ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 12-сентябрдан 18-сентябрга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Чыгармачылыкта жана сүйүү мамилесинде ийгиликтер болот. Үйдөгү түйшүктөргө, көйгөйлөргө карабастан позитивдүү нерселерге көңүл бурганга аракет кылыңыз. Сизди көптөгөн кереметтүү, кубанычтуу көз ирмемдер күтүп турат, аларды көрүү жана сезүү үчүн өзгөчө маанай керек. Бойдоктор үчүн абдан ийгиликтүү апта, сезимдериңизди билдирип, кудалашуу каадасын кылып же үлпөт тойдун күнүн белгилесеңиз болот.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Үйдөн чыккыңыз келбей, жумушка болгон маанай суз болот. Мындай учурда кыска убакытка эмгек өргүүсүнө чыгып мээңизди эс алдырганыңыз туура. Кыймылсыз мүлккө байланыштуу маселелериңизди оңой чечип алсаңыз болот. Документке кол коюуда анын мазмуну боюнча кенен маалымат алып анан коюңуз, болбосо өзүңүзгө зыянын тийгизген иштерге аралашып каласыз. Конокторду кабыл алууга ыңгайлуу учур.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада көптөгөн кызыктуу жана жагымдуу баарлашуу күтөт. Сизде бардык окуялардан кабардар болуу зарылчылыгы жогорулайт. Бош убактыңыздын көп бөлүгүн кафеде же телефон менен сүйлөшүп отуруп өткөрөсүз. Бирок убактыңызды үнөмдүү пайдаланганды үйрөнбөсөңүз, көп нерседен куру каласыз. Буга чейин таарынышып жүргөн дос, тууган, кошуналарыңыз менен мамилеңизди оңдоп алсаңыз болот. Бойдоктор эски сүйүүсүнө жолугуп эйфорияга түшүшү күтүлөт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Каржылык абалыңызды жакшыртуу үчүн аптада сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Кирешеңиз өсүп же жумуштан маянаңыз жогорулайт. Соода кылуу үчүн абдан ыңгайлуу учур. Сүйүктүүңүз менен мамилеңизди суутуп, ортоңуздарга от жакчу адамдар чыгат, андыктан мамилеңиздеги анча-мынча көйгөйлөрдү эч кимге айтпай турганыңыз туура. Алыска жолго чыгууну пландап жатсаңыз унааңыздын алмаштыруу убагы келип калган тетиктерин жаңыртып анан чыкканыңыз оң.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада арстан мырзалар сүйкүмдүүлүгү, харизмасы менен айымдардын көңүл борборунда боло алышат. Жан дүйнөңүздөгү абалды өзгөрткүңүз келип жатса кийинүү стилиңизге, имиджиңизге өзгөртүү киргизсеңиз болот. Мындан улам сиздин өзүңүзгө болгон бааңыз өсөт. Сиз кадам таштаган бардык өзгөрүүлөр ийгиликтүү болот. Окуу жана инсандык өнүгүү үчүн жагымдуу мезгил. Ошондой эле кызыктуу жана адаттан тыш чыгармачыл адамдарды жолуктура аласыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Тынч жана бейпил турмушта убакыт өткөрөсүз. Эгерде бош убактыңыз болсо балык уулоого барыңыз же багбанчылык иштери менен алектениңиз. Бул иш-аракеттер аркылуу сиз жан дүйнөңүздө гармония таба аласыз. Эзотерикалык илимдерге, бардык тыюу салынган, сырдуу, мистикалык нерселерге болгон кызыгууңуз күчөйт. Балким, сизди көптөн бери түйшөлткөн маселенин жообун да таап калышыңыз мүмкүн. Күрөөгө кыймылсыз мүлкүңүздү коюп насыяга карыз алуудан абайлаңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Кыялдарыңыз орундалышы үчүн келечекке оптимисттик көз караш менен карап, айланаңыздагылар менен жакшы мамиледе болушуңуз керек. Жакшылык жасагандан аянбаңыз, ал жардам сизге башка адамдар аркылуу кайтып келет. Жашооңузда достордун позитивдүү ролу да жогорулайт. Жакын адамдарыңыз менен жолугушууга чакыруулардан баш тартпаңыз. Мындай маанай сизди узак убакытка жакшы эмоциялар менен кубаттандырат.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Атактуу болууну каалаган чаяндар аптада кыялына жетишет. Бирок оң жагынанбы же терс жагынанбы, кыймыл-аракетиңизге жараша болот. Жетекчилигиңиздин көзүнө түшүп, ал сизди кызматтык тепкичтен көтөрүшү мүмкүн. Бул учурда тагдыр карьераңыздагы оң өзгөрүүлөргө реалдуу мүмкүнчүлүк берет. Айымдар өздөрүнө мырзалардын ашыкча көңүл буруусун сезишет. Кандайдыр бир коомдук иш-чарада романтикалык таанышуу үчүн жагымдуу учур түзүлөт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Учурда эмгек өргүүсүндө болсоңуз жана үй-бүлөлүк милдеттериңизден бош болсоңуз, анда саякаттоого мындан ыңгайлуу учур болбойт. Окууга жаңы тапшырган студенттер окуу процессине активдүү катышышы керек. Мурда сиз үчүн түшүнүксүз болгон эң татаал окуу материалын да өздөштүрүп кетесиз. Достор, туугандар менен мамилени үзбөй катыштардан калбай барганыңыз туура.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аптада сабырдуу, сөз көтөрүмдүү болгонуңуз жакшы, анткени стресстик кырдаалга кабылышыңыз мүмкүн. Сизге жакын адамдар чыккынчылык кылышат, бирок ал нерсени моюнуна албай суудан кургак чыгышат. Эгер айдоочулук күбөлүк алууну же кошумча кесипке окууну каалап жүрсөңүз, бул жумада сизге ийгилик жылмаят. Жакындарыңыз материалдык жардамга муктаж болуп кайрылса баш тартпаңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Үй-бүлөлүк мамиледе биримдик, бири-бириңиздерге болгон сый тереңдейт. Бул жагдай сизге өзүңүздөгү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берет. Балдарыңызды ашыкча эркелетүүдөн оолак болуңуз, азабын кийин өзүңүз тартып каласыз. Сизди катуу капа кылган адамды кечирип, кайра аны менен мурунку мамилеге кайтууга аракет көрүп жүрсөңүз, жыйынтыгы жакшы болот.


БАЛЫК (20.02-20.03

Айланаңызды иретке келтирип, короо-жайыңызды тазалоо менен жеңилдейсиз. Физикалык кыймыл сизге абдан керек, эртең менен чуркап же жөө басып ден соолугуңузга кам көрсөңүз болот. Негизинен, бул жума шыктандыруучу иштерге ылайыктуу. Жакыныңыз олуттуу иш баштап жатса ага моралдык колдоо көрсөтүңүз, кийин пайдасы сизге да тиет. Сүйүүдө түгөйүңүз “мени кызганбайсың” деп чыр салышы мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан