"ЭРЕЖЕСИЗ УРУШТУ ЖАРНАМАЛАП, БАЛДАРДЫ МЫКААЧЫЛЫККА ҮНДӨБӨЙЛҮ" ДЕЙТ ДЕПУТАТ

Эрежесиз уруштарды жарнамалоо – балдарды мыкаачылыкка үндөө. Мындай пикирди 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирип, өлкөдө мыкаачылыкты жайылтууга коом өзү жардамдашып жатканын айтты.

– Мурда спорт десе жеңил атлеттерди, волейболчуларды түшүнөт элек. Азыр “мен жеңил атлетика менен машыгам, спортчумун” десең күлүшөт. Азыр спорт дегенди ММА, эрежесиз уруш деп калышты. Жыгылып калган адамды бети-башына тепмей, ушундай тарбия берилүүдө. Балдарга зомбулукту аябай эле жарнамалап жатабыз,- деди депутат.

Кыргызстанда ММА, эр уруштун күйөрмандары көп экени өлкөгө Хабиб Нурмагомедов келгенде, Бишкекте жана Ысык-Көлдө өткөн эрежесиз мушташ боюнча беттештерде даана көрүндү. Депутаттын “эрежесиз урушту жарнамалаган туура эмес” деген сыны өлкөнүн азыркы жетекчилигине түптүз тиет. Анткени дүйнөгө белгилүү мушкерлер Кыргызстанга келгенде аларды президент, Жогорку Кеңештин төрагасы жана башка жетекчилер урматтап тосуп алып, сый көрсөтүп келишет.

Мушкерлердин эл аралык аренада Кыргыз желегин желбиретип жатканы жакшы көрүнүш дегендер дагы көп. Мисалы, Валентина Шевченко, Дмитрий Бивол сыяктуу мушкерлер Кыргызстанды дүйнөгө таанытышууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан