Нурислам Жакыпов, ырчы: “АЛ КЕЗДЕ МИРБЕК АТАБЕКОВ МЕНЕН ОМАРДЫ ЭЛЕ ТААНЫЧУМУН”

“Zaman” тобундагы “красавчик” жигиттердин бири Нурислам Жакыпов менен маектештик. Учурда жеке ырчы катары шоу-бизнести багынтууга аракет кылып жүргөн чагы. Кызыгы, Нурислам кичинесинде чыгармачылыкка, кыргыз шоу-бизнесине кызыкчу эмес экен. Анан кантип анын тагдыры ырчылыкка байланып калды? Алдыда кандай максаттары бар? Жоопту маектен таба аласыз.

Туулган жылы: 2001-жыл, 3-июль

Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон шаары

Үй-бүлөдө: 4 бир туугандын улуусу

Билими: Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн

– Нурислам, салам. Алгач үй-бүлөң тууралуу сурайын...

– Саламатсызбы? Атам Жалал-Абадда күч түзүмдөрүндө иштейт, апам банкта эсепчи. Апам кичине кезинде комуз ойночу экен, музыкалык мектепти бүткөн. Бирок мен музыка дүйнөсүнө аралашканга чейин үйдөгүлөр музыка угушчу эмес. Мен ырчылыкка ыктагандан кийин кызыгып уга башташты. Менимче, өнөр мага апам тараптан өттү. Анткени бир жолу таятамдын ырдаганын угуп калгам. Жакшы ырдайт, бирок анысын эч кимге деле көрсөтпөйт. Апамдын да “слуху” жакшы.

– Сенчи? Бул чөйрөгө эмнеден улам кызыгып калдың?

– 1-класста апам хоббиң болсун деп мени гитара ийримине киргизип койгон. “Слух” ошол жактан пайда болгон деп ойлойм. Гитара өзүмдөн чоң болуп, көтөрүп жүрүш ыңгайсыз болгону үчүн башында жага берчү эмес. Аны да аягына чейин окубай койгом. 5 жыл окушум керек болчу, мен 4,5 жылда чыгып кеткем. Азыр өкүнөм. Кийин 7-класстан баштап Кыргыз-Түрк “Себат” лицейинде окудум. Ошол жактан хордо ырдоо үчүн балдарды тандашкан, “үнүң жакшы экен” деп мени да тандап алышкан. Ошол жактан ырдап баштадым.

– Билишимче, “Zaman” тобуна мектепте окуп жүргөн кезде келгенсиң?

– Ооба, 11-класска жаңы көчкөн сентябрь айы болчу. Продюсер Канат Култаев Инстаграмдан “мага байланышып койчу” деп жазганы эсимде. Ага чалдым, мени аталган топко чакырды. Сүйлөшүп бүтүп эле апама чалып айтсам, “мен аны тааныйм, макул, эртең жөнөйсүң” деди. Эртеси эртең менен Бишкекке жолго чыктым. 10 күн жүргөндөн кийин Канат байке “ойлонуп жооп бер” деди. Анан үйгө барып сүйлөшүп, кеңешип, чечишип алып кайра келдим. Ошентип топко кошулуп калдым.

Канат байке мени кайдан байкады? Инстаграм баракчама кавер ырдап жүктөп койчумун. Ошол жактан көрүп калыптыр. Ага чейин апам Канат байкеге “балам жакшы ырдайт. Мирбек Атабеков менен ырдатса болобу. Ошондой кыялы бар” деп жазган экен. Мунун баары Канат байкенин эсинде калыптыр. Анан топтун экинчи курамын топтоп жатканда мени эстеп чакырыптыр. Кастинг бүткөндөн кийин чакырган мени. Топто иштеп калгандыктан 11-классты Жалал-Абадда кечки мектепте окуп бүтүрдүм. Бишкектен Жалал-Абадга барып келчүмүн.

– Шоу-бизнеске кызыкчу эмес экенсиң. Ырчы болом деп да ойлобопсуң. Кантип топто ырдоо сунушуна макул болуп калдың?

– Бул жолго түшүшүмө таенем менен апам себепкер болду. Алар “бара бер, ал Мирбек Атабековдун продюсери, мыкты продюсер, жөнөкөй адам эмес” дешти. Өзүм чын эле шоу-бизнеске кызыкчу эмесмин. Кыргыз ырчыларынан Мирбек Атабеков менен Омардан башканы таанычу эмесмин.

– Топко кошулуп, Бишкекте жашап калганда кандай кыйынчылыктар болду?

– Диалект жагынан бир аз кыйын болду. Вокалдык билимим жок болгону үчүн ырдаганда маселе жаралды. Башка балдар менден күчтүү болчу. Бийлечү эмесмин, аны да үйрөндүм. Негизинен өтө оор деле кыйынчылык болгон жок. Жаңы нерсеге бат көнөм, тез үйрөнөм.

– Топтогу балдар менен бир үйдө жашап, үй жумуштарын кезектешип жасачу экенсиңер. Келишпестиктер болчу беле?

– Башында болчу. Менин ачуум чукул да, сөз көтөрө алчу эмесмин. Чаң сүртсөм “бул жерде чаң калып калыптыр” дешсе деле урушуп кетчүмүн. Кийин көнүшүп кеткенден кийин андайлар болбой калды.

– Канат Култаев жөнүндө айтсаң...

– Канат байке боорукер, идеяга бай адам. Ар бир адамдын мүнөзүнө жараша мамиле кылат. Лидерлик сапаты күчтүү. Канат байкени экинчи атам деп эсептейм.

– Ачуум чукул дебедиңби, продюсердин талаптарын аткарууда кыйынчылык болбодубу?

– Мени эмнегедир эркесиң дешчү. Балким, топто эң кичүү болгонум үчүндүр. Балдар менен келишпестик болсо өзүнчө сүйлөштүрүп, “мындай кылса болбойт, мындай кылгыла, мындай сүйлөш керек” деп кеңешин берчү. Азыр Канат байке менен чогуу иштейбиз. Мен УТРКда эфир режиссёру болуп иштейм. Азыр да керек жерден кеңешин айтып турат.

– Топ тарап кетти, жеке ырчы катары сахнада каласыңбы?

– Менде азыр кызыгуу бар, бирок түрткөн адам жок. Бирөө түртмөйүнчө жүрө берем. “Туулган жерди сагынуу” деген ырды ырдап чыктым. Бирок таратуу жагынан аракет кылбай жатам. Мен биринчи кезекте өзүмдү табышым керек болуп жатат. Кандай жанрда ырдаарым тууралуу ойлорум бар, бирок ал жанрды кыргыздар түшүнөбү деген да маселе чыгат. Азырынча өзүмдү издеп жатам десем туура болот.

– Сени Мирбек Атабековго окшоштурушат экен...

– “Central Asia’s Got Talent» сынагына катышкандан кийин ошентип калышты. Анткени сынакта Мирбек Атабековдун ырын ырдагам. Сынактын видеосу чыкканда түшүндүрмөсүнө "Нурислам Жакыповду атактуу кыргыз ырчысы Мирбек Атабековго окшоштурушат" деп жазып коюшкан. Мирбек байкеге менин келбетим да, үнүм да окшошпойт деп ойлойм.

– Аталган сынакка кантип катышып калдың?

– Ал күнү жекшемби болчу. УТРКнын жанынан өтүп баратсам эл чогулуп туруптур. Эмне болуп жатат деп кызыгып кирип калдым. Сынакка тандоо жүрүп жатыптыр. Ал жактан Канат байке менен сүйлөшүп калдым. Ал “кааласаң катышып көр” деди. Анан катышып, өтүп кеттим. Бул сынак мага чоң тажрыйба берди. Биринчиден, башка элдин өкүлдөрү менен тааныштым. Алардын кандай ырдаарына кызыгып анализдедим, өзүмдү жеңүүнү үйрөндүм. Баары бир сынактын сүрү башка да.

– “Zaman” тобунда жүргөн 5 жыл сага эмнелерди берди?

– Биринчиден, чоңойдум. Вокал жактан тажрыйба алдым. Сахнада өзүмдү алып жүрүүнү, эл менен мамиле түзүүнү жана башка көп нерселерди үйрөндүм.

– 21 жашта экенсиң, кыздар тууралуу сүйлөшсөк деле болот экен. Кандай кыздар табитиңе төп келет?

– Менимче, сүйүп калсаң, ал адамдын эч нерсесине карабайсың. Сүйсөң башкаларга жаман көрүнсө да сага алтын болуп көрүнөт. Ошондуктан мындай сапаттагы кыздар жагат деп айта албайм.

– Жакшы. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан