ПАЛОО – ЧЫНЫГЫ ГУРМАНДАРДЫН ТАМАГЫ

Палоо – күнүмдүк турмушта, той-аштарда көп жасалган, популярдуу тамактардын бири. Күрүчтүн организмде шлактарды тазалоочу касиетин эске алсак, палоо ден соолукка да пайдалуу. Палоонун рецепти ар кандай, түрү көп. Бишкекте тамак-аш жасап, жеткирип берүү кызматтарынын биринин менеджери Арзыкан Орозалиева сыр бөлүштү. Палоону түрлөп жасоону үйрөнүп алыңыз.

МАЙРАМДЫК ТАШКЕНТ ПАЛООСУ

Керектелүүчү азыктар:

Күрүч (Ташкент лазери) – 1 килограмм

Эт (уйдуку же койдуку) – 1 килограмм

Май (зайтун же күн карама майы) – 300 миллилитр

Куйрук майга жасаш керек болсо – 500 миллилитр

Сары сабиз – 1 килограмм

Пияз – 2 даана

Кой буурчак (нут) – 200 грамм

Сары мейиз – 100 грамм

Анардын даны – 200 грамм

Бүтүн чили калемпири – 2 даана

Сарымсак – 4 даана

Зире – 1 аш кашык

Куркума упасы – 1 чай кашык (палоонун өңү алтын сарыдай көрүнүшү үчүн)

Суу – 1,5 литр

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы

1. Кой буурчак жумшап, жибиши үчүн аны 1 күн мурда сууга 1 чай кашык сода кошуп чылап коюу керек. Кой буурчак палоого көрк берет.

2. Палоого керектүү жашылчаларды аарчып, жууп-тазалап алабыз. Сабиз ичке таякча, пияз жарым тегерекче тууралат. Сары сабиздин артыкчылыгы – кызыл сабизге караганда ширелүү, сууну өзүнө көп жутат да, демдегенде сууну кайра берип, эзилбеген бойдон калат. Сарымсактын башын кесип, сырткы кабыктарын гана аарчып, ички кабыктарына тийбей ошол тоголок боюнча калтырабыз.

Этти майда кесимдерге бөлүп, туз сээп сүртөбүз. Күрүчтү муздак сууга 30 мүнөт чылап коюу керек. Эгер демдегенде күрүч эзилип кетет деп шекшисеңиз, күрүч чыланган сууга 1 чай кашык туз кошуп коюңуз.

3. Казанды отко коюп, майды куябыз. Эгер куйрукка жасоо керек болсо, анда аны кууруп майды даярдап алабыз. Майга пиязды салып анын өңү алтын түстүү болгуча кууруйбуз. Эттин бөлүнүп чыккан суусу калбай калганча кууруйбуз. Сары сабиз палоонун өңүн ак көрсөтүп коёт, ошондуктан пияз менен эт алтын түстүү болуп куурулса, куркума кошулса палоонун өңү, даамы жакшы болот.

Эт куурулган соң сабизди азыраак кууруп, үстүнө туз, мейиз, кой буурчак, сарымсак, куркуманы салабыз. Суу куюп 40 мүнөттөй жай отто кайнатабыз. Азыктардын баарынын ширеси сууга чыкса күрүч даамдуу болот. Анан күрүч салынат. Суу тартылгыча от күчтүү жагылат. От жай болуп калса күрүч сууну көп жутуп алып, демдегенде эзилип кетет.

Суу тартылып калбай калганда күрүчтүн үстү жагын ортого чогултуп үйүп, ар жерин тешип коёбуз. Күрүчтүн бетине зирени себелеп, кургатылган чили калемпирин үстүнө коюп, казандын капкагын буу чыкпагыдай жаап, отту кичирейтип, 15 мүнөт демдейбиз. Зирени демдөө алдында салсак палоого жыт эле берет, эгер суу куярда кошуп жиберсек, анда сууга жыты да, даамы да чыгып калат.

Чили калемпиринин жаңы үзүлгөнү болсо, анда ал демдөөдө кошулбайт, жумшап, эзилип кетет.

15 мүнөт өткөн соң палоону ачып көрөбүз. Эгер күрүч жакшы демделбесе, демек, сууга “тойбой” калган. Казандын четтерине тегерете 100-150 грамм кайнак суу куюп, кайра бетин жаап, демдейбиз.

4. Бышкан палоону табакка салып, үстүнө сарымсакты, чилини коюп, анарды чачып кооздоп дасторконго суна берсеңиз болот.

Эскертүү: Палоого бехи алмасын же кургатылган бөрү карагат кошсо да болот.

• Ташкент лазер күрүчүнүн артыкчылыгы – калориялуулугу Баткен жана Өзгөн күрүчүнө караганда төмөнүрөөк, батыраак сиңет.

• Сары сабиздин жарымын кууруп, жарымын суу кайнаганда кошуп жиберип бышырсаңыз болот.

• Майдын жарымын куйрук, жарымын өсүмдүк майы кылып бышырса да болот. Бирок куйрук майга бышкан палоо жаш балдарга, жүрөк-кан тамыр оорусу барларга, карыларга оор келет.

• Палоону Өзбекстанда күнжүт, пахта, зире майына да бышырышат. Түрк палоосуна биз колдонгон азыктардан тышкары кошо кедр жаңгагы да кошулат.

• Бухара палоосу делинип кургатылган өрүк, мейиз, бөрү карагат кошулган түрү аталып жүрөт.

ӨЗГӨН КҮРҮЧҮНӨН ПАЛОО

Керектелүүчү азыктар жана даярдоо ыкмасы Ташкент палоосундагыдай эле. Күрүчтүн бул түрү сууну көп талап кылгандыктан, аны 30 мүнөт сууга жибитип алуу керек. Эт, пияз, сабиздерди кууругандан кийин 2 литр куюлат. Майды көп талап кылгандыктан майды да көбүрөөк кошуу туура. Кой буурчагы, мейиз, анар кошулбайт.

ДИЕТАЛЫК ПАЛОО

Керектелүүчү азыктар:

Күрүч (Караснодар, Ташкент лазери, Баткен күрүчү) – 1 килограмм

Тоок эти – 1 килограмм

Зайтун же күнкарама майы – 200 миллилитр

Сары сабиз – 1 килограмм

Кургатылган өрүк, мейиз – каалоого жараша

Пияз – 2 даана

Помидор, болгар калемпири – 2 даанадан

Суу – 1,7 литр

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы

Баары майрамдык Ташкент палоосундай эле даярдалат, болгону эт, жашылчалар аз куурулат да сууда узагыраак кайнатылат. Кургатылган өрүк, мейиз демдээрге жакын салынат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан