Кыргызстандын мамлекеттик номуру бар жеңил автоунааларга 50 сом (чет элдик номурдагы унаалар үчүн 5 доллар) төлөм алынышы мүмкүн. Кичи автобус жана 3 тоннага чейин жүк көтөрүүчү унааларга 100 сом (10 доллар), 22ге чейин оруну бар автобустарга 150 сом (20 доллар) төлөм алуу сунушталды.
Ал эми оруну 22ден 32ге чейинки автобустар жана 10 тоннага чейин жүк көтөрүүчү техникалар 300 сом (40 доллар), оруну 32ден көп автобустар жана 25 тоннага чейин жүк көтөрүүчү унааларга 350 сом (60 доллар), 25 тоннадан ашык жүк көтөрүүчү унааларга 400 сомдон (80 доллар) төлөм алынып калышы мүмкүн.
“Тез жардам” унаасы, министрликтердин, бир катар мекемелердин унааларынан да акы алынбайт деп айтылат документте. Токтом долбоору кайрадан иштелип чыгып коомдук талкууга коюлат.