БЕШИКТЕГИ БАЛАНЫН БЕК БОЛОРУН КИМ БИЛЕТ? Дөдөйлүктөн генийликке...

Окуу жылы башталып, ата-энелер баласынын окуудан жетишпей жатканы же тентектиги тууралуу мугалимден даттанууларды угам деп кооптонуп турушса керек. Бирок мугалими даттанса эле балаңызды тилдеп, жазалоодон мурун бул макаланы окуп көрүңүз. Балким, балаңызды түшүнө билип, колдосоңуз улуу багытка жол ачылар. Кыргызда “бешиктеги баланын бек болорун ким билет” деп бекер айтылбайт.

Альберт Эйнштейн

Альберт Эйнштейн – немис физик-теоретиги, азыркы теориялык физиканын негиздөөчүлөрүнүн бири, физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, коомдук ишмер, гуманист. 1879-1955-жылдары жашап өткөн.

Альберт Эйнштейн 3 жашына чейин тили чыкпай, 7 жашына чейин кекечтенип сүйлөгөн. Ошондой эле башы башка балдардыкына караганда чоңураак болгону үчүн аны акыл-эсинен кеч калган деп эсептешчү. Ал 7 жашында табияттагы сырдуу нерселердин ачкычы – физика, адамдын жан дүйнөсүндөгү сырдын ачкычы – музыка экенин айткан. 15 жашында ал көп сабактарды теңтуштарынан жакшы окуп, дифференциалдык теңдемелер менен интегралды чыгарууну өздөштүргөн. Ошентсе да аны жалкоо, мажирөө, эч нерсе колунан келбейт деп сыпатташчу. 22 жашында физик катары дипломун алган. Бирок ал университеттердеги мугалимдер менен талашып-тартыша бергени үчүн 2 жыл бою жумушка орношо албай, жалданма жумуштарда иштеген. Акчасыз ачка калган күндөрү көп болгон. Ошол учурда да энергия, масса, ылдамдык, гравитациялык талаа сыяктуу теориялык физика тууралуу ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүп, ачылыштарды жасай баштаган. Эйнштейн физика боюнча 300дөй эмгектин, башка илимдер боюнча 150дөн ашык китептин автору. Учурунда ал абдан популярдуу болуп, көчөдөн көрүп калгандар “сиз Альберт Эйнштейнсизби?” деп сурашканда, ал “кечиресиз, мени ага окшоштура беришет” деп жооп берчү экен. Ал эми автограф берүү үчүн 1 доллардан алып, ал акчаны кайрымдуулукка жумшап турганы айтылат тарых барактарында.

Томас Эдисон

Томас Эдисон – үн жаздыруучу жабдык фонографты ойлоп тапкан, телеграф, телефон, электр лампасын жакшыртып иштеп чыккан америкалык белгилүү ойлоп табуучу, бизнесмен. Мындан сырткары, жашоону жеңилдетүүчү 10дон ашык эмгектерди жараткан. 1847-1931-жылы жашап өткөн.

Томас Эдисон башка окуучулардан эч кандай артыкчылыгы болгон эмес, тескерисинче, ал сабактарга жетише албагандыктан мектепке барганынан 4 ай өтпөй мугалиминен үйүнө кат келет. Катта Эдисондун окуусу начар экени жазылган эле. Апасы Нэнси ал катты баласынын көзүнчө “Сиздин балаңыз гений, биздин мектептин мындай баланы окутууга күчү жетпейт, сураныч, өзүңүздөр окутуңуздар” деп үнүн чыгарып окуп берген. 2-3 жолу башка мектепке берүүгө аракет кылышып, майнап чыккан эмес. Ошондон кийин Томас Эдисон үйдөн окуп баштаган. Апасы ага кызыктуу китептерди алып келип берип, Эдисон жактырбаган сабактарды, мисалы, туура жазуу, арифметиканы оку деп көп мажбурлаган эмес.

Бир нече ачылыштарды жасап кылымдын окумуштуусу аталып калган убакта апасы каза болот. Ошол учурда Эдисон үйүнө барып эски архивди карап отуруп баягы катты таап алган. Катта “Балаңыздын акы-эси артта калган, аны балдар менен чогуу окута албайбыз, сураныч, үйдөн өзүңүздөр окутуңуздар” деп жазылган болот. Окуп алып ыйлап, апасына ыраазы болгон. Анан күндөлүгүнө “Томас Алва Эдисон акыл-эси артта калган бала болгон. Апасынын акылмандыгы, эрдиги менен ал кылымдын генийи болуп калыптанды” деп жазып кеткен.

Гульельмо Маркони

Гульельмо Маркони – италиялык радиотехник, радиону ойлоп тапкан физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты. 1874-1937-жылдары жашаган.

Маркони 13 жашында эле техникалык институтта окуп баштаган, анткени ал өтө акылдуу болгон. Ошол учурда Генрих Герц менен Никола Тесланын эмгектерин окуп, электромагниттик толкундардын жардамы менен байланыш түзүү үчүн өз алдынча эксперименттерди жүргүзүүгө аракет кылган. Качан гана радиону ойлоп таап, досторуна аба аркылуу алыскы аралыкка сөздөрдү жеткирерин айтканда, алар аны жинди деп ойлоп, психикалык ооруканага алып барышкан. Бирок анын бул аппараты бир нече айдан кийин эле эң алгач моряктардын өмүрүн сактоого жардам берген. Электромагниттик толкундар аркылуу байланыш түзүү алгач бир канча аралыкка эле мүмкүн болгон эле. Талыкпаган эмгектин аркасында Маркони радио жыштыктарды берүү аралыгын 241 чакырымга чейин жеткире алган. 1901-жылдын башында Англияда калктуу конуштардын ортосуна зымсыз байланышты орноткон. Ал эми 1902-жылы ойлоп табуучу Атлантика аркылуу батыштан чыгышка сигнал берген. Ийгиликтүү иштин, узак сыноолордун аркасында 1907-жылы ойлоп табуучу трансатлантикалык маалыматтарды берүүчү компания ачууга жетишкен. Бул эмгектери үчүн Гульельмо жана анын досу Фердинанд Браун физика боюнча Нобель сыйлыгына ээ болушкан.

Исаак Ньютон

Исаак Ньютон – англиялык физик, математик, астроном жана механик. 1643-1727-жылдары жашап өткөн.

Исаак Ньютон ара төрөлгөн бала болгон. Башка балдарга салыштырмалуу кеч басып, тили да кеч чыкканы маалымат булактарында айтылат. Эч ким менен сүйлөшүүнү каалабаган болочок окумуштуу 12 жашында гана мектепке барып, кайра 4 жылдан кийин апасы аны мектептен чыгарып алган. Анткени бала китеп окугандан башка эч нерсеге кызыккан эмес. Ошентсе да 18 жашында Кембридж университетине тапшырып, бюджеттик негизде окуган. 23 жашында Исаак Ньютон бир нече маанилүү ачылыштарды жасаган мыкты математик болууга жетишкен. Өмүрүндөгү эң негизги ачылыштарынын бири – тартылуу күчү тууралуу түшүнүк эле. 18-кылымдын башында Исаак Ньютон тарабынан жазылган "Оптика" китеби кийинки жүз жыл бою физиканын бүтүндөй тармагынын негизи болуп бере алды. Улуу окумуштуу сүйлөп жатканда бир аз кекечтенип сүйлөчү. Эмнегедир мындай кемчилик өзгөчө акылдуу адамдарда көп кездешкен, алсак, Дарвин менен Аристотель да кекечтенип сүйлөчү. Ньютон Бүткүл өмүрүн илимге арнап, үйлөнгөн дагы эмес, аркасында туяк калган жок.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан