Кутман Султанов, ырчы: “ДАРБАЗА, ТОСМОЛОРДУ СҮЗҮП ЖҮРҮП УНАА АЙДАГАНДЫ АКЫРЫ ҮЙРӨНДҮМ”

Бул жолу “Рулдагы жылдыз” рубрикабызда конокто Ош шаарында жашаган ырчы, тамада Кутман Султанов. Ырчы мырза темир тулпарына кантип кам көрөт, техникага жакынбы, сиздер менен чогуу билели, окурман.

– Кутман мырза, бул канчанчы унааң жана канча убакыттан бери минип жүрөсүң?

– Бул унааны алганыма 4 жыл болду. Келинчегим Мунара экөөбүз тойлордо ырдап, мен тамада болуп тапкан каражатыбызды чогултуп 7000 долларга алганбыз. Бул жетинчи унаам. Салып баштаган үйүбүздү бүтүрөлү деп 4 жылдан бери унаа алмаштыра элекмин. Айылга, кайын журтка барганда айылдагы жолдор начар, ошондуктан алды тийбейт, жүк көтөрүмдүү деп ушул жол тандабасты алганбыз.

Аты Акжолтой. Анткени муну алгандан кийин жер тилкесин сатып алдык, ал жерге үй салып, Кудай буюрса, бүтүрдүк. Эми ичин жасалгалоо, эмерек жана башкаларды алуу калды. Андан тышкары чыгармачылык кечемди өткөрдүм, келинчегим экөөбүз дуэттерди жаздырдык, катыштарыбыз көбөйдү. 4 жылдан бери унаам бир да жолу бузулуп, мени жолго таштаган жок. Ушулардан улам Акжолтой дейм. Унаам менен кишидей сүйлөшөм. Мисалы, тойдон чыкканда “эми, Акжолтоюм, үйгө аман-эсен жеткирип кой” дейм. Жеткен соң “рахмат” дейм.

– Алгачкы унааңдын маркасы кандай эле? Аны алганда кубанып той бергендирсиң?

– Анан эмей. 2009-жылы көк түстүү Тико унаасын сатып алгам. Кара-Суу районундагы досума барып, ал тандап берген. Эми ал кичинекей эле унаа да. Бирок ал мен, менин үй-бүлөм үчүн Жип эле болчу. Мен жаңы тамада болуп жүргөн кез, тойлорго чакырат унаам жок, эптеп жетип барам. Балдарды балдар бакчасына алып барабыз. Жамгыр, кар жаайт, балдар үшүйт дегендей. Коомдук унаада тыгылып, кыйналып жеткизип, кайра алып келип аябай эле жүдөдүк. Ошого биринчи унаабызды алганда абдан кубандык. Мунара үйдөгү болгон момпосуйлардын баарын алып чыгып, ырымдап унаанын ичине чачыла чачты.

Бирок мен автомектепте окуган эмесмин, ошого оңдуу айдай албайм, жол эрежесин деле кыйратып билбейм. Бирок айдоочулук күбөлүк чөнтөктө деп койбоймбу (күлүп). Айдаганды жакшылап үйрөнөйүн деп Мунараны жаныма отургузуп алып көчөгө айдап чыгам. Ал тияк-биякты карап “токто” дейт, токтойм, “айда” дейт, айдайм. Туура эмес бурулуп дарбаза, жол жээгиндеги тосмолорду сүзүп жүрүп туура бурулууну эптеп үйрөндүм. Анан Кара-Кулжага айылга айдап барып үйдөгүлөргө сүйүнчүлөдүк. Бир кой союп чакан той бердик.

Ал кезде Оштун Западный кичи районунда турчубуз. Тикону арыктын жээгине токтотуп алып, Мунара экөөбүз күндө жууйбуз. Анан той өтчү кафе же ресторандын алдындагы чоң унаалардын катарына тыпыйтып жаркыратып токтотуп коюп, тамадалык милдетти аткарганга кирип кетем. Ошентип Тикону алганы жөө баспай, кыйналбай оңуп калдык.

Кийин Hyundai Avante, Toyota Camry, Toyota Windom, Honda CRV жана башка унааларды айдадым. Аларга да өңдөрүнө карап Каракашка, Ак тулпар деген аттарды коюп алган болчумун.

– Унааңа ырым кылып эмнени салып жүрөсүң? Кандай “багасың?”

– Биз кичинебизде чоң энем үйдү дайыма арча менен аластап “жамандык жолобойт” деп калчу. Ошол ырымды карманам. Күн алыс унаамды аластап турам. Машинама “үй-бүлөбүздүн, менин ырыскыбыз үзүлбөсүн” деп нан салып коём, нан үзүлбөйт. Анан унаама, албетте, комуз, домбрам, костюмдарым “хозяин”. Тамадалыкка мени 7 дубанга чакырышат, кайда чакырышса да ушул унаам менен барам. Унаам мени сыйлап жолдо калтырбайт деп мен да аны сыйлап, аптасына 2-3 ирет жуудурам. Узак жолдо көп жүргөндүктөн майын убагында алмаштырып, унаа оңдоочу жайга текшертип турам. Жаңы унаа алган сайын поликтерин, чехолдорун сөзсүз алмаштырам.

Трассада эң ылдам айдадым дегенде саатына 100 чакырымдан ашырбайм. Акырын айдап, музыка угуп же ырдап коюп кете берген жагат. Акырын айдаганга жараша чакырган жерден кечикпейин деп эрте чыгам. Катуу айдабаганга жол кыймылын көзөмөлдөөчү инспекторлордун колуна түшпөйм деле. Жол эрежесин бузуп айып пул төлөө менде чанда кездешет.

– Дос-туугандар сураса унааңды бересиңби?

– Тойлорго Мунара экөөбүз көбүнчө чогуу барабыз. Дуэт ырдайбыз, мен тамадалык кылам. Ошентип тойдо чарчап калган учурларымда үйгө унааны аксылык Көксулуум, келинчегим, айдап келет. Мен арткы орундукта пледди жамынып, үргүлөп келе берем. Катуу айдап кетсе унаанын үнүнөн билип “акырын” деп коём. Көксулуумдан башка эч кимге рулду карматпайм.

Тойлор жок кезде унаабызга 4 балабызды салып, бир жактарга алып барып эс алдырып келебиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан