КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

– Бизнес-борбордо иштейбиз. Ичи жайнаган жаркыраган бөлүмдөр, каналар. Мен буга чейин бир жерден мынча көп кызматкерди көргөн эмесмин. Бир бөлүмдүн ичинде эле отуздан, кырктан киши отурат. Баары башын көтөрбөй керели-кечке компьютер тиктейт. Алардын эмне иш жасаарын деле билбейм. Бирок үч кыргыз кыз үч кабатка бөлүнүп алып, бөлүмдөрдү, каналарды, ашканаларды жууп-тазалайбыз. Кызматкерлерден эки саат эрте келип, эки саат кеч кетебиз. Кээде айрым кызматкерлердин кетишин күтүп отуруп кеч калабыз. Кээ бирлери күндүз кечке кана, туалетте, ашкананын ортосунда басып жүрө беришет да, кеч киргенде иштерман болуп чыга келишет. Өзгөчө кыздар эки мүнөт сайын же туалетте, же коридордо. Эки баракты колдоруна уучтап алып ары-бери көп басышат. Алар мага бир иш жасап жүргөн эмес, бир иш жасап жаткандай көрүнгүсү келген же кийип келген кийимдерин башкаларга көрсөткүсү келген бирөөлөр. Көбүнесе жаштар иштейт. Менин ошолор менен жылдызым келишкен жок. Алардын ар бирин көргөндө үстүмдөгү формадан, колумдагы чакадан, деги эле ушул турушумдан корунуп, кымтылана берем. Алар да муну билип алгансып ары-бери өткөнүмдө күңкүлдөп күлүшөт. Отурган жерлерине семичке чагат же кофе төгүп алып мени чакыра беришет. Жоруктарын карап туруп мен Бишкекте иштеп жүргөн мекемелерде пол жуугучтар бар беле дейм. Бар болчу да. Мен аларга кандай мамиле жасадым эле? Кайсы күнү, кайсы жерде жаңы эле жуулган полду басып кеткенимде артымдан: «Шыйрагың сын!» – деп кимдер каргады экен?

Бүгүн эртең менен кызматкерлердин бирөө дааратканада колун жууп жаткан. Жанына катар туруп эле коңшу раковинаны жууй баштадым. Жулкунуп-булкунуп, туш-тарапка суу чачыратып эле жууп кирдим. Бул аны коркутканым. «Таң атпай мени менен тең жарышып басып жүрөсүң» деп кыр көрсөткөнүм болчу. Ошол кыз: «Этегиме кир сууну төгүп жиберди», – деп менин үстүмдөн арыз жазыптыр. Булар ушинтип арызданса болот, бирок биз арыздана албайбыз. Азыраак күн мурда да ушундай окуя болгон. Ошондо «бул күндөрдү кантип жеңем?» деп ыйласам, Акбермет: «Бул күндөрдү чогуу жеңебиз», – деп мени соороткон. Ошол убадасы үчүнбү же мени аяйбы, айтор, менин ишимдин жарымын ал жасайт. Өзүнүн жумушун бат-бат бүтүрүп, мага чуркап келет. «Менин кабатымдагылардын баары мени менен тааныш, унчукпайт. Сен жаңысың, жаңыларды «океңдер» кодулай берет», – деп жанымдан чыкпайт. Ошентип жатса деле мен жетишпейм, булганган жерлерди көрбөй калам, билбей калам, анан үстүмдөн арыз түшөт. Арыз түшкөн сайын жумушка текшерүү келип, текшерүү келген сайын мен ыйлап, мен ыйлаган сайын Акбермет мени сооротот, аяйт. Ал мени аяган сайын ичимден «сенин өзүңдү ким аяйт?» деп ойлоном.

Эже, Акберметти мени менен сиз тааныштырдыңыз го, буларды сиз деле билсеңиз керек. Аны жашоодо такыр эч ким аябаптыр. Тогуз ай көтөрүп, толгонуп төрөгөн өзүнүн энеси таштап кеткен күндөн тартып эле эч ким аябаптыр. Апасы таштап кеткенден кийин атасы оорудан каза болуп, атасынын бир тууган агасынын колунда өскөн турбайбы. «Жалгыз бир тууганымдан калган жалгыз туяк» деп ошол киши аяса болмок да. Ал киши аябагандан кийин жеңеси аямак беле? Азабын берип чоңойтуптур. Аялбай чоңойгон байкуш андан аркы азапты кайнене-кайната, күйөөдөн көрүптүр. Жеңеси Акберметти күйөөгө 17 жашында берген экен. Элестетсеңиз... 17 жаш деген эмне? Бала да. Баланын жашы... Кыскасы, муну тагдыр деле аябаптыр, Кудай деле аябаптыр. Кудай деле аябаган кишисин акыр-аягына чейин аябайт окшойт го. Ошонун баарын угуп-билип туруп эле мен да аны аяп, пол жууганды эртерээк үйрөнүп, өз түйшүгүмдү өзүм тартып кетпедим. Уялып кетем. Окуумду бүтүп, эл катары бир мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп эле, эми келип пол жууп калганымды көтөрө албай, өз кайгым менен Акберметтин бүт кайгыларын тең коюп жатканыма уялам. Кайгыларым, түйшүктөрүм кичинекей болгондой эле, аларга болгон чыдамым, күрөшүм кичинекей экен. Ошону түшүндүм.

– Ар бир адамдын кайгысы өз башына чоң, өз башына оор... Ошого күрөштүн чоң-кичинеси, оор-жеңили болбосо керек... Жазганыңды окуп, сени, сага кошуп Акберметти аягым келип кетти, бирок аясам, балким, кайра бошошосуң, балким, жагымсыз сезимде каласың. Балким, тыңсынгандай көрүнөм... Билбейм, айтор, мага туура эмес аёонун пайдасынан зыяны көптөй сезиле берет.

Мындан көп жыл алдын бирөө мага: «Сага Кудай бакыт карыз, Кудайдан ошол бактыңды доола, бергенче доола!» – деп кат жазган. Жаман деле кат эмес, адам мени аяп жатат, бирок мен катты окуп, кемсине түшкөнүм эсимде. Кийин андай каттарды көп окудум. Баары келишип алгансып: «Сен сөзсүз бактылуу болосуң!» – деп жазышат. Айрыкча, жашың бир мынчага келип, бирок эри жок жүргөнүңдү билгендин баары ушул сөздү айтууну өз милдетим деп эсептешет. Ошол: «Сен сөзсүз бактылуу болосуң!» деген сөздө канча басынтуу, канча кемсинтүү бар экенин көбү билбейт. Же билет, билип туруп атайылап жазат. Мен бүгүн дагы бактысыздардын катарын толуктап отургам. Макмал деген курбум: «Жаңы ырыңды окуп, эки күн ыйладым. Менин эле тагдырымды жазыптырсың. Тагдырыбыздын окшоштугун кара. Бактысызбыз... Бактысыз болуп калдык...» – деп кат жазды. Ал өзүн бактысыз сезген учурларда мени дайым катарына кошуп алмай адаты бар. Жалгыз бактысыз болгонго караганда, өзүнө бирөөнү кошуп бактысыз деп эсептеген жеңил болсо керек... Жазганына эмне деп жооп береримди билбей калдым. “Ыракмат” дейин десем, “бактысызсың, бактысызбыз” деп салды, дебейин десем, ырымды мактап жатат...

ххх

– Эже, жумушка Айзат аттуу кыз келди. Көргөн күнү, ач калганы, акчасыз калганы, кыйналганы биздей эле. Бизге окшобогону – 18 жашы. 18 эле жашта экени... Москвага апасы экөө келген экен. Апасы бир кафеде идиш жууп, Айзат өзү бирөөлөрдүн үйүндө бала багып иштептир. Бала багуучу деген эле аты болбосо, билесиз да, ошол үйдүн бүт түйшүгү моюнуна артылат. Эми ошол иш берген аял аны эки ай иштетип, эки ай баласын бактырып алып: «Сен бузулган кыз экенсиң», – деп үйүнөн чыгарып коюптур. 18 жаштагы кызды кантип «бузулдуң» деп айтат? Кайсы аял, кайсы эне бирөөнүн баласына ушундай мамиле кылат? Кантип кыргыз кыргызды чоочун жерде ушундай жамандыкка кыят? Көңүлүнө толбой калгандыр, жасаган жумушу жакпай жаткандыр, кандай болгон күндө деле эмгек акысын бериш керек эле да! Ушуларды ойлоп отуруп, Айзаттан кожойкесинин номурун алып чалдым. Сөз жей турган аял эмес экен. «Сен кимсиң?! Кайсы жыргатып иштеген иши үчүн айлык төлөйүн?! Батирде жашаган жигиттер менен эле жалжактап отурчу, ошонусуна айлык төлөйүнбү?!» – деди. «Арыз жазам үстүңүздөн», – десем, «Колуңдан келгенин кыл!» деп өчүрүп койду. Арыз деле жазган жокмун. Уялдым. «Кыргыз кыргызды ушинтип алдап кетти», – деп кимге арызданам? Каякка арызданам? Башкалар алдап кетсе мейли эле... Күйөт экенсиң. Колумдан эч нерсе келбегени күйдүрүп жатат. Менин колумдан келчү иш эмес экен, опер досторуңузга айтып көрбөйсүзбү, айлыгын алып берсинчи, сураныч...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан