14 ЖАШАР КЫЗДЫН ЗОРДУКТАЛЫП КАЗА ТАБЫШЫ ЖАНА ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН КОЛДОНУУ ЧАКЫРЫКТАРЫ

Үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында Кадамжай районунда үрөй учурган кылмыштын бети ачылды. 14 жаштагы мектеп окуучусу Айдай аттуу кыздын зордукталып, өлтүрүлгөн денеси айыл четинен табылды. Көчөт кыздын аянычтуу тагдыры элди ыйлатты, ызалантты, коомчулукта педофилдерге өлүм жазасын колдонуу талаптары кайрадан жаңырууда. Президент да бул чуулгандуу окуяга комментарий берди.

Баткен ОИИБи: Кыздын денеси сел өтүүчү туннелден табылды

2022-жылдын 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы сел өтүүчү туннелден 2008-жылы төрөлгөн кыздын денеси табылды. Кыздын денесин Ноогардан айылында мал кайтарып жүргөн жаран көрүп калып милицияга кабарлаган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда кыздын колу байланып, жип мененен муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталды. Жашы жете элек кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Халмион айыл аймагынын тургундары 1997-жылы туулган М.Ш., 1995-жылы туулган Г.Д. жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факт боюнча учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Иштин тергелишинин жүрүшү боюнча коомчулукка кошумча маалыматтар берилип турат. Айрым жарандар аталган кылмышты жасагандардын арасында милиция кызматкери бар экен деп айтып жатышат. Ишенимдүү түрдө айтабыз, кылмышка шектүүлөрдүн арасында милиция кызматкери жок. Үсөн Мурзадиллаев, маркумдун тууганы:

“Кылмышкерлерди биздин колго салып берсин, эл өзү жазалайт”

– Кызыбыз Айдай 14 жашта эле, 9-класста окуп баштаган. Мектепте жакшы окучу, жүрүм-туруму да сонун болчу. Бизге анын каза болгонун милиция кызматкерлери угузушту. Ата-энесинин Орусияга иштегени кеткенине 20 гана күн болгон. Бир үйдүн жалгыз кызы эле. Кызынын каза болгонун угуп кайра учуп келишти. Айдайды 5-сентябрь күнү жерге бердик. Бул окуя чакалайдын чак түшүндө болуптур, эч ким көрбөй, байкабай калганына таң калып жатабыз. Акыркы жолу кызды окуя болгон күнү эртең менен жеңелери көргөн экен. Эки күн мурун апасы менен видеочалуу аркылуу сүйлөшүп “апа, интернеттен карап таттуу жасап жатам” деп көрсөткөн экен. Атасы менен 3 күн мурун байланышып сүйлөшүптүр, маанайы суз болгонун же жашоосунда бир нерсе болуп жатканы тууралуу такыр эч кандай белгини байкашкан эмес. Андыктан бул окуя күтүүсүз болгонуна ишенем. Кармалган шектүүлөр үй-бүлөлүү, бала-чакалуу кошуна айылдын эле балдары. Ата-энесине кыйын болду, жалгыз кызын жоготуп өздөрүнө келе албай отурушат. Энеси “өлтүрбөй эле тирүү калтырышса эмне?” деп боздоп жатат. Бул зөөкүрлөр бир кылмышын жашыруу үчүн экинчи кылмышка барышкан. Химиялык кастрациябы, өлүм жазасыбы, айтор, эл сунуштаган бардык оор жазаларды колдойбуз. Ата-энеси “кызыбызды мыкаачылык менен өлтүргөндөрдү биздин колубузга салып беришсин, эл менен чогуу жазалайбыз” деп жатышат.

Президент: “Бул кечиримсиз кылмыш”

Президент Садыр Жапаров бул окуя боюнча социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдирүү жасады. Анда бул кылмыш кечиримсиз экенин, кылмышкерлер катуу жаза алууга тийиш экенин айтты. Бул иш өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө болору айтылды. Коомчулукта ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков бул окуяда моралдык жоопкерчиликти сезип отставкага кетиши керек деген талаптар айтылып жатат.

Аскат Азарбеков, Акыйкатчы институтунун өкүлү: “Зордук-зомбулук жыл сайын өсүүдө”

– Бул чуулгандуу окуяны президент өз көзөмөлүнө алды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Биз соттук-процессуалдык иштерде адам укугу бузулган жокпу деп байкап турабыз. Баткендеги өкүлүбүз барып, каза болгон кыздын жакындары менен жолугуп келди. Шектүү жигиттер боюнча да маалымат топтоп жатабыз. Статистика боюнча, былтыр 5-6 айдын ичинде зордук-зомбулукка байланыштуу 250 кылмыш иши катталса, быйыл 5-6 айдын жыйынтыгы менен 500гө жакын кылмыш иши катталды. Акыркы айларда эле 13 жаштагы зордукталган кыз, Түптө майып кыздын 70 жаштагы абышкадан боюнда болуп калганы, жогорудагы окуялар коомдо зордук-зомбулук күчөп жатканынан кабар берет. Мындай окуялардын көбөйүшү – кылмышкерлердин татыктуу жаза албай жатканынан болуп жатат. Эл арасында сотторго, укук коргоо органдарына ишеним аябай төмөн. Алсак, былтыр зомбулукка байланыштуу 600дөй кылмыш ишинин 50 пайызы кыскарып кеткен, ала качууга байланыштуу кылмыш иштердин да 80 пайызы кыскарып кетет экен. Демек, бизде кылмышкерлер жаза албай кутулуп кетип жатат. Жаза албаса коомдо зордук-зомбулук, ыдык көрсөтүү күчөй берет. Эл арасында өлүм жазасына тартуу, химиялык кастрация менен бычуу сунуштары көтөрүлүп жатат. Сот системин туура багытка салмайынча өлүм жазасы тууралуу маселе көтөрүү эрте, анткени эртең күнөөсүз адамды деле жалаа жаап өлүм жазасына тарттырып жиберүү күч алып кетиши мүмкүн. Ал эми химиялык бычууну Казакстан мыйзамга киргизген, бизде да демилге көтөрүлүп жүрөт. Бирок Дүйнөлүк тажрыйбада көп өлкөлөр мындай оор жазаларды колдонушпайт, гуманизация күчтүү. Биздин мамлекеттин да адам укуктары боюнча өз милдеттенмелери бар, аны сакташыбыз керек.

Парламентте өлүм жазасын киргизүү боюнча талаш орун алды

7-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин жыйынында балдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча маселе көтөрүлүп, депутат Ырысбек Атажанов Кыргызстандын мыйзамдарына өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады. Ушундай эле сунушту Адахан Мадумаров да айтты. Нуржигит Кадырбеков 14 жаштагы мектеп окуучусу менен болгон окуяда коом да күнөөлүү десе, Медер Алиев өлүм жазасы тууралуу мыйзам кабыл алардан мурун сот, укук коргоо системин жакшыртууну сунуштады. “Өлүм жазасын киргизсек баягы эле карапайымдардын балдары өлүм жазага тартылат, акчасы барлар бошоп кетет. Анткени соттордун азыркы абалы белгилүү”,- деди.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан