АЙЫЗ УЧУРУНДА...

Балакатка жеткенден тартып климакска учураганга чейин айымдарда этек кир ай сайын кайталанып келүүчү процесс. Көпчүлүк учурда этек кир келип жаткан убакта өзүнө туура эмес кам көргөнү, гигиенаны сактабаганы үчүн оорулар жаралат. Аларды алдын алуу үчүн айыз учурунда кандай эрежелерди сактоо керек, гинеколог Чынара Дүйшенова кеңеш берет.

  • Бир жолу колдонулуучу гигиеналык каражаттарды (прокладка, тампон) ар бир 3-4 саат сайын алмаштырып туруу керек. Ал толуп же толбогону маанилүү эмес. Ыңгайсыздык жаралса андан да эрте алмаштырууга болот.
  • Алмаштыруу учурунда жыныстык органды жумшак гелдер менен жууп туруу кажет. Эгер суу менен жууганга мүмкүнчүлүк жок болсо, нымдуу салфеткаларды (антибактериалдык эмес) колдонуу сунушталат.
  • Гигиеналык каражаттарды алмаштыруу алдында колду жууп же антисептик менен сүртүү керек.
  • Айыз убагында, оорутпай келип жаткан болсо спорт менен машыгууга болот. Мектеп курагындагы кыздарга да дене тарбия сабагына катышуунун зыяны жок.
  • Ичке, бел тарапка, бутка физиотерапиялык процедураларды жасоо сунушталбайт.
  • Дары, витамин ичүү, тишти дарылатуу, операция сыяктуу дарылоого тыюу салынбайт. Кадимки жашоо образы жүрө берет.
  • Айыз убагында ысык мончого, саунага түшүп, ысык ваннага, кумга жатуу сунушталбайт. Белге, ич тарапка массаж албай турган жакшы.
  • Эгер этек кир ич оору, баш оору менен коштолсо, цикли бузулуп жатса гинекологго кайрылуу кажет. Ал себептерин аныктап, көйгөйдү чечүүгө жардам берет.

Этек кир келип баштаган күндү белгилеп, аралыгын аныктап алуу туура. Азыркы медициналык көз караш менен алганда, 21ден 35 күнгө чейинки циклде келиши нормалдуу болуп эсептелет. Кантип эсептөө керек? Айыз башталган күндөн тартып кийинки келген убакка чейинки күн саналат. Мисалы, 5-августта келип, кийинкиси 29-августта келсе аралыгы 25 күн болот да, бул нормалдуу болуп саналат. Ал эми кан келүү 7 күнгө чейин созулушу норма болуп саналат.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан