Эльзар Тиленбаев, ырчы: “ӨЗҮМДҮ МАЧО СЕЗБЕЙМ, АЙЫЛДА ЭШЕК МИНИП ЭЛЕ ЧОҢОЙГОМ”

“Болбоюн талашкандай”, “Коңгуроодой күлкүңдөн”, “Сүйүп калдым беле?” деген ырлардын аткаруучусу Эльзар Тиленбаев менен тамаша-чыны аралаш маек курдук. Анын сүйүүсү, эркелиги, жан дүйнөсү тууралуу ар кандай суроолорго жооп бар.

– Эльзар, салам. Белгиленген убакыттан 2 саат кечигип келдиңиз, бул сиздин жоопкерчиликсиз экениңизден кабар береби?

– Салам. Жок, мен негизи жоопкерчиликтүүмүн. Мындай абал жашоомдо 3-жолу гана болуп жатат, кечирим сурайм.

– Эльзар Тиленбаевди азыр Кыргызстанда канча адам тааныйт?

– Санын билбейм го, бирок көп деле адам тааныбайт экен, жаңыдан аракет кылып келе жатпаймынбы.

– Мирбек Атабековдой болуш үчүн эмне кылыш керек?

– Мирбек байкедей болуш үчүн таланттуу болуп төрөлүш керек го.

– Сиз таланттуу эмессизби?

– Таланттуумун. Мирбек байке өзгөчө таланттуу. Кыргызстанда Мирбек байкедей эч ким ырдай албайт, менимче.

– Бир күндө канча тойго барып жатасыз?

– Азыр 2-3 тойго. Тойлордун мезгили башталганда 5ке чейин болуп калат.

– Бир күндө эң көп канча акча тапкансыз?

– Аз эле. Айтып алып анан башкаларга салыштырып “ушунча элеби?” десеңизчи (күлүп). Өзүмө жетет.

– Ставкаңыз канча?

– 100 доллар.

– Акчанын көп бөлүгүн эмнеге коротосуз?

– Кийимге кетет болуш керек. Үйдөгүлөр мени “кийимдин алкашысың” деп урушушат. Мага жакшы кийинип жүргөн жагат. Анча деле кийинбейсиң го деп салбаңыз анан (каткырып).

– Кийимге, унаага карап мамиле кылгандар көппү азыр?

– Азыр ошондой заман болуп жатат. Мисалы, ооруканага анча эмес кийинген киши келсе, ага башкача, костюм-шым кийип кычырап келген киши келсе, ага башкача мамиле кылышат. Жагалданмай заман. Көп эле байкайм муну.

– Өзүңүздү мачо сезесиз, ээ?

– Жок (күлүп). Мени баары ошентип ойлошот экен. Керсейген бала, өзүн бийик сезе берет деп. Антип ойлобогула. Көбү жолукканда “сүрөттөрүңдү карап керсейген байдын баласы деп ойлогом. Андай эмес экенсиң го” деп айтышат. Мачо сезбейм өзүмдү. Айылдын эле карапайым эшек минип чоңойгон баласымын.

– Дене түзүлүшүңүз менен сыймыктанасызбы?

– Мурун сыймыктанчумун, азыр сыймыктанбайм, азыр семирип кеттим, тамаша. Сыймыктанбайм деле. Баары эле ушинтип тийише беришет. Мен мурда күрөшкө барчумун. Колумду сындырып алып күрөшө албай калгам. Ошондон ушундай дене түзүлүшүм калыптанып калган болуш керек. Бир чети генден да көз каранды деп ойлойм.

– Кандай кызга үйлөнүп калуудан коркосуз?

– Апам менен айтышып, сыйлабай отурган аялдан корком. Мен барда башкача, мен жокто башкача мамиле кылган аялдан да корком. Ошондойду элестетсем эле денем дүркүрөп кетет.

– Аябай сүйөсүз, бирок ал аял ошондой мамилесин көрсөтүп жатса...

– Анда ал башыңды айландырып алган сүйүү го. Андай сүйүү болбойт деп ойлойм.

– Инстаграмдан жеке кат аркылуу жазган кыздардын арасынан канчасы менен жазышасыз?

– Жазышпайм. Кечке жазган, чалгандар болот. Ар бири менен жазышып отурганга убактым деле жок.

– Сүйүүсүн арнап жазгандар көппү?

– Ооба, болот. Улуу эжелер да “сени сүйүп калдым. Күйөөм болбогондо сага эле тийип алмакмын” деп жазышат. Кандай максатта жазат, билбейм. Балким, тамашалап жазышат.

– Кыздардын жүрөгүн багындырчу кандай ыкмаңыз бар?

– Өздөрү эле багына беришет (күлүп).

– Бир учурда канча кыз менен сүйлөшүп көргөнсүз?

– 2 кыз менен. Анда да "кашасы" чыгып кеткен (күлүп). Анда биринчи курстагы кезим болчу. Бирөө менен сүйлөшүп жүрүп экинчисин да сүйүп калгам. Анан айла жок болуп калды, экөө менен тең сүйлөшө бердим. Алар бири-бирин билип калышып, экөө тең таштап кетишкен. Ал тоок сүйүү го, чыныгы сүйүүнүн даамын татып көрө элекмин.

– Досуңуздун же кесиптешиңиздин сүйлөшкөн кызын сүйүп калсаңыз, талашат белеңиз?

– Аябай оор суроо экен, ээ? Достук үчүн же сүйүү үчүн күрөшүш керек болот экен. Бирок ал кыздан көз каранды болуп калышы мүмкүн. Күрөшсөң кыз макул болбой калса, ошондо эмне кыласың? (Ойлонуп) мен дос деп күйгөн адаммын да, досумду тандамакмын.

– Зарлык Камбаралиев менен урушуп кетсеңиз сизге ким ыр жазып берет?

– Биз урушпаган достордонбуз. Ал урушуп жатса деле мен урушпайм. Бири-бирибизге жаман сөз айтып же таарынышкан учур болгон эмес. Экөөбүз ичибизде болгон нерсени бири-бирибизге айта алган жакын, сырдаш достордонбуз.

– Жакын адамыңызды билип же билбей сатып кеткен учур болгонбу?

– Негизи эле ошондой нерседен сактанып жүрөм да. Бир нерсе үчүн бирөөнү жамандап салганды жаман көрөм. Шоу-бизнестеги достор бар го, алар менен көп жүрбөйм, ал жакта ушак жүрүп турганын билем да. Ошондой жерлерге көп барбайм. Ошондуктан алар менен сый мамиледемин.

– Жан дүйнөңүздө өзүңүздү канча жашта сезесиз?

– 17-18 жашта сезем. Болбосо 25ке чыгып калдым. Же апам эркелете бергенгеби. Кээде карап, мени менен тең балдар көп нерсе жасап койгонун байкайм. А сен дагы деле эркелеп жүрөсүң. Мен деле эч нерсе кылбай койгон жокмун го, кылып жатам, бирок кээде ошентип ойлоп коём.

– Ким Кардашьян менен сүйлөшөт белеңиз?

– Сүйлөшпөйт болчумун. Ал такыр башкача адам да. Эч нерсебиз келишпейт. Анын түшүнүгү башка, меники башка. Анын үстүнө ал канчада азыр? Сүйлөшө алмак эмес болушум керек.

– Акчабы же сүйүүбү?

– Сүйүү деле жакшы, акча деле жакшы. Сүйүү го. Акчалуу болуп туруп сүйүүсүз жашасаң бактысыз жашайсың да, акчанын деле баркы жок болуп калса керек. Акча баарын чечпейт. Сүйүүнү акчага сатып ала албайсың.

– Акча менен сүйдүрүп алсаң болот да...

– Андай сүйүүгө ишенбейм. Анда сени эмес, акчаңды сүйөт. Таза сүйүү болушун каалайм, таза сүйүү бар экенине ишенем.

– Жашооңузда таза сүйүү болгонбу?

– Ооба. Ал кыз менен бир жылдай сүйлөштүк. Мен кыйналып, ачка-ток болуп жүргөн убакта да жанымда болду. Дайыма колдоп, дем-күч берип турчу. Кийин урушуп кеткен кезде деле аны жакшы көрүп жүрдүм. Башка бала менен сүрөттөрүн көргөндө гана көңүлүм калган.

– Дагы да таза сүйүүгө кезигиңиз. Ишиңизде ийгилик болсун!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан