КЫТАЙ-КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН ТЕМИР ЖОЛУ БОЮНЧА МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЮЛДУ

Көпчүлүк күткөн долбоор

14-сентябрда Самаркандда ШКУнун саммитинин алкагында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду.

Документте Кыргызстандын аймагындагы тилкеде “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” маршрутунун бириктирилген варианты боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин бүтүрүүгө биргелешип көмөк көрсөтүү каралган. Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча бардык иштер 2023-жылдын 1-июнуна чейин бүтүүгө тийиш. Техникалык-экономикалык негиздемеге кеткен чыгымдар 3 өлкөгө тең бөлүнөт.

Артыкчылыгы эмнеде?

– Жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачат. Бул маршрут Кытайдан жүктөрдү Кыргызстанга, ошондой эле Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркия жана Евробиримдикке жеткирүүнү камсыздайт.

Долбоор транзиттик жүк ташуунун эл аралык рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүнү аралыктын жана жүк жеткирүү убактысын кыскартуу аркылуу арттырат. Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет,- деп билдиришти президенттик администрациядан.

Өлкө жетекчилери талкуулады

15-сентябрда президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Президент Садыр Жапаров “Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө тоскоол болуп, чечилбеген саясий маселелер жок” деди.

Мамлекет башчы Кыргыз тарап “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун иш жүзүнө ашырууну тездетүүгө кызыкдар экенин да айтты.

– ШКУнун саммитинин алкагында бул долбоор боюнча үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын жолду куруудагы ниеттеринин биримдигин бекемдейт,- деди өлкө жетекчиси.

Си Цзиньпин Кытай Кыргызстандын реформаларды өткөрүү боюнча аракеттерин колдоорун баса белгиледи. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун, Чүй облусуна ирригациялык каналдарды куруу долбоорун, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүнү колдоорун жана кызыкдар экенин белгиледи.

Кытайдын лидери Кытай тарап БУУнун алкагында Кыргызстан менен кызматташууну бекемдөөгө жана эл аралык аянтчада кыргыз тараптын демилгелерин колдоого даяр экенин да билдирди.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанга сапар менен келүү чакыруусун Си Цзиньпин кабыл алды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан