БИР БҮРКҮМ. 8810 МАС АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ...

  • Сокулук райондук аскер комиссариатынын жетекчиси коррупцияга шектелип кармалганы кабарланды.
  • Өлкөдө бир аптада 17758 жол эрежесин бузуу фактысы катталып, 1007 автоунаа айып аянтчасына токтотулду.
  • Улуттук гвардиянын 2 жоокери “зордуктоо” кылмышына шектелип камакка алынганы маалымдалды.
  • Түмөнбай Колдошов маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.
  • Өлкөдө 2022-жылдын 8 айында мас абалында унаа айдаган 8810 айдоочу кармалганы расмий маалымдалды.
  • Кыргызстанда быйыл жазында негизделген эл аралык “Эл үмүтү” стипендиясын 5 абитуриент алганы айтылды.
  • Ысык-Ата районунда сабалган аял ооруканада каза тапты, кылмышка шектелип анын күйөөсү кармалды.
  • Талантбек Бекташов билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды.
  • “Мыйзамсыз баюуга” шектелип кармалган ишкер Журат Абдуллаевдин 800 миллион сому жана курал-жарактары мамлекетке алынды.
  • Башкы прокуратура: Учурда Орусиянын абактарында 968 Кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
  • Айгүл Абдраева Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды.
  • Чаткал районунда алтынды мыйзамсыз сатууга шектелип айыл өкмөт кызматкерлери кармалганы кабарланды.
  • ИИМ: Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жашар кыздын иши жакында сотко өтөт.
  • Өлкөдө зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү борбор түзүлмөкчү.
  • Айгүл Наватова “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан