ӨМҮРҮБҮЗ ВИРТУАЛДЫК ЖАШОО МЕНЕН ӨТҮП КЕТЕБИ?

Кандай дейсиз, телефон жашообузга киргенден бери маалыматты ыкчам алуу жакшырды, ээ? Бирок ар нерсенин чеги бар дегенди билбей келебиз. 5 жаштагы баладан тартып 70 жаштагы улгайган адамдарга чейин ушул алакандай темирдин ичине түштүк да калдык. Канча нерсе жоготуп жатабыз өзүбүз билбейбиз. Жөнөкөй эле мисал, биздин жашообуз социалдык тармактардагы лайктар менен чектелип калды. Канча лайк алсак “оо, мен укмуш сулуу турбаймынбы же акылдуу турбаймынбы” деп эгобуз ого бетер “семирип” ээ-жаа бербей калат.

Байкашымча, бул социалдык тармак деген балекеттин сазы улгайган адамдарды да, жаш балдарды да катуу соруп бара жатат. Өзүмдүн апамдын эки жылдан бери телефондон башы чыкпай калды. 60 жашка чыгып эмгек өргүүсүндөгү бечара башка эрмек таба албай калдыбы же жан дүйнөсүндөгү боштукту ошону менен толтуруп жатабы, билбейм. Кээде жаш баладай кылып эле колунан тартып алып коём, кээде атайылап телефонун катып салам. Кандай кылсам да урушуп-талашып жатып телефонун таап алат. “Мен аз эле карап жатам, ай, жөн тургулачы” дегени менен телефондон канча убакыт отурганын карап көрсөк, бир күндө 8 саат жөн эле карайт экен. 8 саат бул бир адамдын толук иш күнү! Эмне деген энергия кетип жатат? Организмге эмне деген залал келтирип жатат? Айта берип чарчадым. Интернетине акча төлөп бербей койсоң ошол күнү үйдө дүйнөлүк үчүнчү согуш чыгып кетет. “Алаксый турган башка эч нерсе жок” дейт. “Апа, Кудайга шүгүр, неберелериңиз турат, пайдалуу нерсеге алаксысаңыз боло” дейм.

Жакында көзү ооруп жатып калабы деп корком. Апамдан кийин эле 5 жаштагы балам. Мындай куракта биз чуркап, жыгылып туруп, эшикте ойночу элек. Азыр ошол нерсе канчалык пайдалуу болгонун билип жатам.

5 жаштагы уулум! Чыркыратып колуңдан телефонду алып койгонумда өзүмдү жаман сезем. Бирок мен сага жакшылык каалаганымдан ушинтем. Сенин мээң табигый түрдө китеп менен машыгышын каалайм. Туура, азыр бир кнопканы басып туруп Улуу Карл ким экенин, же Альберт Эйнштейн эмне жаңылык жасаганын окуп аласың. Бирок сен ошону эстеп каласыңбы? Анткени мээ даяр маалымат колунда турган үчүн жалкоолонуп көп нерсени эстей албай калат. Ал эми китептен окусаң ал өмүр бою эсиңде калат. Ишенип кой, мен азыр 7-классымда жаттаган ырларымды жатка айтып бере алам. Азыркы муун, бүгүн эмнени көрсө эртең унутуп кала турган болду. Бул маалыматтын көптүгү жана маалыматты оңой алуудан улам эс-тутум алсыз болуп бара жатканынан дешет окумуштуулар.

Мен сенин телефондун оюнундагы каармандар менен ойношуңду эмнеге каалабайм, билесиңби? Анткени сен чыныгы жашоодо мыкты дос күтө албай калышың мүмкүн. Же турмуштун алгачкы эле сынагынан жеңилип беришиң мүмкүн. Виртулалдык дүйнө канчалык кооз болгону менен, ошончолук алдамчы экенин биле жүр. А мен сенин чыныгы дүйнө менен жашашыңды, жашоодон муш жеп, кайра туруп күрөшкөнүңдү каалайм.

Телефонду карап ийилип бара жаткан омурткаңды көрүп туруп өзүмдүн омурткам омурулуп бара жаткандай сезем. Анткени мен билем, омуртка түз болгондо гана ички органдар кысылбай баары жакшы иштейт...

Сен сааттап отуруп оюн ойногондо көзүңдү аяйм. Анткени ал көздөр жашоодогу эң мыкты көз ирмемдерден куру калып жатат. Ал көз күндүн батып бара жатканына, же жалбырактын каалгып учушуна, же тоо коюнун карап суктана турган көздөр да. А сен аны виртуалдык дүйнөгө коротуп жатасың.

Окурманым, сиз дагы ойлонуңуз. Социалдык түйүндө болуп жаткан талкуулар, мисалы, Анжеликанын канчанчы күйөөсү, Айтбекованын чечинип сүрөткө түшкөнү, же бирөөнүн саясаты канчалык деңгээлде сизге керек? Социалдык тармакка короткон убакытты, ден соолукту пайдалуу нерсеге коротсоңуз жыйынтыгы өзүңүзгө эле жакшы. Ушуну бир ойлонуп коюңуз! А мен эптеп апам менен уулумду телефондон кантип алаксытыштын амалын издейин.

Айлин Д.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tok.um.rus.is.
2022-09-14 16:24:00
Чын эле ойлондурчу маселе
+3
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан