"Чоң чычкан" ким?: Түштүк Кореянын "БОЛТУН" сериалы

Учурда популярдуу болуп жаткан тасмалар менен тааныштырууну улантабыз. Бул ирет корейлердин “Болтун” дорамасынын таржымалына токтолдук. Түштүк Корея эле эмес, бир катар өлкөлөрдүн кызыгуусун жараткан сериалдын өзгөчөлүгү эмнеде? Күнүмдүк жашоосуна каражат таппай карайлаган адамдар... Байлыгынан башы айланып адамдык сапатын жоготкондор... Түрмө, андагы зөөкүрлүк адамдарды канчалык өзгөртөрү чагылдырылган тасмадан көп нерсени сабак катары алсак болот.

Тарткан өлкө: Түштүк Корея

Чыккан жылы: 2022-жыл

Аталышы: “Болтун”, “Чоң ооз”, “Чоң чычкан”

Жанры: юридикалык драма, детектив, криминал (нуар), триллер

Режиссёру: О Чун Хван, Пэ Хён Жин

Сценаристи: Ким Ха Рам, Чан Ён Чоль, Чон Кён Сун

Канча серия: 16

Башкы ролдордо: Ли Чон Сок, Им Ю На, Ким Жу Хон жана башка

Көрсөтүп жаткан: МВС каналы, чет мамлекеттерге көрсөтүү укугун сатып алган “Disney+” платформасы



КҮТТҮРГӨН СЕРИАЛ

2021-жылы “Болтун” сериалы тартылары тууралуу маалымат жаңыдан чыкканда эле көрөрмандардын кызыгуусун жараткан. Биринчи себеп – сериалда баш каармандар катары актёр Ли Чон Сок жана актриса Им Ю Нанын тандалышы. “Пиноккио”, “W: Эки дүйнөнүн ортосунда” аттуу белгилүү дорамалардын жылдызы Ли Чон Сок аскер кызматынан 2021-жылы кайткан.

Актриса Им Ю Наны биз “Girls’ Generation” тобунун ырчысы катары тааныганбыз. Андан кийин эле актрисалык талантына күбө боло баштадык. “Сен менин тагдырымсың”, “Сүйүү жамгыры”, “К2” дорамаларын көрбөгөн k-pop’чулар аз болсо керек. Дал ушул тасмалардын көркүн чыгарган Ю На да 2019-жылдан бери тасмага тартыла элек болчу. “Болтун” көпчүлүктүн эки сүйүктүү кино жылдызын бириктирди. Дорама өзүнө бир катар оор жанрларды камтыгандыктан, актёрдук курам күчтүү болушу керек эле. Ли Чон Сок да, Им Ю На да буга чейин романтика, драма, триллер, боевик сындуу жанрларда тартылып жүргөн тажрыйбалуу актёр-актриса. Андан сырткары экинчи пландагы ролдорго да корей киносунун өнүгүшүнө салым кошкон, таланты, тажрыйбасы бар актёрлор тандалды.

ХИТ ЖАРАТУУЧУЛАР

Экинчи себеп – тасманын эки тизгин, бир чылбырын колуна алган сценарист, режиссёрлор болду. Сценаристтер Чан Ён Чоль менен Чон Кён Сун буга чейин “Бродяга”, “Императрица Ки” сериалдарынын сценарийин жазып кино талаасында абройго ээ болушкан. Ал эми режиссёр О Чун Хван “Стартап”, “Дель Луна” мейманканасы”, “Жылдыздан келген адам” сындуу хит сериалдарды жараткан адам. Жогорудагыдай күчтүү сценарист, режиссёрлор бириккенде сөзсүз кезектеги хит жаралмак. Жаралды дей берсеңиз болот, анткени “Болтун” дорамасы бир нече өлкөдө жогорку рейтингде турат.

ЛИ ЧОН СОК

3 жылдык тыныгуу алган жигитти күткөндөр көп эле. Буга чейин ийгиликтүү тасмаларга тартылып жүргөн актёр карьерасындагы тыныгуудан кийин тасма талаасына кайтып, бирок долбоор жогорку рейтингге жетпей калса “актёрдук таланты мокоптур” деген сөзгө калмак. Андыктан ал көптөгөн сценарийлердин арасынан “Болтун” сериалын тандаган. “Чынында кооптонуу бар болчу. “Болтундун” сценарийин окуп жатканда деле дароо макул болгон жокмун. Мен ойной турган каарман 2-3 адамга айланышы керек экен. Өзүмө чакырык катары кабыл алдым”,- дейт Чон Сок. Азыр “Болтун” дорамасын көрүп жаткандардын арасынан “Ли Чон Соктун карьерасындагы эң мыкты ролу” дегендер да жок эмес. Режиссёр О Чун Хван менен Ли Чон Сок буга чейин “Сен уктап жатканда” сериалында чогуу иштешкен.

“ЧОҢ ЧЫЧКАН” КИМ?

Пак Чан Хо (Ли Чон Сок) адвокаттык карьерасында алган ишинен жеңишке жетише элек адам. Мунун айынан аны бир дагы юридикалык компания жумушка алган эмес. Аялы Го Ми Хонун (Им Ю На) жардамы менен ижарага кеңсе алып иштетет, жардамчылык кызматта болсо кайнатасы жүрөт. Көп сүйлөп, бирок ийгилик жарата албаган Чан Хону кесиптештери шылдыңдап “болтун” деген каймана ат коюп коюшкан.

Бир күнү шаардын мэри Чве До Ха (Ким Жу Хон) Чан Хого телефон чалып, кесиптешин өлтүрдү деп айыпталып жаткан 3 дарыгерге адвокат болуусун сунуштайт. Бул иште абройлуу көп адамдардын катыштыгы бар эле. Чан Хо билбеши керек болгон нерсени билип калганы үчүн аны жалган жалаа менен түрмөгө каматып жиберишет. Ошол кезде Кореяны чууга салып, бир катар кылмыш иштерине, алдамчылыкка шектелген, “Чоң чычкан” каймана аты менен белгилүү адам бар эле. Чан Хонун кеңсесинен дал ошол “Чоң чычкан” уурдап кетти делген алтын, акча, баңгизат табылат да, байкуш адвокатты “Сен “Чоң чычкансың” деп камап салышат.

Чыныгы тозок түрмөдө башталды. Ал өзүн жана үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн чынында эле “Чоң чычкан” болушу керектигин түшүнөт. Кызыгы, чыныгы “Чоң чычкан” ага көп жерден жардам берип, ажалдын оозунан сууруп алып турат. Чан Хонун “Чоң чычкан” экенине ишенген жогорудагы адамдар аны өлтүрө албай убара болушат, анткени өлтүрсө акчаларын кайтара албай калат да. Башында таяк жегенден башы чыкпаган адвокат эми кылмышкерлердин арасынан аброй топтоп, өзүн каматып жибергендер менен күрөшүүгө өтөт. Бирок ага жардам берип жаткан “Чоң чычкан” ким? Түрмөнүн башчысыбы? Мэрби? Жерриби? Же өлүм жазасын алган кылмышкерби? Түрмөнүн кайтаруучусубу? Же балким, Пак Чан Хо өзүбү? Айтор, баарыбыз “Чоң чычкан” ким экенин билгибиз келип жаткан учур.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан