ХИРУРГ ЖАНА ЭСТЕН КЕТКИС ОПЕРАЦИЯЛАР...

Хирург – өтө жооптуу кесип. Өмүр менен өлүмдүн чек арасында тургандыктан хирургдун жаңылышууга укугу жок. Туура диагноз коюу, туура операция ыкмасын тандап алуу, операция маалында ыкчам ой жүгүртүп кыймылдоо, ар бир мүнөттү текке кетирбей колдонуу – алардын кесиптик милдети. “Хирургдун колу мээси менен тең иштеши керек” дешет хирургдар өздөрү. Ары татаал, ары олуттуу кесиптин ээлери иш тажрыйбасындагы эсте калган окуяларын, өзгөчө операцияларын айтып беришти.

Мамбет Мамакеев, хирург: “Аялдын ичинен 1 чакадай киста чыккан”

– Медициналык институттун 4-курсун бүткөнүбүздө бизди тажрыйба үйрөнүүгө облустарга жиберди. Мен Нарынга бардым. Хирургиялык оорулар менен ооругандар көп экен. Күнүгө операция... Бир күнү жайлоодон бир аялды аттын үстүнө аштоо жасап, ошого жаткызып алып келишти. Жерге түшүрүп көрөйүн десем отура да, жата да албайт дешти. Ооруканага алып киришкен соң карасам абдан арык. Бүрүшүп жата берип колу-буту бүгүлгөн бойдон карышып, катып калыптыр. Араң эле жаны бар. Ал аялды врачтар таанышат экен. Бири “бул рактын өтүшүп кеткен түрү менен ооруйт, сыягы жакында өлөт. Буга чейин ооруканага 3 ирет жатып чыккан” деди. Курсагы кош бойлуу аялдыкындай чоң. “Рак болсо бул эмнеге эмдигиче тирүү жүрөт, сыягы башка оору окшойт” деп шекшидим. Ичиндеги шишикке шприц сайып сордурсам ириң чыкты. Көрсө, эн безинде пайда болгон киста убакыт өткөн сайын чоңоюп, акырында ириңдеп кетиптир. Дароо операция жасадым. Наркоз берилген соң тырышып катып калган колу-бутун эптеп жаздык. Операциядан кийин кистанын салмагын болжолдоп көрсөм 10 килограммдай болду. Бул 1 чака киста да. Врачтар башында туура эмес диагноз коюшкан экен. Бир топ күн жатып айыгып чыгып кеткен.

Миталип Мамытов, нейрохирург: “Башын 13 ирет операцияга тосуп берген аялга баа бердим”

– Мага нейрохирург катары атактуу адамдардын мээсине да операция жасап, айыктыруу буюруптур. Кыргыз эл акыны Омор Султанов менен академик Аскар Какеевдин мээсине 3 жолудан операция жасадым. Экөө тең мени “менин куткаруучум” деп жүрүштү.

Бир аял мээнин рагына чалдыгып, Орусия, Америкада жалпы 5 ирет операция жасатып келген экен. Мен ага 8 ирет операция жасадым. Оор операцияларга 13 ирет башын тосуп берген ошол аялга баатыр экен деп баа бердим, жашоо үчүн күрөшкөнүн бааладым. Ар жолу операцияга кирерде "Кудайга, анан сизге ишенем" деп айтчу.

Мээге операция жасаарда мээ менен тил табышып, сүйлөшкөнгө аракет кылам. Тилин тапсам мени угуп, жаш баладай оорусу тууралуу “айтып” берет. Тилин таппасаң өзүнөн өзү шишип, көөп кетет. Канчалык аракет кылганыңа карабай ийгиликке жете албай каласың.

Акылбек Усупбаев, уролог: “Аялдын заарасы жыныс кынынан чыгып калган”

– Мага кээде пластикалык операция жасоого туура келет. Айрым аялдардын жатынына чыккан шишикти алууда, оор төрөттө аялдын табарсыгы жаракатка кабылып, тешилип калат. Заара сийдик түтүкчөсүнөн чыкпай, жыныс кынынан чыгып калат. Жаш кезимде биринчи ирет ушундай диагноз менен келген аялга операция жасаганым эсимде.

Биз транссексуалдарга да операция жасайбыз. Бир жолу өзбек улутундагы жигит келип, “мен өзүмдү башынан эле аял катары сезем, мүнөзүм да аялдардыкындай. Аял болууну каалайм” деди. Анын ичегисинен аялдын жыныстык органын жасап, өзүнүн жыныстык мүчөсүн алып салдык.

Бир жолу жаш кыз “эркек болгум келет” деп келиптир. Ага 2-3 этап менен операция жасадык. Жыныс кынынын керегелеринен, денесиндеги ткандардан заара чыгуучу канал, жыныс мүчөсүн жасадык, айтор, эркек кылдык. Мындай операциялар өтө оор болуп саналат жана эсиңде калат.

Талантбек Өмүрбеков, балдар хирургу: “Жаңы туулган балага уксус ичирип...”

– Балдар хирургу болгон соң ар кандай жагдайларда балдарга операция жасоого туура келет. 6 жашар бала аппендицит менен түшкөндө таң калгам. Бул куракта андай операцияга туш болгондор чанда кездешет.

Бир жолу бир аял 2 айлык небересин алып келди. “Жакшы эле жүргөн. Анан жакшы эмбей, шалдырап, ыйлабай калды. Атасын тартып жоош болот окшойт деп жоруп койдук эле” дейт. Текшерсек мээсине кан куюлуп кетиптир. Кызыгы, аял өзү врач болуп туруп, тигинтип айтканына таң калдым. Сыягы, баланы жыгып алышкан же бир кокустук болуп башына жаракат келтиришкен. Шашылыш операция жасап, мээсиндеги уюган канды алып чыктык.

Бир жолу төрөлгөнүнө аз эле күн болгон ымыркай кызды алып келишти. Анын кичинекей эжеси же агасыбы, так эсимде жок, кыскасы экөөнүн бири бөбөгүн суусады деп ойлогон окшойт, оозу ачык бөтөлкөдөгү суюктукту ичириптир. Ал уксус экен. Ошентип кызыл өңгөчү, ашказаны күйгөн ал кызды 1,5 жылдай дарылап айыктырганбыз.

Сабырбек Жумабеков, ортопед: “Буту тескери карап төрөлгөн бала кийин футбол ойноп калды”

– Мен ушул жашка келгенче Казакстандын 3500 жаранына операция жасап, айыктырдым. 2019-жылы Алматы шаарына жакын жерде Fokker-100 учагы кулап түшүп, каза тапкандар, жаракат алгандар көп болгон. Ошондо Алматыдагы оорукананын жетекчилиги суранып, командам менен барып тынбай операция жасап, көбүн аман алып калдык. Жаракат алгандардын ичинен менин атымды билип, тааныгандар бар экен. Кийин айыгып чыгышканда чалып, рахмат айтышкан.

Дагы бир ирет Казакстанга барганымда бутунун кетмени тескери жайгашып төрөлүп калган балага операция жасап бердим. Буттары оорутуп, баса албачу экен. Мен операцияда бут кетмендерин ылайыктуу жеринен кесип, калыптагыдай жайгаштырдым. Айыкканда “сизди ата дейинчи” деп сүйүнгөнүнөн ыйлады. Ошол бала кийин кадимкидей чуркап, футбол ойноп кетти.

Гүлжигит Аалиев, клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы: “4 литрдей ириң алганбыз”

– 1986-жылы Казакстандын Жамбыл шаарынан (азыр Тараз) 30 жаштын тегерегиндеги казак жигити келди. 1 айдан бери ооруп, дене табы такыр түшпөй коюптур. Диагнозун Алматыдагы врачтар да билбей коюшуптур. Арыктап сөөгү менен териси эле калган, баса албайт. Ал кезде УЗИ аппараттары жок эле. Абдан жакшылап текшерип, оорусун таптым. Жоон ичеги менен жамбаштын ортосунда жара өңдүү шишик пайда болуптур. Операция жасадым, 4 литрдей ириң чыкты. Анча ириңдин чыгышын биринчи көрүшүм. Ооруга, ошончо ириңге чыдап жүрүптүр. Шишикти алып, тазалап, тиктим. Келген ата-энеси “балабыздан үмүтүбүздү үзүп койдук эле, сизге рахмат!” деп сүйүнүп бүтүшпөйт. Кийин ошол жигит чоң кызматтарда иштеп жүрдү.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан