КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

– Зайнап өтүптүр... Сага айтпай эле койсом болмок, бирок: «Зайнап кандай экен?» – деп сурай бербесин дедим. Аталаш сиңдимди, анын курбусун сооротуп жүрдүм. Башкаларга караганда мен врачтар менен көбүрөөк сүйлөшүп, Зайнапты көбүрөөк ары-бери ташып калдым. Ошондонбу, аны айыгат деген ишенич, үмүтүм жокко эсе болчу, бирок мен аны мындан узагыраак жашайт деп ойлоп жүрсөм керек. Кызыктай абалдамын. Сиңдим курбусу экөө: «Аны Кыргызстанга бекер жибериптирбиз», – деп буркурап ыйлап жатышат. Мага караганда ушул эки кыздын күрөшү оор болду, чынында. Экөө Зайнапка да каттап, ар жерде акча да чогултуп, ар бир акча берген кишинин атын кагазга жазып, ар бир адамдын тилегин үйлөрүнө кошо көтөрүп келип жүрдү... Эл деген эл экен. Пол жууганы деле, курулушта иштегени деле жанындагыларга айтып, акчасын берип: «Айыгып кетсин!» – деп тилеп, улуураактары дуба кылып жатышты... Элге дагы, ыйлап жаткан эки кызга дагы акча болсо эле Зайнап айыгып кетчүдөй көрүндү да. Ыйлабай анан... Мен ыйлаган жокмун, адатымча мелтиреп барып, мелтиреп кайтып келдим. Бирок ичим сыйрылып жатат... Акырына чейин күрөшсөк болмок экен. Жакындарына ишенбей, акырына чейин өзүбүз күрөшсөк болмок экен. Сактап калышыбыз күмөн болчу, бирок мындан узагыраак жашайт беле? А балким, сактап калат белек... Мынчалык өкүнүп, мынчалык аңгырабайт белек...

Зайнапты Кыргызстанга жиберерде сиңдим: «Биздин медицинанын абалын билип туруп жиберип жатабыз, ал жакта карабай коёт, үйгө чыгарып коёт», – деп безилдеген. Зайнаптын атасы көнбөй койбодубу. «Алып кетем, үйдөн дарылатам», – деп туруп алды. Айла жок, калган акчаны колуна түйүп бердик. Жибердик... Сиңдим безилдегенчелик бар экен. Алар Зайнапты врачка деле алып барбаптыр. Кыргызстанга алып барып, табыптан-табыпка сүйрөптүр. Бул жерде врачтар ага күн алыс кан куюп жанын сактап жатпады беле... Күн алыс кан куюш керек болгон адамды кантип табыптан табыпка сүйрөштү, билбейм... Мүмкүн, табыпка алып барганы жалгандыр, мүмкүн, тиги эки кыз бирөөдөн уккан жалган сөзгө ишенип, курбусун сактай албай калганына ызаланып, ушул сөзгө басым жасап жатышкандыр, бирок врачка алып барбаганы чын. Кубаныч деген досум онкологиядан орун таап сүйлөшүп койсо, алып барган жок. Үйдө алып жата беришкен окшойт... Эми минтип Зайнап жок. Алты жыл бир ресторанда идиш жууду, Күн көрбөдү, айына бир же эки жолу эле дем алып иштеди. Тапкан акчасына жаркырап деле кийинген жок, ойногон жок, күлгөн жок, эки жакты деле көргөн жок. Байкушум, же бирөөнү сүйбөптүр, же аны бирөө сүйбөптүр. Качан сүйүп, качан сүйүлмөк эле? Таңкы ондон түнкү бирге чейин идиш жууса, анан үйгө келип сенейип уктаса. Айына бир жолу дем алса...

Сүйүүгө деле убакыт керек, күч керек. Ошол... Алты жыл идиш жууптур... Эстей турган болсоң, ушул сөздөр эле айтылат экен... Адам өлгөндө «жакшы адам эле» деп айтылат. «Бир да жакшы күн көргөн жок!» депчи? Айтылабы?! Мен Кудайды дагы жоготуп алдым... Кудай ушундай учурларда каякка кетип калат?...

«Кудай бар» дей беребиз, эже. Коркконубуздан эле ошентсек керек, бирок ушундайда анын жок экени билинип калат да...

– Тообо дечи... Биздин Кудайдан башка кимибиз бар дейсиң...

– Кудай болсо каякты карап отурат?! «Миллион» аталып, элдин ырыскысын жегендерди көрбөйбү? Ушундайда бир чыга калып, аларды так төбөгө чаап-чаап койсо болмок да.

– Бар эле. Болгону, ал бизден тажады. «Бириң өлүп бириң кал» деди. Же: «Адам кылып жаратсам, айбан болуп кеткендерин кара», – деп бизди тиктеп алып күлүп жатат.

– Кудайдын бар экени чын болсо, анда ал ыйламак... Күлмөк эмес...

ххх

– Соцтармак да өзүнчө жумуш... Жашообуздун жарым бөлүгү ушул жерде өтүп калды. Кээде ушул өнүгүүгө рахмат айтам. Өзгөчө алыста жашагандар үчүн ата-эне, бир тууган, жоро-жолдоштор менен кабарлашканга эң сонун мүмкүнчүлүк болду да. Бир жерде отуруп алып эле бир учурда беш киши, он киши менен кат алышасың, ал-абалын сурайсың. Ошол кат алышып жаткан учурда өзүңдү маанилүү сезесиң. Досторуң, жакындарың, сага кам көргөн кишилер, сени колдогон кишилер аябай көптөй көрүнөт, бирок ошол эле учурда жалгызсың... Жүзмө-жүз көрүшүп калчу болсоң, ошол он киши менен сүйлөшө албасаң керек. Сүйлөшчү сөзүң деле болбосо керек. Анткени экрандын аркы бетиндеги адамды тааныбайсың деле. Бирок кайсы жагынан алып караба, баары бир соцтармактын жакшы жактары көп. Айылыңдан тартып, ааламда эмнелер болуп жатканынан кабардарсың. Бир ордуңдан жылбай туруп эле бир канча кишинин көңүлүн аласың. Жөнөкөй жашоодо мунун баарына кантип жетишесиң? Соцтармактын жардамы менен жасалып жаткан иштерге өзүң чуркачу болсоң, убактың да, өмүрүң да жетпейт. Мигранттардын убактысы деги эле жетмек эмес.

Мен кечке жумушта жүрүп, тийип-качып бирөө менен сүйлөшкөндөй деле болбойм. Кечкисин болсо чарчап калам. Маанайым ар кандай болот. Өзүң иштеп, чарчап, ар кимден ар кандай сөз угуп, кор болуп келсең, кечинде келип бирөөлөрдүн көйнөк алганын, машине алганын, сүйгөнү 101 роза бергенин, үй алганын көргүң деле келбейт. Тааныштарымдын, досторумдун жаңылыктарын, жакшылыктарын көп учурда ушинтип көңүл сыртында калтырам. Бирок колум бошогондо, маанайым оңолгондо сөзсүз аларга кайтып барам. Кайтып барбасаң, реакцияңды билдирбесең, көрө албай жаткандай сезилесиң, таарынат, мамиле үзүлө баштайт.

Алардыкы деле туура. Баарыбыз эле мамилени ушул жерден күтүп калбадыкпы. Той бергени, келин алганы, башкасы деле элге жалпы жарыя жазып коёт. Жакшылыктарда эле эмес, башыбызга келген жамандыктарда деле көбүбүз ушул жерден кабар айттырып калдык. «Менин баланча жакыным каза болду», – деген посттор чыгат. Анын алдына көңүл айтып, кайрат берип, 400-500 киши жазат. Бата деле ошону менен бүттү. Жакыны каза болгон адамдын жүрөк дартын, ыйын жанынан укпайсың. Элдин шары менен каза болгон кишиге бейиштен жай тилеп, ыйлаган смайликти жиберип кутуласың. Болгон мамилебиз ушул – сөз, жүрөкчөлөр, кырдаалга жараша смайлик, анан жасалма гүлдөр... Ошону да адамдардан аяп жаткандай, көрө албастай көрүнбөйүн деп кадимкидей убакыт бөлүп, даярданып, айтчу сөзүңдү камдап алып келесиң. Кат жазган кишилерге жооп берип, өзүң кат жазгандардан жооп алып, тааныштарыңдын постуна, сүрөтүнө «лайк» басып, туулган күнү болгонун, машине алганын, күйөөгө тийгенин, үйлөнгөнүн куттуктайсың. Айтор, билинбегени менен, соцтармак адамдардын ортосундагы чоң мамилеге айланды. Кадимкидей карыз, аласа-бересе... Бүгүн ошол карыздарымдан кутулуп, эми бошодум. Эшикти терезеден да карап койбодум. Жатам.

Жаңылыгыбыз бар, эже. Кожойке кемпир батир акыны 35 миңге көтөрөм деп жатыптыр. Акбермет менен Мурат кемпирге кетишти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан