– Арыбаңыз! Жакында 8 манасчыга үй берилди, ак өргөө кут болсун! Маекти ушул жаңылыктан баштасак...
– Бар болуңуз! Рахмат, 8 манасчыга үй берилди. Манасчылардан өтүп “Манас” дүйнөсүн өзгөчө баалаган, өнөр сүйгөн элибиз маңдайы жарыла сүйүнүп жатат. Бул үйлөрдүн берилишине эң биринчи эл себепчи. Элдин өнөргө болгон колдоосу менен мамлекет “Манас” театрын ачып, 6 ай өтпөй улуттук деген статус берип, манасчы, дастанчы, төкмө акындарды өзгөчө камкордукка алып жатат. Ушунун уландысы катары жүрөгү Кыргыз деп соккон мекенчил уулдардын бири, ишкер Нургали Асаналиев 8 манасчыга 2 бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды. Бизге айтылган маалымат боюнча, бир жылдын ичинде толугу менен үйгө киребиз.
– Буга чейин өз үйүңүз бар беле?
– Буга чейин өзүмдүн үйүм жок эле, батирде турчубуз. Үй курсам же сатып алсам деген далалаттын үстүндө жүргөм. Мамлекеттик жумушта иштегениме дээрлик 20 жыл болду. Мамлекеттин берген айлыгына топук кылып, мугалимдикти аркалап, Улуттук филармонияда манасчы, дастанчы катары эмгектенип, чыгармачылык менен алектенип жүрөбүз. Албетте, үй-бүлөлүк маселелер такыр артта калды дебейм. Келинчегим да мугалим, тарыхчы. Экөөбүз 3 баланы тарбиялап жатабыз, улуу балам быйыл 9-класс, андан кийинки кызыбыз 7-класс, кичүү кызыбыз 1-класска барды. Ушундай кезде өнөрдүн арты менен үйлүү болуп жатканыбыз кубантарлык жаңылык.
– Манасчылык, мугалимдин айлыгы менен Бишкекте батирде жашоо, үй-бүлө багуу деле оңой эмес болуш керек...
– Мени чыгармачыл чөйрөдө “Самат кайда иштейт эмес, кайда иштебейт деп сураш керек” деп тамашалап калышат. Жогоруда жумуштарымдын экөөсүн гана айттым, бул – филармония жана университет. Мындан тышкары мектептер, коомдук уюмдар менен иштешем. “Өнөрлүү өлбөйт” дейт, өнөрдүн арты менен, анын үзүрүн көрүп жашап келе жатабыз.
– Ырчылар той-топурга чыгып өнөр тартуулашат, манасчы-дастанчыларды көбүнчө кимдер чакырышат?
– Манасчылар деле тойго барышат, азыр тойлорду “Манас” менен ачып калганбыз. Баары эмес, албетте. Манасчыларды үйүнө чакырып “Манас” айтып бер” дегендер бар. Кыргыз эли берешен, март эл, жөн чакырбайт, сыйын көрсөтүп, баласына бата алгысы келип, үйүнөн “Манас” жаңырткысы келип чакырат. Сөз баалаган адамдардын үйүнө барып “Манас” айтып беребиз. Анан Кыргызстанга келген туристтер манасчыны сураган учурлар көп. Шоу-бизнести, театрды, искусствонун башка түрүн эмес, комузчуну, дастанчыны, манасчыны, айтор, улуттук өнөрдүн өкүлдөрүн көргүсү жана уккусу келишет. Демек, туристтик фирмалар да чакырышат.
– Улуттук өнөрдүн күйөрмандары менен байланышты үзбөш үчүн сиздер деле гастролдоп чыксаңыздар болобу?
– Мына “Манас” театры ачылды, сиз айтып жаткан иштер эми системдүү жүрөт. Албетте, муну моюндайбыз, манасчыларга, төкмө акындарга караганда шоу-бизнес өкүлдөрү материалдык жактан алда канча алдыда турат. Көпчүлүктүн маалыматы жок болушу мүмкүн, бул убакка чейин системдүү, массалык түрдө эл кыдырбаса дагы, манасчылар 4-5тен болуп алып эл аралап “Манас” айткан учурлар көп эле. Сиз маанилүү нерсени айттыңыз, эгер “Манасты” жайылтабыз десек, анда эл кыдырып, гастролдоп “Манас” айтуу маанилүү.
– Шоу-бизнес өкүлдөрү менен чогуу кыдырсаңыздарчы?
– Жакшы суроо экен, кызык (күлүп). Шоу-бизнестин өкүлдөрү, ырчылар, анан арасында манасчы бар, ээ? Негизи болот, бирок ар бир искусствонун өз угарманы болот да. Айыл жерине ырчылар барса улгайган адамдар көп барышпайт, жаштар ойноп-күлүшөт. Андай жерде Саякбайдын өзүн алып барсаң деле “Манас” угулбай калышы мүмкүн. Бул элге “Манас” айтсак эле чечилип кала турган нерсе эмес, маданий-эстетикалык тарбия берүүнүн булагынан жаш муун ажырап калган, ошону калыптандырсак, анда угарман даярдай алабыз. Чынында, улуттук уңгулуу өнөрүбүздүн угармандарын жоготконбуз.
– Канча жаштан тарта “Манас” айтып калдыңыз?
– 12-13 жашымда манасчылык өнөргө аралаштым. Албетте, ага чейин ырдап, чыгармачылыкка жакын элем. Таластын Манас районуна караштуу акбай, бабур деген эки уруудан турган Арал айылы бар, ошол айылдан көп атактуулар чыккан. Алымкул Үсөнбаев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев, Анатай Өмүрканов, эң кичинекейи Аалы Туткучев экөөбүз, бизден кийин дагы куру эмес. Ошол айылдын тузун татып, улуу инсандардын артынан өсүп чыкканыма сыймыктанам. Манасчылыкка келип калышыма белгилүү манасчы Асанкан Жуманалиев себепчи. Мындан сырткары түшүмө Саякбай, Эстебес аталар кирип жүрдү, муну мен улуу өнөргө сүңгүп кирүүгө болгон өзгөчө белги, сыр, аян деп билем.
– Жакында Манас айылы, манасчы Дөөлөт Сыдыковдун тегерегинде чуу жаралды, бул окуяда кандай пикирдесиз?
– Муну бир Дөөлөт, анан Кудай гана билет. Мен Дөөлөт эмнеге өлкөдөн чыгып кеткенин билбейм. Бир билгеним – Дөөлөт өлкөдөн кетпеш керек эле. Өмүрүнө коркунуч жаралып жатса, элге ачык айтып, аларды жазага тартууну бийликтен талап кылып ушул жерде күрөшүш керек болчу. Дөөлөт – манасчы. А манасчынын орду Кыргызстан, Ала-Тоо гана. Манасчыны ала-тоолук эл гана кадырлайт. Азыр дагы кеч эмес, келсе эл тосуп алат. Ал эми саясий иштерде өнөр адамдары оппозиция болуп, саясатка түзмө-түз кийлигишүүсү керек эмес деп эсептейм. Бул чындыкты айтпаш керек, кошомат кылыш керек дегендик эмес. Мына, президент өзү колдоого алып жаткан “Манастын уулу Семетей” тасмасы “жарабайт” деп ачык айтып жатабыз. Адистер жарабайт дедиби, демек, маселе бар. Биз тасмага каршы эмеспиз, бирок “Манас” тууралуу тасма татыктуу тартылышы керек.
– Сиз тасмадан конкреттүү кайсы кемчиликтерди көрдүңүз?
– “Манас” эпосунда салттуу вариант деген түшүнүк бар, аны бир дагы манасчы өзгөртө албайт. Анда өзгөрүлгүс окуялар бар. Маселен, Каныкей кара кийип ордодо калганда Көбөш жуучу жөнөтүп, ошол жуучу Каныкейге келип “Көбөшкө тиесиң” дегенде Каныкей ачууланып кынындагы канжарды сууруп, кууп барып шилтегенде жуучунун далысына чала-була тийип, ал качып барып Көбөшкө айтат. Тагыраагы, качып кутулат. А бул тасмада кандай? Боз үйдүн ичи, Чыйырды менен Каныкей турат, жуучуну Каныкей канжар сайып өлтүрүп салат, андан кийин Чыйырды экөө эч нерсе болбогондой сүйлөшүп отурушат. Бул наркка туура келеби? Адам өлүп жатса, энеде эч кандай реакция жок. Манастын ордосу өрттөлүп жатат деп кичинекей бир боз үйдү өрттөп койгон, Манастын ордосуна караганда Коңурбайдын ордосу чоң, ушул кантип болсун? Манастын ордосу жупуну болуп турса, Букарда Темирхандын, Ысмайылдын жеринде заманбап хан сарай турса, бу кандай? Мындай алешемдиктер көп. Манасчылар өз пикирибизди айттык, калганын эл өзү айтсын.
– Тасманын баштапкы варианты коомчулуктагы сындардан кийин кайра оңдолуп чыкты да. Манасчылар, адистер сырттан карабай, кемчиликтерди чогуу оңдоп чыксаңыздар болбойт беле?
– Сиз тим эле элдин оюндагыны айтып жатасыз да. Биз дагы ушинттик да. “Келиңиз, шашпаңыз, сценарийин чогуу иштеп чыгалы, кеңешели, бекер консультант болуп берели” деп айтып көрдүк. “Жок, силер, манасчылар, ичиңер күйүп, тасмага бойкот жарыялап жатасыңар. Эгер менин тасмам чыкса манасчынын актуалдуулугу жоголот” дейт. Бул эмне деген логика? Ушундай адамдан бирдеме күтүүгө болобу? Биз сценарийин оңдоп берсек, анан киночулардан кеңеш, жардам алып тартса жакшы эмгек жаралат эле да. Сөз уккандын ордуна кайра “мени эч ким токтото албайт. Менин ишиме эч кимиң кийлигишпе, манасчылар кинону түшүнүп коюпсуңарбы, баланчадан мынча миллион алып койгом, түкүнчө колдоп жатат” деп күпүлдөдү. Болбоду, чыгарды. Жарым жолдо калды.
– Маегиңизге рахмат!
Гулийпа Маметосмон кызы