Айбек Дайырбеков, режиссёр: “МАНАСТЫН УУЛУ СЕМЕТЕЙДИ” КӨРҮП БҮТКҮЧӨ АРАҢ ЧЫДАДЫМ”

Өткөн аптада Кыргыздын бир топ көрүнүктүү инсандарына мамлекеттик наамдар тапшырылды. Дайымкыдай талкуу жаралды. “Адаттагыдай кино тармагында иштегендер куру жалак калышты” деген нааразычылыктар да айтылды. Ушул жаатта кинематографисттер уюмунун төрагасы, кинорежиссёр Айбек Дайырбеков менен маектештик. Учурда талкууда турган “Манастын уулу Семетей” тасмасы тууралуу да кызыктуу кеп салып берди.

– Айбек мырза, кино тармагы мамлекеттин көңүл сыртында калып жатат дедиңиз, буга эмне себеп?

– Биринчи себеби – кинематографтын эркин болгону. 90-жылдары бардык режиссёрлор өз алдынча иштөөгө өтүп кеткен. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тасмалардын 95 пайызы жеке студияларда, жеке продюсерлердин каражатына тартылып жатат. Буга Маданият министрлиги менен Кинематография департаменти көнүп калган. Фестивалдарды кинематографтар өздөрү өткөрүп келишет, акча таап, чет өлкөлөргө фестивалдарга катышып, жеңип келе жатышат. Андай жеңиштерди чиновниктер жылдын аягында гана жалпы статистикага кошуп, мамлекеттин ийгилиги катары мактанышат. Ушуга көнүп алышып, стратегиялык долбоорлорду, кинону өнүктүрө турган системдүү иштерге аралашпай коюшту. Мисалы, Канн фестивалындагы Кыргыз киносунун “стенди” колдоого алынган эмес, премьер-министр “колдоп бергиле” деген, келечекте миллиондоп инвестиция алып келе турган нерсени Маданият министрлиги колдобой койду. Ал эмес президент Садыр Жапаровдун жарлыгында “кино фонду түзүлсүн” деп турса, аны дагы “кереги жок” деди.

– Орто Азиядагы кино тармагында Кыргыз киносунун деңгээли мыкты деп айтылып келет, чынында эле ошондойбу?

– Байкасаңыз, алган сыйлыктарынын саны Кыргыз киносунун бүгүнкү күндөгү деңгээли жогору экенин тастыктап турат. Акыркы 1 жыл ичинде эле эл аралык кинофестивалдардан 95 сыйлык алыптыр. Өйдөдөгүлөр кинону түшүнүшпөсө дагы бул чоң көрсөткүчтөн тыянак чыгарышса болот эле. Акыркы жылдары биз жазып, сунуштап келе жаткан идеялардын баары, анын ичинде өлкө президентинин тапшырмасы дагы чаңда калабы деп корком.

– “Киночулар жыл сайын наамдан куру калышат” деп жазып калдыңыз. Министрликтин, наамдар боюнча комиссиянын буга бир аргументи бардыр?

– Ушул наам берүүнү жоюп салышса туура болмок. Элдин нааразы болгонунун себеби – мыкты чыгарма жаратып эмгек сиңиргендер жылдап кезекте туруп, таанышы барлар алып жатканы. Кинематографтар “мындан 30-40 жыл мурун али жаш деп наам беришчү эмес, минтип карысак деле наам жок” деп күлүп калышат. Бергенге жараша наамды эмгеги элге сиңгендерге, мыкты чыгармаларга беришсе болмок.

– Өзүңүздүн чыгармачылыгыңызда абал кандай? Жетекчилик иштерге алаксып көңүл бурулбай калган жокпу?

– Убакытты баары бир алат. Кинематографисттер уюмуна төрага болгондон бери бир гана толук метраждуу кино тарттым. Аты "Эрмен жыты". Октябрь айында дүйнөлүк чоң кинофестивалдардын биринде бет ачары болгону турат. Башка жагынан ийгиликтер көп. Жакында мультсериалдарды тартууну баштадык, элге азырынча тартуулай элекпиз. Долбоорубузду чет өлкөлүк платформалардын бири сатып алууга кызыкдар экенин билдирди. Бирок биз ага азырынча даяр эмеспиз. Анткени дүйнөлүк деңгээлде иштөө такыр башкача.

– Учурда “Манастын уулу Семетей” тасмасы талкууда. Эмнеге бул тасманы тартуу милдети көп жылдык тажрыйбасы бар режиссёрлорго жүктөлгөн жок деп ойлойсуз?

– Аны мен кайдан билейин? Биринчи “чоң режиссёрлор мындай продюсер менен иштешеби?” деп сурасаңыз. Операторго даярданууга 3 күн убакыт берген продюсер менен кантип иштешсе болот? Декорациядан акча аяп, Кытайдын пледин илбирстин териси катары пайдаланган киши кантип тарыхый кино тартсын?

– Башында чын эле кемчиликтер бар экени айтылып, тасмадагы кемчиликтер оңдолуп, кайра иштелип чыкты да?

– Былтыр тасманы “Ала-Арча” резиденциясында президент менен чогуу көргөнбүз. Тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков президенттин көзүн тике карап туруп “кинобузду “Netflix” сатып алганы жатат, кичине акча болсо мыкты кылып бүтүрө салабыз” дегенде таң калгам. Мен балдарыма калп айткандан уялам. Бул киши каратып туруп президентти алдайт го (күлүп). Кинону көргөндөн кийин “адегенде акын, жазуучу, манасчы, тарыхчылар сүйлөгүлө, киночулар аягында сүйлөп чекит койсун” дегенбиз. Башында 5-6 киши кинону сындап пикир айткандан кийин Садыр Нургожоевич “кинону бул абалында элге көрсөтүүгө болбойт, оңдош керек” деп чыгып кеткен. Режиссёрлорго пикир айтууга кезек жетпей калган эле ошондо. “Кино тартылып бүттү, даяр” дегенде көргүм келген жок. Журналисттер кайра-кайра комментарий сурай бергендиктен кечээ тасманы көрүп келүүгө мажбур болдум.

Режиссёр катары кесиптик критерийлерди “өчүрүп коюп” көрсөм дагы тасманы чыдап көрүү мүмкүн эмес. Продюсер эмне үчүн “президент колдоду” деп мактанып жүргөнүн түшүндүм. Кыргызды бириктирген баатыр Семетей менен Садыр Жапаровдун тагдырын окшоштуруп, “сиздин тагдырыңызды Семетейдин образы менен чыгарабыз” десе керек. Бир суроо бар: келечекте хан болор Семетейдин апасы далыга бычак сайып киши өлтүрдү. Эпосто өлтүрбөйт. Коргонуп, жарадар кылат. Эгерде Садыр Жапаровдун тагдыры Семетейдин тагдырына шайкеш келип жатса, анда эмне, бул Садыр Нургожоевичтин апасына тийишкендикпи? Билимсиздиктен улам ажобузду “подставлять” этип жатышпайбы.

– Операторлук, режиссёрлук, актёрлук курам тууралуу айта кетсеңиз...

– Кинодо 40 гана эпизод экен. Элестетсеңиз, эпикалык чыгарманы 40 эпизод менен бүтүрүп коюшуптур. Салыштыруу үчүн, "Дарак ырында" 72 эпизод бар. Тасмада сценарий жок, пьесанын негизинде тартылган. Пьесада көп окуя диалог аркылуу берилет. Театрда ат чаап келе жаткан куугундар Каныкейди көргөндө "тигине! Чап, кууп жетели, чү!" деп сахнадан чуркап чыгып кетишет. Себеби алыскы тоону сахнада көрсөтө албайсың. Булар кино тартып жатканын унутушуп, ошондой учурларды куду театрдагыдай, баарын сөз менен берип жатпайбы. "Тигине! Тезинен кууп жетели, чап, чү!" деп коюшат, же минген аты бассачы. Тамашасы жок, так эле ушундай.

– Кесипкөй режиссёрдун көзү менен караганда, “Манастын уулу Семетейдеги” негизги мүчүлүштүктөр кайсылар?

– Тасманын эң чон кемчилиги – сүрөткерлердин иши. Бул тасманын авторлорунун оюнча Бухара деле, Талас деле, Бишкектеги ботаникалык бакча деле, сиздин дачаңыз деле баары окшош болсо керек. А Манастын ордосу – төрт боз үй.

Операторлук иш. Кадрлардан актёрлордун ойногону, көзү эмес, кимиси каякта турганы көрүнбөйт. Беттери капкара. Күндүз кадрды түнкүгө окшотуп тартканды дагы билиш керек, бул ыкма “американская ночь” деп аталат. Аны кантип тартууну алдын ала тактап алышып, монтаждан кантип боёорун сүйлөшүп алгандар, билгендер гана тартат. Кадрды караңгы эле кылып койсо түнгө окшоп кала бербейт.

Актёрдук иш. Тасмага мен сыйлаган, жакшы көргөн актёрлор тартылыптыр. Бирок тасма талаасында режиссёр жок болсо актёрдук иш кайдан болсун. Башкы каарманды болсо көчөдөн таап алып эле тартып коюшкандай. Баса, чындап эле көчөдөн таап эле тартышыптыр.

Монтаж, цветокоррекция, спецэффекттер. Хромакей менен тартууну билиш керек. Ютубга блог тартып жаткан блогерлер дагы хромакейге мындан жакшы тартышат. Хромакей – жашыл же көк фондо тартып, монтажда кесип, ордуна башка фон коюу. Бул тасмада жарыкты туура эмес коюп алышып, кескилеп ойношкон экен. Бир жерде кызыл, бир жерде сары болуп жүрөт.

Жалпылап айтканда, бул кино айылдын бир трактористи жөнүндө тасма болсо жарамак. Бирок улуттук баалуулук, улуу мурасыбыз жөнүндө тасма болгон соң мамиле аяр болуш керек эле. Элдин каршы болгонуна карабай продюсери кинотеатрларга чыгарды. Эл келесоо эмес да, келбей койду. "Курманжан датка" тасмасы кинотеатрларда 9 ай турган. "Дарак ыры" тасмасына эл 8 ай агылып келген. Бул тасма прокатта 8 күн чыдай албады. Мен залда жалгыз көрүп отурдум. Бул тасма – Кыргыз киносунун тарыхындагы эң начар тасмалардын бири болуп калат.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан