониаз ооруларынын оору козгогучтары козгойт. Адатта 2 түтүкчө тең сезгенет.

Сальпингит оорусун ич көңдөйүнө, жатынга жасалган операция, мисалы, жатындан тышкары бойго бүтүү, сокур ичеги, аборт, суук тийүү да козгошу мүмкүн.

Дарылоо

Сезгенүү жаңы башталганда дарылап айыктырууга болот. Антибиотик жана сезгенүүгө каршы дары-дармектер сунушталат. Сезгенүү өтүшүп баштаган болсо ооруканага жатып дарылануу кажет. Ириңдүү сальпингитте сөзсүз операция жасалат.

Ооруп айыккандан кийин жатындан тышкары бойго бүтүү, айрымдарда тукумсуздук келип чыгуу коркунучу бар. Андыктан аял убагында врачка текшерилип турушу кажет.

Гидросальпинкс

Бул жатын түтүкчөсү сезгенгенде түтүкчөлөрдө суюктук топтолуп, түтүкчөлөрдүн чоюлуп салаңдап калышы. Мындан улам түтүкчөлөрдөгү өтө майда бүктөмдөр, кирпикчелер азайып, жоголуп баштайт. Ушундан улам уруктанган клетка жатынга жетпей эле түтүкчөнүн ички керегесине жабышып, жатындан сырт бойго бүтүү күтүлөт. Топтолгон суюктукта бактериялар көбөйүп, алар түтүкчөлөрдүн тегерегин да сезгендирет. Дары-дармек менен дарылоого болбой турган учурда лапароскопиялык ыкма менен операция жасалат.

Түтүкчөлөрдүн патологиясы. Бойго бүткөндөн кийинки 3 айда түйүлдүктүн негизги органдары жаралып баштайт. Ошол кезде аял катуу сасык тумоолосо, кызамык менен ооруса, талгактын катуу түрүнөн жабыркаса, ооруганда өз алдынча дарыларды ичсе, жыгылып жаракат алса, анда түйүлдүктүн жаралып жаткан түтүкчөлөрү патологияга учурашы мүмкүн. Мисалы, түтүкчөлөр калыптагыдан узун же кыска, ички керегелери жабышып жаралган, түтүкчөнүн бири өспөй калган жана башка. Мындай патологияларды айыктырууга, аялды балалуу кылууга болору же болбосу толук текшерүүдөн кийин билинет.

Сальпингоофорит

Бул жатын түтүкчөлөрүнүн эн бези менен кошо сезгениши. Буга суукка урунуу, оору жаратуучу микробдордун (стрептококк, стафилококк, хламидия, микоплазма, гонококк) кирип кетиши, аборт, операция жолу менен төрөө, жатынга коюлган спираль жеткирет. Сезгенүү жатындан башталып, анан инфекция жатын түтүкчөлөрүнө өтүп, жылып эн безине барат. Жатын түтүкчөлөрү жабышып, тукумсуздук жаралышы ыктымал. Оору белгилерине ичтин төмөн жагынын оорушу кирет. Оорутуу жыныстык катнашта күчөйт. Оору курч кармаса дене тап жогорулайт, ириңдүү суюктук бөлүнүп чыгат, этек кирдин келүү ыргагы бузулат. Дарыланбаса оору өнөкөт түргө өтөт. Курч түрүндө ооруканага жатып дарылануу кажет. Антибиотик, сезгенүүгө каршы дарылар, витаминдер жазылып берилет.

Жатын түтүкчөлөрүнүн эндометриоздук кистасы

Бул жатындагы эндометрия былжыр катмарынын клеткаларынын этек кир учурунда үзүлүп, канга кошулуп, кан менен барып түтүкчөлөргө туруп калып, ошол жерде жара пайда кылышы. Бул чоңоюп кеткенде же УЗИге текшерилгенде билинет. Көлөмү кичине кезде дары-дармек менен жок кылынат. Чоңоюп кетсе лапароскопиялык ыкма же операция аркылуу алынат.

Жатын түтүкчөсүндө бойго бүтүү

Бул уруктанган клетканын жатын түтүкчөсүнүн өтө ичке истмикалык бөлүгүндө ички керегеге жабышып, өсө башташы. Түйүлдүктү убагында кесип албаса жатынга залалы тиет. Себеби жатындын кырынан кеткен кан тамырлар кошо жарылат да, ич көңдөйгө кан толуп, аялды өлүмгө жеткириши мүмкүн.

Уруктанган клетка түтүкчөнүн интерстициалдык бөлүгүнө жабышып өсө баштаса, анда 4-7 жумага чейин түтүкчөлөр чоюла алат. Андан ары жарылып кетет да, ич көңдөй канга толуп калат. Түтүкчө жарыла элек болсо операция жасалып, түйүлдүк алынып салынат. Түтүкчөлөрдү сактап калса болот. Эгер жарылып кетсе, анда түтүкчөлөр кошо кетет. Түтүкчөлөрдө бойго бүтүү түтүкчөлөр толук бүтөлбөгөн учурда, түтүкчөлөрдүн тубаса жакшы өспөй калышында, жыныстык оорулардын инфекциясы өтүп кеткенде, эркектин уруктугунун кыймыл-аракети начар болгон учурда күтүлөт. Белгилери: этек кирдин келбей калышы, талгак, күрөң түстөгү кан сымал суюктуктун келиши, ичтин толгоо сыяктуу бурап оорушу.
 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан