Адилет Жумабеков, ырчы: “ЫРЧЫЛЫК МЕНЕН ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТСӨ БОЛОТ”

Каарманым жалаң жандуу үн менен ырдайт, былтыр Орусиянын “Голос” сынагында таланты менен көпчүлүктү таң калтырган. Таланттуу ырчы Адилет Жумабеков аталган сынактагы кызыктар, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу сонун маек куруп берди.

– Адик, салам! Маекке чакырсам “үйдө бала карап жатам” деп калдыңыз...

– Салам. Мен күндүз бир жерде иштейм. 15-сентябрга чейин эмгек өргүүсүнө чыккам. Колуктум окуйт эмеспи. Ошондуктан кызымды үйдө мен карап жатам. Ушинтип кызымды күндө өзүм карасам жакшы болмок. Кээде эркелете албай калам, кечинде жумуштан келсем уктап калган болот. Эртең менен жарым саат гана кучакташып, эркелетип эле жумушка кетип калам.

– Көпчүлүк мырзалар баланы көпкө карай алышпайт го, “ашып кетсе жарым саат карап, анан апасына кармата салам” дегендерди көп угам...

– Билбейм, адамдын өзүнөн го дейм. Мен такыр тажабайм. Кызым менен чогуу убакыт өткөргөн аябай жагат. Аялым деле чарчап калат да. Окуусуна барат, кечинде келип үй жумуштарын кылат. Түндө кызым ойгонсо аялым уктап алсын деп өзүм деле карай берем. Кечээ түнкү 12де ойгонуп алган, таңкы 5ке чейин экөөбүз уктабай жүрдүк. Баланы кароо ата үчүн деле нормалдуу көрүнүш. Ушундай болуш керек негизи.

– Үйдө тең укуктуулукту карманасыздарбы же...

– Муну ар ким ар кандай түшүнөт да. Мисалы, мен чай ичип бүтүп туруп кетсем да болот. Аялым эч нерсе дебей эле өзү жыйнап коёт. Бирок мен столдун үстүн жыйнап коём. Бул өзүмдүн каалоом, бул – сый.

– Тамак жасайсызбы?

– Тамак жасаганды билем, бирок жактырбайм. Биз 4 эркек бир тууганбыз да. Эшиктин да, үйдүн да жумуштарын жасап өскөнбүз. Камыр жууруганды, тамак жасаганды үйрөнгөнбүз. Бирок аялыма айткам, “тамакты каалоом болгондо гана жасайм, эгер сенин да жасагың келбесе, анда буюртма менен алдырабыз” деп. Аялым тамакты өзү жасайт.

– “Голос” сынагы жөнүндө айтсаңыз, бул сынакка катышкандан кийин жашооңузда эмнелер өзгөрдү?

– Тажрыйба топтодум, көп кишилер менен тааныштым. Өлкөбүздө мурдагыдан да таанымал болуп калдым. Күйөрмандарым көбөйдү.

– Кесиптештериңиздин мамилеси өзгөрдүбү?

– Алар башынан эле “сен бул жактын адамы эмессиң. Сен дүйнөгө чыгышың керек” деп айтып келишет. “Голоско” барып келгенден кийин деле ошол сөздөрдү айтышты.

– Материалдык жактанчы?

– Тойлорго чакыруулар көбөйдү (күлүп).

– Дима Билан менен байланышып турасызбы? Ал киши талантыңыз тууралуу эмнелерди айтты?

– Дима Билан менен кээде сүйлөшүп турам. Талантым тууралуу көп нерсе айтты. “Бул долбоордон кетип жатасың, бирок эң бийик деңгээлди көрсөтүп кеттиң. Сеникиндей номер бул шоудо болгон эмес, болбойт дагы” деп айтты. Аябай эргүү берип туруп айдап жиберди (күлүп).

– Мунун баары сиздин өзүңүзгө болгон ишенимиңизди күчөтүп, алдыга чоң максаттарды коюуга түрттүбү?

– Ооба. 3-турга мен, Ильхом, Никита үчөөбүз чыкпадыкпы. Негизи мен өтүшүм керек болчу. Калыстар да, көрүүчүлөр да мени колдоп жатышкан. Ошол жерден Ильхомду өткөрүш керек деп коюшту окшойт. Ильхом деле жакшы ырдаган, бирок бир калыпта ырдады. Профессионалдык көз караш менен караганда, мен өтүшүм керек болчу. Мен ылдыйкы, өйдөңкү, эң бийик ноталарды алдым, араб, чыгыш мелизмаларын коштум жана башка. Ошол жерден Биландын реакциясын байкадыңар болуш керек, айта албай кыйналды. Саясат бар экен негизи. Ильхом өттү дегенде Ильхом мени карап туруп, “Адилет, кечир” деп кечирим сурады. Ал да мен өтүшүм керек экенин билген да. 24 катышуучу калган болсо, алардын 15и “адилетсиз болуп калды” дешти. Негизгиси, мен өзүмдү көрсөттүм.

– Ошол учурда сиздин абалыңыз кандай болду?

– Башында жаман болдум. Өтөм деп ишенип алгам да. Кийин жанагынча адамдан “адилестиз болуп калды, сен өтүшүң керек болчу” дегенди уктум. Профессионал музыканттар, кастинг өткөргөн комиссиянын мүчөлөрү да ошентип айтышты. Ошондо, демек, мен жаман ырдаган жокмун, саясат ойноп кетти деп калдым.

– Ырчылык менен дүйнөнү өзгөртсө болобу?

– Болот деп ойлойм, Майкл Жексон сыяктуу. Ал саясат, ачка калган балдар жөнүндө, броконьерлер тууралуу ырдаган. Балким, анын ырларынан улам көп адамдар жашоосун өзгөрттү. Мен үчүн Жексондун ырлары үлгү, адам кандай болушу керек, жаратылышка, адамзатка кандай мамиле болуш керек экенин көрсөтүп турат. Бирок адамдар ар кандай, маани бербей өтүп кеткендер болот, ырды угуп, түшүнүп ойлонгондор болот.

– Сизге таасир берген ыр кайсы болду?

– Пандемия учурунда “Адамга адам керек” деген ыр чыкпады беле. Ошону угуп алып ыйлагам. Сөздөрү жүрөккө тийген. Чын эле адамга адам керек учурда чыкты да ыр.

– Буга чейинки маегиңизде “эң чоң кыялым – Американы багындыруу” деген экенсиз...

– Ошого акырындап жакындап баратабыз. Жол татаал жана узун. Мен болбосом, балдарым багындырат деп ишенем.

– Жаш ырчы катары сизден сурагым келип жатат, мамлекеттик наам кандай ырчыларга берилиши керек?

– Наамды эмнеге беришет билбейм. Жакшы иштегени үчүн берет болуш керек. Ал тууралуу ойлонгон эмесмин. Мен үчүн эң башкысы – угуучуга жагуу.

Ооба же жок

– Жалгыздыктан коркосузбу?

– Ооба.

– Бир жүрөккө эки сүйүү батабы?

– Көп эле сүйүү батат. Меникине кызыма, аялыма, ата-энеме, бир туугандарыма жана башка жакындарыма болгон сүйүү батып жатат.

– Подкаблучниксизби?

– Аялымды сыйлайм. Сыйды көп эркектер ошондой түшүнүп алышы мүмкүн.

– Бирөөнү алдап кеткен учуруңуз болгонбу?

– Бала кезде болгон.

– Көп жылыңызды кабакта ырдап коротконуңузга өкүнөсүзбү?

– Кээде өкүнөм.

– Жакшы кийинесизби?

– Ооба.

– Аско сизден жакшы ырдайбы?

– Ачыгын айтайынбы? Жок. Аско өзү деле билет.

– Миллионерсизби?

– Жок.

– Ырдагандан тажаган учур болобу?

– Кабакта иштеп жүргөндө болгон.

– Мыйзам бузуп милиция кызматкерлерине кармалган учур болгонбу?

– Болгон. Бир жолу балдар менен мушташып кеткенде.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан