Интернеттеги социалдык баракчасына кастыкты козуткан билдирүү жарыялады деп жарандык активист Эмил Бекиев кармалды. Бул тууралуу 7-сентябрда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту аталган жаранды камакка алуу боюнча сырттан чечим чыгарган. 6-сентябрда Москванын Преображенск райондук соту Орусиянын мыйзамдарын көп жолу бузганына байланыштуу депортацияланганы, 7-сентябрда УКМКга жеткирилгени айтылды. Ага айыбы угузулуп, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын белгилейт УКМК.
Айта кетсек, буга чейин социалдык түйүндө тараткан маалыматы үчүн жарандык активист Ырыс Жекшеналиев да УКМК тарабынан кармалган. Учурда ага тагылган айып боюнча сот иши уланууда.