Бактыгүл Исакова, окурман: “ГЕЗИТТИ АБЫШКАМ ЭКӨӨБҮЗ ТАЛАШЫП ОКУЧУБУЗ”

Гезитибиздин 20 жылдан берки туруктуу окурмандары бар. Алардан ыраазычылык, мактоолорду угуу жагымдуу, кадимкидей шыктанасың. Ошондой окурмандарыбыздын бири Бактыгүл апа менен маектештик.

“20 жылдан бери үзбөй окуйм”

– Аты-жөнүм Бактыгүл Исакова, 68 жаштамын. Жашаган жерим Ат-Башы районундагы Калинин айылы. “Супер-Инфонун” 20 жылдык тарыхы болсо, ошол убактан бери чогуумун. Жаңы жазылган убакта айылдагы ФАПта иштечүмүн, почточу келип жазылгыла деп жазып кеткен. Ошону менен азыркыга чейин почтого жазылып “Супер-Инфо” гезитин алам.

Гезитти үйлөргө алып келип таратып кетишет. Колума гезит тиери менен алгач 1-беттеги темаларга көз жүгүртүп, кайсынысы кызык болсо ошону биринчи ачып окуйм. Андан кийин эле саясат бетиндеги жаңылыктарды карап чыгам. Айрыкча кыска жазылган жаңылыктар эсимде калат. Айылдагы аялдар жолугуп сүйлөшүп калганда же чай ичишип калсак ошондогу жаңылыктарды бири-бирибизге айтышабыз. Тиги кызматка бул киши келиптир, мындай өзгөрүүлөр болгон жатыптыр деген маанилүү жаңылыктарды, пенсия, айлык, жөлөк пул көтөрүлөт турбайбы деген кабарларды сөз кылып сүйүнүп калабыз.

“Гезитти барактап көйгөйлөрдү унута түшөм”

– Гезиттеги бардык рубрикаларды, жарнамага чейин окуп чыгам. Мен толук окуп бүткөнчө 2-3 күн өтөт. Окуп бүтүп жумушумду бүткөнсүп “өх” деп отуруп калам. Күнүмдүк турмушта ар кандай көйгөйлөр боло берет да, гезитти барактасам аны унутуп калам. Ошентип отуруп сканвордду да толтуруп чыгам. Ырчылыкка кызыккандан ырчылардын, маданият адамдарынын жашоо-турмушу тууралуу кызыктарды, алардын ойлорун окуган да жагат. Учурунда аймактык, андан башка да гезиттерди алып жүрдүм, бирок “Супер-Инфо” башкалардан макалалары менен да, жасалгасы менен да айырмаланып турат.

Телефонго көп кызыкпайм. Гезиттен кабарларды окуп, кеңештерди алам. Интернетте кыска маалыматтар берилсе, гезитте толук, кенен маалымат берилет. Мисалы, кылмыш-кырсык тууралуу бетте бардык жакындары, тергөөчү, жактоочу сыяктуулардын жооптору бар. Анан интернетке караганда гезит ишенимдүү деп ойлойм.

“Коюнуна катып алыптыр”

– Абышкамдын кайтыш болгонун аз эле убакыт болду. Ал да гезитти аябай сүйүп окучу. Гезит келгенде эле бир да барагын бербей, чачпай окуп чыкчу. Мен чыдап отурмак белем, сурайм, анан талаша кетебиз. Ак көңүлү кармаган убакта эле ичинен беттерин чыгарып берчү. Болбосо төшөктүн арасына, жаздык капка чейин салып катып койчу. Бир жолу ал чыгып кеткенинен окуй калайын деп болгон жерден издеп таппай койдум. Көрсө, абышкам коюнуна салып алыптыр. “Ушуну издеп жүрдүң беле?” деп күлүп алып чыгып жатпайбы. Менден эле эмес, келинимден да талашып окуп жүрдү.

“Чемоданга салып сактайм”

– “Супер-Инфо” гезитинин сандарын чогулта баштаганыма 4-5 жыл болду. Эч кимди тийгизбей, чемоданга салып сактайм. “Мында эмне деген пайдалуу маалыматтар бар” деп эч кимге тийгизбейм. Ошентип балдарым да көндү, тийишпейт. Бир жакка кетип калсам, келгиче балдарым жаңы сандарды чогултуп коюшат, келип алып баламды издегендей эле сурай баштайм. Жакшы көргөн “Супер-Инфо” гезитибиздин өмүрү узак болсун. Кызыктуу материалдарды даярдап, жазып жаткан жумушчулардын да ишине ийгилик каалайм. Бар болгула!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан