БИР БҮРКҮМ. БИШКЕК-ОШ АБА КАТТАМЫ КӨБӨЙДҮ...

  • Жогорку Кеңеш саламаттыкты сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды.
  • “Манас” аэропорту: Бишкек-Ош аба каттамдары көбөйтүлдү.
  • Ноокен районунда 6 жашар кызды зордуктоого аракет кылган жаран өмүр бою эркинен ажыратылганы кабарланды.
  • Бишкекте Ак үйдүн, УКМКнын имараттарынын алдына, "Ала-Тоо" аянтына жана башка жерлерге митинг өткөрүүгө салынган тыюу 2-декабрга чейин узартылды.
  • Мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев ИИМге суракка чакырылды.
  • УКМК: Бишкекте Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалышты, алар ишкерден акча талап кылышкан.
  • Кыргызстанда дизель майынын баасы дагы көтөрүлөрү маалымдалды.
  • Депутаттар аскер кызматындагы жоокерлердин өлүмүнө Коргоо министрлигин айыпташты.
  • Бишкекте 10-октябрда Бишкек шаарынын курултайы өтүп, анда 25-ноябрда өтүүчү Элдик курултайга делегаттар шайланары айтылды.
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги: Жыл башынан бери 2 адам кутурма илдетинен каза тапты.
  • Жалал-Абад шаарында
    44 238 жарандын маалыматы “Санарип аймак” маалымат базасына киргизилди.
  • Эсептөө палатасынын тышкы адиси 150 миң сом пара алууга шектелип кармалганы маалымдалды.
  • Башкы прокуратуранын тергөөчүсү коррупцияга шектелип кармалды.
  • Акылбек Жапаров: “Асман шаары” сөзсүз курулат”.
  • 6-сентябрда Ысык-Көлдө 2 салык кызматкери мушташып, бири бычакталып каза тапканы кабарланды.
  • Бекбосун Апсатаров президенттик администрациянын Сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
  • 2022-жылдын 1-августуна карата Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 977 миң адамды түздү.
  • Бишкекте милициянын кайгуул кызматкери пара алууга шектелип кармалганы кабарланды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан