КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Саат түнкү төрт болду. Үйгө барбай калганын ушундай маалда айтабы? Тапкан экен айта турган учурду,- Карлыгач өзү менен өзү сүйлөнүп жатты. Уктай албай койду. Өткөн-кеткенди, балдарын, эжесин, акылдан тайып, эч нерсеге карабай Байышты сүйүп калган учурун ойлоду. “Марат менен жашагың келбесе ажыраш, балдарыңды караан тутуп жаша, мен сага жардам берейин. Бул жаш баладан эмне издеп жатасың? Карлыгач, айланайын, эртең бармагыңды тиштеп калба. Байышың жаш, эртең эле жаш кыздарга көзү түшүп, таштап басып кетсе ара жолдо каласың. Бир күйөө менен жашаган жакпай жатса, экинчисинин эмне кереги бар? Ажырашып өз алдыңча жаша” деп жалдырап жаткан эжеси, апалап бучкактап ыйлаган балдары көз алдына тартылды. Балдарын кучактап уктаган күндөрүн сагынганын сезди. Кантип чоңоюп жатышканын көргүсү келди. Учурунда баарын сүйүүгө шылтабады беле. Көрсө, баарынан баш тартууга мажбурлаган сүйүү деле ар дайым жалындап күйүп тура бербейт тура.

– Эжем ошондо эле билгендей айткан бейм, эмне, Байыш башка бирөөнү таап алдыбы? Ошон үчүн үйгө келгиси келбей жатабы? Жумушу болсо эмнеге эрте айткан жок? Иш жакшы болбой жатат деп эле жүрбөдү беле, кайдагы жумушту айтып жатат? Эгер тытынып иштеп жаткан болсо тапкан акчасын кайда коротуп жатат?- жообу жок сансыз суроолор жаралып, мээсин жеп жатты...

Түнү менен уйку көзүн көргөн жок. Бир маалда телефондун ойготкучу шыңгырай баштады. Туруп жумушуна камынды, түндө уктабаганга башы ооруп, чарчаңкы абалда жумушуна жөнөдү. Жумушка жөнөгүчө Байыш келсе керек деп күткөн, бирок келген жок.

ххх

– Ай, Карлыгач, кандай? Таң эрте келип калыптырсың го. Кебетең кантет, уйку бетин көрдүң беле? - деди дүкөндүн полун жууп жүргөн аял.

– Айнура эже, кандайсыз? Уктаган жокмун.

– Эмнеге, ботом?

– Биринчи жолу күйөөм үйгө келген жок.

– Аа, ошондой маселе дечи. Күйөөң үйгө келбегени жаман, бирок минтип өзүңдү кыйнаган болбойт. Күйөөм деп жакын санаган адамың бир күнү таптакыр жат адамга айланып калганда бармагыңды тиштейсиң мага окшоп. Мына, менин Москвалап жүргөнүмө 5 жыл болду. Күйөөм, кайненем, кайнежем, кайнагам деп эле темселеп жүрчүмүн. Ар биринин кареги менен тең айланчумун, керек болсо ар биринин бут кийимине чейин тазалап кийгизчүмүн. Күйөөм менен жашаган 20 жыл кулчулукта жүргөндөй эле өтүптүр, ойлоп көрсөм. Кайненем мени жарым саат бош отургузчу эмес. Муздак чай менен муздак тамакка чыдаса болот, бирок муздак көз караш менен муздак сөзгө чыдоого мүмкүн эмес дейт го. Бирок мен 20 жыл ур-токмогуна да, уу тилине дагы, ар биринин мага кылган муздак мамилесине чыдап жашап келдим. Акыры чыдамдын дагы чеги болот экен. Күйөөм үстүмө жаш аял алып алганда ажырашам деп чыктым. 20 жыл тырбалаңдап кылган оокатым менин эч бир керегиме жараган жок. Колума биртке бир нерсе тийди. Жакын тутуп кызматымды кылган адамдар, жаштыгымды, ден соолугумду берген күйөөм мени киши катары көрбөй, жаш келиндин этегин кармап кете берди. Мына, азыр бөтөн жерде минтип темселеп пол жууп жүрөм. Ар бир нерсенин чеги болуш керек экен. Бирөөгө баш-отуң менен берилип ден соолугуңду курмандыкка чалуу жеткен аңкоолук экенин ушул жашка келип түшүнүп отурам. Санаанын дагы чеги болуш керек. Күйөөң бир күн келбей калса саргарып санаа тартып уйкудан калуунун кажети бар беле? Балким, чындап жумушу чыккандыр, адамдан шектенүүдөн мурун аны жети жолу текшерип көр деген кеп бар. Көп ойлонбой кофеден ич да, кабагыңды ачып ишиңе кириш. Кой, мен барайын сага арманымды айтып отуруп алган турбаймбы,- аял чакасын көтөрүп күңүрт тарткан коридордо басып баратты.

ххх

Мараттын үйүнүн дарбазасын бирөө бир топко каккылады. Мастыгы тарай элек неме турууга моюн сунбай жатты. Тигинин да токтоп калар түрү жок, “тарс-тарс-тарс”... Марат эптеп туруп, муздак суудан кере жутуп алып сыртка чыкты.

– Марат, кандайсың? Күндө эле сени таппай калабыз. Бизге райондук социалдык фонддон билдирүү келди. Сени эми тааныйбыз да, Айнаш апанын арбагын сыйлап балдарды сага айтпай алып кетип калууну туура көргөн жокпуз. Сенин ичип жүргөнүң, балдардын апасынын жоктугу районго жетиптир. Балдарды алабыз деп жатышат.

– Эмне деп жатасыз?- Маратты бул сөз башка чапкандай эле болду. Эңги-деңги болуп турган ал эсине келе түштү.

– Муну биз айтып жаткан жокпуз, мына, ишенбесең кагазды кара,- чачы тыкырая түйүлгөн аял бир документти көрсөттү.

– Бербейм мен.

– Бир аптадан бери мен сүйлөшүп токтотуп койдум, болбосо келип ой-боюңа койбой алып кетмек, кароосуз калган балдарды алып кетүүгө мыйзам жол берет. Буга жеткирбеш үчүн сен аракты токтотушуң керек эле.

– Бурул эже, суранам, алып кете көрбөгүлө. Ичкенимди бүгүндөн баштап токтотом, эже, эптеп бир нерсе кылыңыз, мен балдар жок кантип жашайм?- Мараттын көзү жашылданып кетти.

– Болуптур, Марат, Айнаш апа кандай жакшы киши эле, ошону сыйлап сүйлөшүп берем. Бирок текшерүү келет. Балдарды кандай багып жатканыңды көзөмөлдөшөт. Эмнеге бала бакчага жөнөтпөй жатасың?

– Жөнөтөм, эже. Бүгүн барып сүйлөшөм, сөзсүз,- Марат чыйпылыктап жиберди.

– Бир ай мөөнөт беребиз, балдарды кандай карап жатканыңа баам салып турам. Эгер кайра эле ичип, балдарды кароосуз калтыра турган болсоң эскертүүсүз балдар үйүнө беребиз,- документти сумкасына салып, костюмунун этегин оңдомуш этип алып үйдөн узап кетти Бурул.

ххх

Айсара кризистик борбор ачуу үчүн ыңгайлуу имарат издей баштады. Азыр чаканыраак кеңсе ачып турсам, кийин чоңойтуп алам, эмнеси болсо дагы ушуну сөз бойдон калтырбай, ишке ашырам деп ойлонуп жатты. Тимур Айсаранын бул кадамын жактырган жок. Бирок аны таарынтпаш үчүн айласыз колдоого мажбур эле. Кеңсесинде отурган Тимурга Айсарадан чалуу келди.

– Тим, мен имарат таптым, келип көрсөң. Балким, ушул жерди ижарага алабыз. Үйгө дагы жакын экен,- деген Айсара Тимурга даректи түшүндүрүп телефонун өчүрдү.

– Бошсуңбу деп сурап да койбойт го, чиркин. Бир соода-сатык кылган дүкөн ачам десе бир жөн. Кайдагы аялдарга жардам берүүчү борбор ачам дейт. Муну кайдан баштады эми. Барбасаң да таарынат,- Тимур күбүрөнө ордунан турду.

– Жакшы жер экен. Бирок Айсара башыңды мындай ишке оорутуп эмне кыласың? Кел, андан көрө сага кийим, косметикалык каражаттарды саткан дүкөн ачып берейин, ошону иштетпейсиңби. Тигил ишиңден эч кандай пайда таппайсың да,- Тимур Айсараны оюнан кайтарууга аракет кылып жатты.

– Дүкөн деле ачып бере бер, ага сатуучу коюп, өзүм көзөмөлдөп турам. Бул борборду ачышым керек, бул менин көптөн берки кыялым. Башында бир аз жардам берип тур, анан колдой турган уюмдарды табам. Ижара акы, айлыктарды ошол жактан чыгарам. Кел, пайда эле издей бербей, башкаларга пайдабызды тийгизе турган деле иш кылалы.

– Болуптур,- Тимур айласыз макул болду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан