Медер Нуркадыров&Нуриза Бектурова, блогерлер: “7 ЖЫЛ БОЮ БИРИ-БИРИБИЗДЕН КЫЗЫГУУБУЗ ТАРАГАН ЖОК”

Күздүн берекелүү күндөрүндө дагы бир дүңгүрөгөн той болгону жатат. Ким десеңиздер – блогерлер Медер Нуркадыров менен Нуриза Бектурова 7 жылдык кыз-жигит мамилесинен жубайлар статусуна өткөнү турушат. Сүйүүнүн этаптары, кантип көп жыл кыз-жигит болуп жүрүшкөнү, мындан аркы пландары тууралуу маек беришти.

– Медер, Нуриза кош келипсиңер. Турмушка жоопкерчиликтүү кадам таштаар алдында турасыңар, толкундоо барбы?

Нуриза: – Даярданып жүрүп убакыт кандай өткөнүн билбей калып жатабыз. Толкунданууга убакыт болбой эле (күлүп).

Медер: – Үйлөнгөн досторум “азыр толкунданбайсың, ресторандын алдына барганда колу-бутуң калчылдап сүрдөйсүң” деп жатышат. Балким, ошондой болор.

– Узакка кыз–жигит болуп жүрдүңөр, мунун жакшы-жаман жактарын айтып бергилечи...

Нуриза: – Биз 17 жашыбыздан эле сүйлөшүп баштадык, чогуу чоңойдук десек болот. Көп ишти чогуу баштап, кыйынчылыктарды чогуу көрдүк. Мен үчүн жакшы жагы – башка эч бир жигит менен сүйлөшкөн жокмун, көп кыздар толтура жигит менен сүйлөшүп, анан турмушка чыгат эмеспи. Медер жанымда жүргөндө ата-энемдин да көңүлү ток болуп, бир жакка оңой жиберишчү. Ишенимдүү адамым дайыма жанымда болду. Жаман жагын билбейм.

Медер: – Иши кылып аябай жакшы экен деп койбойсуңбу (күлүп). Көптөр айтышат, көп жыл кыз-жигит болуп жүрсөң кызыгы тарап кетет деп. Муну сүйүүнү түшүнбөгөндөр айтышат окшойт. Ортодо сүйүү жок болсо эки күндө эле кызыгы тарап кетсе керек. Бизде андай болгон жок, ар бир күнүбүз кызыктуу. Ушунча убакытта такыр бири-бирибизден тажаган жокпуз. Кемчилиги – шарият боюнча үйлөнгөнгө чейин кыз-жигит болуп жүрүү жакшы эмес дешет. Калганы жакшы!

– 7 жыл сүйлөшүп жүрдүңөр, бул убакытта канча жолу таарыныштыңар?

Нуриза: – Бир эле жолу олуттуу таарыныч болду. Сүйүүнүн этаптары болот да. Ошондо биздин бир аз салкындоо этабында турган учурубуз окшойт, сүйлөшүп баштагандан үч жылдан кийин таарынышып кеткенбиз. Бир айдан соң эле элдешип алдык. Элдешкенден кийин аябай жакын болуп калдык, кандай кыйынчылык болсо да чогуу чечкенге өттүк. Эми жашообуздун мындан да кызыктуу этабы башталганы турат, муну экөөбүз тең сезип жатабыз.

– Силерге айрымдар “мамилелери үйлөнүүгө жетпейт” деп комментарий жазышчу эле. Азаматсыңар, силер жеттиңер!

Медер: – Ошол адамдарга өчөшүп туруп жеттик (күлүп).

Нуриза: – Медер экөөбүздүн тең жылдыз белгибиз тараза. Таразалар туруктуу, жети өлчөп бир кескен адамдар болот эмеспи. Ошондон улам мамилебиз жакшы уланды окшойт. Бири-бирибизди толуктап турабыз. Мен эмоционалдуумун, бул күчтүү. Мен тез ыйлайм, кайра тез унутам.

Медер: – Медер ыйласа токтобойт деп кой (күлүп).

– Чет өлкөдө жашоо пландарыңар барбы?

Нуриза: – Мен чет өлкөдө үйүбүз болсо деп кыялданып калам. Бирок Медерди көндүрүү кыйын болот го, такыр каалоосу жок.

Медер: – Мен Кыргызстандан жарым карыш чыккым келбейт. Ал жакта тапкан каражатты бул жакта деле табасың, кээде жарандар чет өлкөгө эмнеге кетип жатканын түшүнбөй кетем. Ал жактан канчалык көп тапканың менен, коротконуң дагы ошончо көп болот.

– Үйлөнүү тоюңарда кандай өзгөчөлүктөр болот?

Медер: – Ресторанга вертолёт менен келип түшөбүз (күлүп). Тамаша, азыр айтып салсак кызыксыз болуп калат да, ошон үчүн сыр кылып туралы.

– Көп жаштар “дароо балалуу болбой, өзүбүз үчүн жашайлы” дешет. Силер көп балалуу болууну каалайт экенсиңер, ээ...

Медер: – Мен кыялымда эки кыз, эки уулдуу болгум келет. Нуриза да ошондой кыялданат экен. Эми канча бала берет, Кудай өзү чечет го. Бирок төрт баланы кыялданып жүрөбүз.

– Өкүл ата, өкүл апаңар ким болот?

Медер: – Өкүл атабыз Филипп Киркоров болсо дегенбиз, бирок Мирбек Атабековго эле токтолдук (күлүп). Тамаша, өкүл ата-энебиз эл көзүндөгү адамдар эмес. Жакын, биз ишенип сырыбызды айта алган, үй-бүлөбүзгө салым кошо алчу адамдар.

Нуриза: – Мен эл көзүнө илине баштаганда болочок өкүл апам аябай жардам берген. Ага мен бардык сырларымды айта алам, эжемдей, курбумдай адам. Жан дүйнөм ошол кишиге тартып туруп алды, кийин өкүл атабыз менен Медер таанышты, тез тил табышып кетишти. Экөө аябай окшош, мүнөздөрү, баскан-тургандары да окшошуп кетет.

– Силердин тандемде ким күчтүү?

Нуриза: – Медер моралдык жактан күчтүү.

Медер: – Жок ай, экөөбүз тең эле күчтүүбүз.

– Күчтүү болгуң келбей жатабы? Анда мындай суроо, ким көп акча табат?

Нуриза: – Ишибиз бир, кээде Медер көбүрөөк таап калат.

– Ким көп акча коротот?

Нуриза: – Медер көп коротот. Мен өтө кымбат кийим сатып албайм, бул кымбат кийимдери алат. Кымбат жерлерден тамактанат. Машинасына көп бензин куят.

Медер: – Мен Медер тапкан акчаны коротом деп койбойсуңбу?

– Бири-бириңерди биринчи жолу көргөн көз ирмемди эстеп берсеңер, анан маегибизди жыйынтыктайлы.

Медер: – 1-курс болчубуз. Тайпа-тайпа болуп физкультура өтчүбүз. Мунуку башка тайпа болчу, балдар менен турсам Нуриза күлгүн түстөгү спорттук күрмө менен кросско чуркап жатыптыр. Чуркаганы да башкача (күлүп). Биринчи көргөндө эле “сонун кыз экен, ээ” деп алдым. Жанымдагы балдар да кызыгып жатканын байкадым. Ошондо биринчи жолу көргөм.

Нуриза: – Мен ал күнү Медерди байкаган эмесмин. Кийин факультетте журнал жеткирип бара жатып көргөм. Футболкачан болчу.

Медер: – Балдар менен университеттин коридорунда сүйлөшүп турганбыз. Нуриза өтүп баратып “кач эй” деп жатпайбы. Мага мунун ошол мүнөзү жагат. Чоочун эркектерге биринчи көргөндө эле жакшы сүйлөп кеткен кыздар бар го, бул өзүнө жолотчу эмес. Баары “стерва” деп ойлочу. Нуриза өтүп бара жатканда мен дагы анын сөзүн кайталап “кач, эй” деп койдум. Кылчайып мени карап, күлүп калды.

Нуриза: – Университетке тапшырганда алгач атмосфера жакпай, окугум келбей жүргөм. Мени тайпанын старостасы кылып коюшкан. Ошого стервадай кабагымды бүркөп жүрсөм керек. Кийин Медер экөөбүз дос болуп кеттик, достугубуз сүйүүгө айланды.

– Бактылуу болгула!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан