Сапарлашымдын сыры
– Кайын энемдикинен кеч чыктым, ары карасам да, бери карасам да маршрутка көрүнбөйт. Калып калайын десем эртең жумушка чыгышым керек эле. Тыбырчылап турсам жаныма килейген Гелендваген келип токтоп калды. Чаңдан көзүмдү ачып-жумуп туруп калдым эле, айнегин ачып 50 жаштарга чамалап калган адам мага сылык кайрылды.
– Карындашым, бул жактан эми маршруткалар өтпөйт, караңгыга калбасын деп токтодум. Отур, жеткирип коёюн.
Мен кооптонуп эки жагымды карап алдым. Азыр негизи эч кимге ишенгенге болбой бара жаткан заман эмеспи. Дагы бир жүргүнчү болсо түшүп алса деген ойдо тургам, бирок жок экен. Аркасына отуруп алайын десем алдыңкы орундун эшигин ачты. Айла жок отуруп калдым.
Бир аз жүргөндөн кийин экөөбүз сүйлөшүп калдык. Менин журналист экенимди билгенден кийин эмнегедир кызыгып калды. Сөздөн сөз чыгып отуруп анын жеке жашоосуна өтүп кеттик. Байке өзүнүн баянын минтип баштады.
– Азыр “аялдардын эркиндиги, көз карандысыздыгы” деген эле лозунгдар жайнап кетти. Эмнегедир баары ойлошот дүйнөдөгү жамандыктын баарын эркектер жасашат деп. Бирок кайсы бир учурда бакытты ураткан аялдар да болот экен, карындашым. Аялымдын акылсыздыгынын айынан бүтүндөй бир үй-бүлөнүн бактысы урады. Биз негизи сүйлөшүп, сүйүүнүн канаттарында көкөлөп, тоодой тоскоолдуктарды томуктай көрбөй баш кошкон элек. Балким, мен ошентип ойлоп алсам керек деп да кийин ойлонуп жүрдүм. Үйлөнүп, удаасынан үч эркек балалуу болдук. Жашоону оңдоп кетиш үчүн тытыныш керек болгон заман эле. Мен бир топ иштерде иштедим. Жүк ташый турган машине менен алыстарга кетчүмүн, “дальнобойщик” элем. Шаарда чакан бизнес да кылып жаткам. Кыскасы, бутка туруш үчүн жанталаша аракет кылып жаттым. Ийгилик жылмайып, үйлүү болдук. Аялым үйдө бала тарбиясы менен эле. Эмнегедир иштетким келбеди. Менин жаңылыштыгым ушунда эле. Аял деле көрсө өзүнүн аң-сезимин өстүрүп, элге аралашып, дүйнөнү өз көзү менен көрүп чечиши керек экен. А менин катам “аялым дүйнөнү менин көзүм менен эле көрсүн, ошол жетет” деп ойлогон окшойм. Баары бир бул нерсе аны эч актабайт. Бирок адам болгондон кийин бул тозокко экөөбүз тең кантип кабылдык деп ойлонот экенсиң.
Уктоочу бөлмөдөгү чоочун үн
– Бир жолу келеримди алдын ала айтпай үйгө бардым. Айтып деле коймокмун, бирок жолдон чөнтөк телефонум бузулуп калып айтпай калдым. Мен сапардан келе жатканымда дайыма телефон чалып, “балдарга эмне ала барайын?” деп сурачу элем. Үйгө жакындаганда эле киргим келбей жаткандай бир сезим болду. Бир топко машинемде отуруп анан үйгө кирдим. Кирсем эле чоочун эркектин күңкүлдөгөн үнү угулду. Эмнегедир тааныш болчу. Денем дүркүрөп, уктоочу бөлмөбүзгө кире албай туруп калдым. “Айылдан бирөөлөр келгенби?” деп ойлоп коём. Бөлмөбүзгө кирип нес болуп калдым. Керебетте эркелешип жаткан аялым менен досум! Экөөнүн чакчайган көздөрү! “Маке, кызуулукка алдырба, күнөө менде эмес” деп жанталашкан досумдун сөзүн бир угуп, бир укпай асман менен жердин ортосунда калтырап тура бердим. Бир азда өзүмө келдим да, шарт бурулуп чыгып кеттим. Сарайга барып отурдум. Бычакты алып экөөнү тең мууздап салсамбы деген ой келди. Же балта менен чапсам тез өлөт болду бекен? Балким, айры менен сайып салсамбы? Канча отурдум билбейм. Бир убакта ачуум тарап, акылым ордуна келе баштады. Макул, экөөнү өлтүрүп коёюн, мындан ким жеңет? Мен түрмөгө түшөм, балдарым жетим балдар үйүндө чоңоюшат. Үчөө тең атадан да, энеден да өксүк болушат. Аларды өксүк кылбаш үчүн өзүмдү жеңишим керек эле. Өзүм күйүп турсам да балдарымды жашатышым керек, болгондо да энелүү жашатышым зарыл. Үч балам үчүн! Ал үчүн эмне кылышым керек? Ажырашпашым керек! Ажырашпай туруп анын жашоосун тозок кылышым керек. Таң атып, балдар мектепке кеткенге чейин сарайда отурдум. Анан үйгө кирдим.
Бул жашоонун тозогун көрсөтүү
– Аялым жалбырактай дирилдеп мени күтүп отурган экен.
– Бери кел...- дедим.
Калтыраган боюнча жаныма келди.
– Сен мени жакшы билесиң, өлтүрүп деле коюшум мүмкүн эле, силерге колумду булгабайм. Эмнеге мындай болгонун да сурабайм. Териштирип да отурбайм. Сен менин балдарымдын апасы болгонуң үчүн экинчи ушундай жоругуңду билсем, сөзсүз түрдө жашоо менен кош айтышасың. Балдар үчүн бул окуяны эч кимге билдирбей жашайбыз. Бирок өмүрүң өткөнчө жашооңду тозок кылам.
Боздоп ыйлады. Себептерин айтканга аракет кылды. Мага баары бир болчу. Эч нерсени уккум келбеди. Ошол окуядан бери 10 жыл өттү. Аялым менен ошол күндөн бери чогуу жатпайм. Урбайм, сөкпөйм, ошол кылыгын эсине сала берем. “Тигини ойлоп жатып, тамагың күйүп кетсе керек”, “Сен да кишисиңби?”, “Сендейлерди мурун чычырканакка ороп сабап өлтүрүшчү экен”... Айтор, дилимден да, сөзүмдөн да уу тамчылайт да турат. Атайылап баягы аялымдын ойношу болгон досумду конокко чакырам аяшымды кошуп. Аны да жазалап, болгон мал-мүлкүн аферисттерге талатып жибергем, айтып берсем ал өзүнчө окуя. Экөөнүн менин алдымда көзүн кайда качырарын билбей калчылдап жатканын көрүп моокумум канат. 10 жыл мышык чычканды чала жан кылып алып кантип ойносо, мен аялым менен ошентип ойнодум. Балдар чоңойду, өз алдынча кетти. Үйдө экөөбүз гана калдык. Балдар кеткенден кийин менин “балдар үчүн” деген шылтоом да түгөндү. Бир карасам аялым арыктап сүлдөрү эле калган, көзүнүн нуру өчкөн бир байкушка айланыптыр. Бизди кармай турган эч нерсе деле калбаптыр, бирок таяктын эки учундай болуп жашап келе жатабыз. Эч качан бирикпейбиз, бирок ажырашып да кете албайбыз. Ушунда-ай, карындашым.
– Менде да күнөө бар болчу деп ойлонуп көргөн жоксузбу?- дедим мен абайлап.
– Эмне күнөөм болмок эле, мен аларды жакшы жашатайын деп аракет кылдым.
– Ашыкча нерсенин баары зыян дешет, балким, ошонун ордуна аялыңызга көңүл бурсаңыз, ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканын билсеңиз ал бул жорукка бармак эместир. Күнөөлөп, жазалап, мунуку туура эмес деп баса бериш оңой, бирок өзүңүз менен беттешиш кыйын...
– Ошондой дейсиңби?
– Ошондой. Сиз дагы деле аялыңыздан кетип кала албапсыз, демек, бир нерсе кармап турат. Эмне деп ойлойсуз?
– Жазасын өтөп бүтө элек.
– Жок, байке, сиз дагы да мамилеңиздерге бир жылчык шоола издеп жатасыз. Психолог тааныштарым бар, номерлерин берейин, бир барып көрүңүз. Бул абалдан чыгууну жолу бар.
– Ээ? Мейли бер, барып көрөйүн,- деди байке ойлуу.
Мен ага колдон келген жардамымды берип түшүп кеттим. Көп жылдар өттү, бирок окуя эмне болуп аяктаганын билбейм. Балким, кинодогудай хэппи-энд менен бүткөндүр... Ким билет...
Айлин Д.