Динара Ашимова, Жогорку Кеңештин депутаты: “АЛАЙДЫН КЫЗЫМЫН, КОШОМАТТЫ ЖАМАН КӨРӨМ”

Депутат Динара Ашимова менен маектештик. 2 айлык каникулдан кийин ишин баштаган Жогорку Кеңеш, кылмыштуулук, өлүм жазасын киргизүү чакырыктары жана башка темада кеңири баарлашуу болду.

– Саламатсызбы, Динара айым? Каникулда кайда, эмне иштер менен алек болдуңуз? Эс алуу кандай өттү?

– Саламатчылык, мен негизи көлдү жакшы көрөм. Каникулда Ысык-Көлгө, туулган жерим Алайга бардым. Чет өлкөгө да чыгып келдим. Чет өлкөгө негизи бир маселе боюнча бардым, биздин жарандарга чет өлкөгө чыгууга виза алуу үчүн кандай жеңилдиктерди алсак болчудай, ушул маселени байкаштырып келдим. Кесиптештерим менен чогуу эл менен жолугуштук. Кыскасын айтсам, каникул кантип өткөнүн деле билбей калдым.

– Башынан калпагы түшпөгөн акын Эгемберди Эрматов парламентте депутат кезинде кесиптештери “бул жер расмий жай, баш кийимиңизди чечип эле отурбайсызбы” дешчү экен. Сиздин жоолук парламентте тоскоолдук жараткан учур боло элекпи?

– Чынын айтсам, башында ыңгайсыздык болду. Социалдык тармактарда сындап, түрдүү пикирлерди жазышты. Жоолук салынганымды негедир эркектер жакшы кабыл алып жатышты, ал эми аял кесиптештерден көп эле сындарды уктум. Жоолук – менин жеке тандоом. Мен парламентке ислам динин жайылтууга келген жокмун. Мен мыйзам жазганы келдим. Эң негизгиси – максатымды, тандоомду кыргыз эли туура түшүндү.

– Парламент жыйындарында бардык эле депутаттар микрофонго сүйлөй албайт, сүрү бар. Үйдөн репетиция кылып турасызбы?

– Бул жагынан аябай жолдуу болдум. Анткени прокуратурада 18 жыл, адвокат болуп 6 жыл иштегем. Сот процессинде ыкчам реакция жасап учурду кармап калыш керек да. Себеби сенин кандай сүйлөгөнүңдөн бир адамдын тагдыры көз каранды болот. Трибунада сүйлөгөндө көпчүлүк кесиптештеримдин сүрдөп жатканын көрдүм. Менде андай сүрдөө адвокат болуп жаңы иштеп баштаганымда болгон. Тажрыйбам болгон үчүн парламентте микрофонго сүйлөөдө кыйналган жокмун.

– Кандай принциптериңиз бар? Саясий иштерде компромисске баруу үчүн ал принциптер кээде бузулса керек?

– Принциби жок адам эч качан саясатчы боло албайт. Мен прокуратуранын мектебинен өттүм, ал жакты билесиңер, карама-каршылыктар абдан көп. Ошондой убактарда принцибиңди бекем кармаганды үйрөнөсүң. Анан мен алайлыкмын, алайлыктарды билсеңер керек, аябай кызуу кандуу эл болобуз. Адилетсиздикти, бирөөгө баш ийип, кошоматтанганды жаман көрөбүз. Жашоодогу эң негизги принцибим – адилеттиктен тайбоо.

– Өткөн сессияда кандай демилге көтөрүп же мыйзам жаздыңыз?

– Жазында Бишкектеги ботаникалык бакты мэриянын карамагына өткөрөлү деген мыйзам долбоорун киргизишкенде кескин каршы чыктым. Көшөрүп отуруп ошол бакты Илимдер академиясынын карамагына калтырдым. Бул үчүн көптөгөн жогорку кызматтагы адамдар менен урушууга туура келди. Бирок бүгүн аябай капа болуп турам, кечээ ботаникалык бакта өрт чыгыптыр, себебин билбейм. "Келгиле, депутаттык комиссия түзөлү, өрт эмнеден чыкканын изилдейли" деп сунуштадым. Ал бак биздин өпкөбүз, эгер мэриянын карамагына өтчү болсо атайын өрт коюшуп, бул бак жарабай калды деген шылтоо менен жерин курулуш компанияларына сатып жиберишмек. Мындан тышкары аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулукка каршы көп мыйзамдарды даярдоого катыштым.

– Баткендеги 8-класстагы окуучу кыз зордукталып өлтүрүлгөнүнө байланыштуу коомчулукта "химиялык кастрацияны, өлүм жазасын киргизүү керек" деген пикирлер айтылууда буга оюңуз кандай?

– Мыйзамда коркутуу деген функция бар. Мисалы, адамдар ушундай оор кылмыштарга барбашы үчүн өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизиш керек. Андай кылмыш жасаган адамдарды мамлекет эмнеге багышы керек? АКШнын айрым штаттарында өлүм жазасы бар. Ал эми химиялык кастрацияга каршымын. Анткени зөөкүрдүк анын мээсинде, башка жеринде эмес, бычуу менен эки эсе мыкаачы адамды коомго кошуп алабыз.

– Өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупция... Көйгөйлөр көп, канткенде андан арылабыз?

– Коррупцияны жоюунун бир эле жолу бар – тарбиялуу, пейили ток балдарды кызматка дайындаш керек. Биз материалдык байлыкка аябай көз каранды болуп калган коомдо жашап жатабыз. Ата-энелер үй-жай куралы деп миграцияга кетип жатышат. Бирок балдары ата-эне мээриминен өксүп жатканын эске алышпайт. Өксүк менен чоңойгон, сүйүүгө, мээримге тойбогон балдар кийин кандай адам болушат? Айрым ата-энелер 3-4 балалуу болгуча жатаканада жашап эле балдарын чоңойтушкан да. Милицияда иштеп жүргөнүмдө иш бөлмөсүндө түнөп калып иштеген кызматкерлерди көргөм, грамота, мактоо баракчасын алганына сүйүнүп иштеген балдар бар. Ал эми азыр баары тааныш-билиштик менен, анан чиновниктердин балдарын кызматка коюп жатышпайбы. Миң жолу айлыгын көтөрсөң да, аларды биздин мамлекет тойгуза албайт.

– Прокурорлук жумушуңузда сизге өчөшүп, душман көрүп алган адамдар барбы?

– Мамлекеттик айыптоочу болсоң, сага өчөшкөн адамдар сөзсүз болот. “Дордой” базарында 200дөй соодагерди сызга отургузуп, алдап кеткен айымды 16 жылга соттотуп жибергем. Суудан кургак чыкканга аябай аракет кылган, тигиге, буга акча бергенине карабай артынан сая түшүп алдым өчөшүп. Азыр мен каякка кызматка барбайын жетекчилигиме мени жамандап том-том кылып арыз жазат. Өткөндө фракция лидерибиз Нуржигит Кадырбековго кирип да бир сыйра жомогун айтып чыгыптыр (күлүп). Дагы бир окуя эсиме түштү, көп жыл мурун бир селсаяк 4 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалган. Кыздан сурак алып жатканда тергөөчү видеого тартып албаптыр. Далил жок, сот көпкө созулду, кичинекей кыз да окуянын чоо-жайын унутуп коюптур. Карасам, тиги киши тим эле апакай болуп жазадан кутулуп кеткени жатат. Кыздын апасы да тиги тарапка сатылып кетиптир. Ошондо кыздын чоң энеси менен сүйлөшүп педагог, психологдорду алып келип 4 жашар кызды кайра сурадык. Ошондо кыз баарын эстеп бакырып ыйлаганы эсимден кетпейт. Ал кызга кошулуп мен да өксүп ыйлагам.

– Жылкыга жакын экенсиз...

– Алайдын кызы ат минип өсөт да. Кичинекей, жүздөн ашык түтүн жашаган Октябрь айылынан азыр парламентте 3 депутат отурабыз. Улан Примов, Таалай Сарыбашев жана мен. Бул айылдан чыккан тыңдар көп чынында. 1 уул, 2 кызым бар. Уулум менен кызым да атка жакын өсүштү, мүнөздөрү абдан берешен, эрктүү. Жакында Алайдын командасы көк бөрү боюнча президенттин кубогун утуп алды, аябай сүйүндүм.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан