Акылай Биримкулова, мекендеш: "ТОПТОГОН ТАЖРЫЙБАМДЫ ӨЛКӨМ ҮЧҮН ПАЙДАЛАНАМ"

Каарманым Акылай Биримкулова Түркияда ири компаниялардын биринде бир бөлүмдү жетектейт. Түркиядагы кыргыздар, алардын оор тагдырлары жана ийгиликтери, Түркиянын маданияты жана таң каларлык салттары тууралуу кызыктуу кеп куруп берди.

“Түркияда жашаганыма 15 жылдай болду”

– Жердигим Токтогулдан болот. Өзүм Таласта төрөлүп-өскөм, жашым 32де. Түркияда жашап жатканыма 15 жылдай болуп калды. Алгач 2007-жылы Түркиядагы Улудаг университетине окууга өтүп келгем. Кесибим боюнча химия адисимин. Окууну бүткөндөн кийин Кыргызстанда 1 жылдай иштедим да, магистратурага тапшырып кайрадан Түркияга келдим. Магистратурада окуп жүргөндө текстиль тармагында иштеп баштагам. Бул тармакта иштөө мага жакты, окууну аяктагандан кийин да ушул тармакта иштөөнү уланттым. Азыр токулган пледдерди чыгарган компаниянын сатуу бөлүмүн жетектейм. Түркиядагы компаниялардын сатуу бөлүмүндө иштеген кыргыздар көп. Анткени кыргыздар көп тил билишет, билимдүү. Биздин компанияда негизинен түрктөр иштешет, кыргыздардан мен эле.

“Акысыз ийримдер, спорт залдары бар”

– Түркияга биринчи жолу келгенде Кыргызстандын канчалык артта калганын түшүнгөм. Имараттар, жолдор, коомдук транспорттун түрлөрү... Транспорттун бардык түрүн кезиктирсе болот, метро, метробус, паром, поезд жана башка түрлөрү жүрөт, шаардын бир жеринен экинчи жерине кыйынчылыксыз жетесиң. Жолдор тез-тезден жаңыланып турат.

Анан да Түркия бай тарыхын сактап калып, аны мыкты уюштуруучулук менен жергиликтүү калкка гана эмес, туристтерге да жеткире билгени мени таң калтырды. Жадакалса Түркия тарыхы тууралуу туристтерге маалымат берүүчү атайын пункттар бар. Мага таасир калтырган дагы бир жагымдуу жагдай – жергиликтүү калктын жаныбарларга болгон жылуу мамилеси. Стамбулду мышыктардын шаары десе болот. Ар кадам сайын мышык, аларды баары жакшы көрүшөт, кам көрүшөт. Дүкөн, ресторандарда мышыктар кадимкидей жашай беришет, эч ким кууп чыкпайт.

Түркиянын Кыргызстандан дагы бир чоң айырмачылыгы – жашоочуларга мамлекет жакшы кам көрөт. Кыргызстанда эл өзү менен өзү жашай берет го. Бул жакта райондордо акысыз ийримдер, акысыз спорт залдары бар. Мамлекеттик ресторандар бар, ал жактан арзан жана даамдуу тамактана аласың.

“Кыздарды алдап алып келип сойкуканада иштөөгө мажбурлашат экен”

– Түркиядагы кафе, ресторандарда официант, ашпоздордун 90 пайызы эркектер. Оор иштердин баарында эркектер иштешет. Аялдар негизинен бала карап үйдө отурушат. Түрк жарандарына турмушка чыккан кыргыз кыздары да көп. Оор тагдырга кабылгандар да болушу мүмкүн. Мен көбүнчө бактылуу жашап жаткан үй-бүлөлөрдү көрдүм. Бул жакта аялдарда эркиндик көбүрөөктөй сезилет. Биздегидей келиндик милдеттер көп эмес. Аялдар кааласа иштебей койсо деле болот. Иштесе да өзү кызыккан жумушту жасашат.

Көбүнчө кеңседе иштеген кыргыздарды көрөм. Жаш балдарды, карыган кишилерди карап иштөө үчүн да келишет. Оор тагдырга кабылгандар да бар. Күбөлөр айтып беришкен, кыргыз эле эжелер Кыргызстандан жаш кыздарды алдап алып келишип, сойкуканаларда иштөөгө мажбурлашат экен. Мындай көрүнүш мени аябай өкүндүрөт.

“Туризм боюнча Түркиядан үлгү алсак”

– Түркиянын тарыхый, кооз жерлеринде болдум. Измир, Чанаккале, Фетхие, Мармариске бардым. Ушул шаарлар эс алууга жакшы. Бизде көбүнчө Анталияны билишет. Бирок эс алуу үчүн андан дагы сонун шаарлар бар. Кападокияда болгом. Андагы сезимдеримди сөз менен айтып бере албайм, өз көзүң менен көрүп, сезишиң керек. Мен башка өлкөлөрдө да болдум. Бирок Кападокияга баргандагыдай сезимдерге эч кабылган эмесмин. Түркияда дүйнөнүн 7 кереметинин экөөсү бар. Галикарнастагы мавзолей жана Эфестеги Артемида храмы. Ал жакта Иса пайгамбардын апасы Мариям жашаган үй жайгашкан. Ошондуктан миллиондогон туристтер жыл сайын сыйынууга келип турушат. Туризмди өнүктүрүү жагынан Түркиядан үлгү алсак дейм.

“Кыздар билим алышпайт...”

– Түркиянын чыгыш тарабындагы шаарларда азыр деле урууларга бөлүнүү бар. Мисалы, ар бир уруунун ичинде өз мыйзамдары, өздөрүнө тиешелүү салттары болот. Кыздарын башка урууга күйөөгө беришпейт. Кыз турмушка чыккыча жигит менен мамиле курса, ага оор жаза берген уруулар да бар. Андай урууларда кыздар билим алышпайт. Кыз күйөөгө тийип, бала төрөп үйдө отурушу керек деген түшүнүк бекем орногон. Ушул сыяктуу таң каларлык салттар бар.

Мага түрктөрдүн сый көрсөтүү иретинде улуулардын колун өпкөн салты жагат. Бул майрамдарда болот. Ата-эне, чоң ата-чоң энесинин үйүнө барышып, алардын колдорун өөп урмат көрсөтүшөт. Улуулары аларга белек же акча беришет.

“Сагынганда кыргыз ырларын угам”

– Минтип тез өнүгүп, жашоочуларына кам көргөн өлкөдөн Кыргызстанга барганда баары эле эскиче экенин көрөсүң. Маршруттук кичи автобустарда тыгылып жүргөндөр... Жашоочулар үчүн эч кандай ыңгай жок, мамлекет бир нерсе кылайын деп ойлонбойт. Эл да көнүп калган, мамлекеттен талап кылбайт. Түркияда метрого же автобуска батпай калса деле нааразычылык билдире башташат. Айткым келгени – эл өз укугун билет, талап кылышат.

Кыргызстанга жыл сайын барып турам. Мекенимди аябай сагынам. Баары бир жан дүйнөм ошол жакта. Бул жакка көнүп калдым, бирок туулган жериң өзүнө тартып турат. Башка жакта баары бир өз өлкөңдөгүдөй эркиндикти сезе албайсың. Бул нормалдуу көрүнүш. Кээде Кыргызстанга кетип калып кандай болсо да өз мекенимде жашасам деп ойлоп кетем. Сагынганда кыргыз ырларын угам. “Кечки Бишкекти” тажаганча, бир айдай күн сайын кечинде угуп жүрдүм. Угуп алып Бишкекке баргым келип, кечке маал салкын абада Бишкектин көчөлөрүндө сейилдегим, кыргыз тамактарын жегим келди. Өз өлкөңдө эркиндикти башкача сезесиң.

Келечекте Кыргызстанда өнөр жайын өнүктүргүм келет. Азыр иштеп жаткан жеримден тажрыйба топтоп жатам, мекениме кайтып өлкөгө пайдалуу иш жасачу күндөр алдыда...

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан