БЫЙЫЛ КЫШ КАНДАЙ БОЛОТ?

Кыргызда “кыштын камын жазда көр” деп айтылат. Эл акырындан отун-суусун, көмүрүн камдоого киришти. Быйыл кыш кандай болот? Кар эрте түшөбү же декабрга чейин жаабайбы? Табияттын айрым белгилерине көңүл буруу ашыктык кылбайт.

Андрей Рязенцев, астролог: “ОКТЯБРДЫН АЯГЫНДА КАР ТҮШҮШҮ МҮМКҮН”

– Октябрда аба ырайына чыңалуу абалындагы Сатурн жана Уран, Марс жана Нептундун таасири тиет. Октябрга негизинен ачык асман менен шамалдуу аба ырайы, узакка созулбаган жаан-чачын мүнөздүү. Аба ырайы кыска аралыкка күтүүсүз суук болуп кетиши мүмкүн. Октябрдын башында түнкүсүн жана эртең менен айлананы туман каптаган аба ырайы күтүлөт.

19-25-октябрь аралыгында аба ырайы туруксуз болот. Октябрдын акыркы күндөрү жамгырлуу болот, кар жаашы да ыктымал.

Ноябрдын алгачкы 10 күнү суук болот. 11-ноябрдан тарта айдын аягына чейин күн жылымдайт. Жаан-чачын азыраак болуп, асман ачык болмокчу.

Декабрдын башынан 20сына чейин жаан-чачындуу аба ырайы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айлананы туман каптайт.

Абанын температурасы орточо болот. Декабрдын аягында – Жаңы жыл алдында Кыргызстанда нормага ылайык аба ырайы өкүм сүрөт, кар жаашы күтүлөт.

Январда жаан-чачын нормадан азыраак болушу ыктымал. Айдын башында температура төмөндөп, суук болушу күтүлүүдө. Январдын орто ченинде аба ырайы кескин сууп, жаан-чачын болот. 21-31-январь аралыгында айрым учурда гана температура төмөндөбөсө, жалпысынан күн жылымык тартып турат.

Февралдын алгачкы аптасында аба ырайы кескин өзгөрөт. Чыкыроон катуу суук болуп, кар көп жаайт. Айрым аймактарга кар калың түшөт. 8-12-февраль аралыгында күн жылымык тартып, жаан-чачын күтүлбөйт. Айдын ортосунда аба ырайы кескин сууп, жаан-чачын күтүлөт. Февралдын аягында абанын температурасы бир аз жогорулайт, бирок мезгил-мезгили менен жаан-чачын болуп турат.

Айзада Абдывалиева, ӨКМнын Гидрометеорология кызматынын башкы адиси: “ОКТЯБРДА 6 ГРАДУСКА ЧЕЙИН СУУК КҮТҮЛӨТ”

– Октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. –1 –3 градуска чейин суук болушу мүмкүн, демек, үшүк жүрүшү ыктымал. Айрым аймактарда түнкүсүн сууктун күчү –6 градуска чейин жетиши мүмкүн.

Жанар Кадыралиев, астролог: “ЯНВАРЬ, ФЕВРАЛДА КАТУУ СУУК БОЛОТ”

– Октябрь, ноябрь, декабрь айлары толугу менен, январдын жана февралдын экинчи жарымы, марттын орто чени аба ырайынын улам кескин өзгөрүлүп турушу менен элге ыңгайсыздык жаратат. Андайда унаа менен алыска жол жүрүү кыйынчылык жаратары белгилүү. Катуу шамал майда кырсыктарга жеткириши мүмкүн. Суукка, жугуштуу ооруларга кабылгандар көп болот. Кыш убагында келет. Кар калың жаабайт, бирок карлуу бороондордун болушу күтүлөт. Убак-убагы менен катуу суук күндөр болуп турат, өзгөчө январдын жана февралдын 15инен аягына чейин. Кеч күз шамал, сыдырым суук, өткүндөр менен коштолот. Октябрдын этегинде алгачкы кар түшүп, күн бир топ сууп барып анан кайра жылымык тартат.

Дастан Сарыгулов, санжырачы: “БЫЙЫЛ КЫШ ӨЗ УБАГЫНДА КЕЛЕТ”

– Кыргыз эли илгери табияттын мыйзамы менен жашаган. Табияттын мыйзамы деген эмне? Жылдыздардын жайгашуусуна карап аба ырайы кандай болорун алдын ала биле алган жана ошого жараша иш жүргүзгөн. Ошондуктан мал, эл сакталып, аман калган. Куру чыгымга учураган эмес.

Быйыл Үркөр жылдыз буга чейинки жылдарга салыштырмалуу 25 күн эрте батты. Тактап айтканда, апрелдин 10дорунда батты. 20 жылдан бери Үркөр 1-жолу эрте батты. Мындай болгондо үшүк, биринчи кар эрте түшүшү мүмкүн, бирок күн кайра жылымдайт, кыш өз убагында биротоло түшөт.

Сумбула жылдызы быйыл өз убагында тууду. Аталган жылдыз 27-июль – 8-август аралыгында тууйт. Негизи топ жылдыздын саны өзгөрбөйт, бирок алардын бири башкаларга караганда алыс жайгашкандыктан бизге анча көрүнө бербейт. Сумбула өз огунда айланып бизге жакындаганда жанагы көрүнө бербеген 1 жылдыз да көрүнөт. Муну кыргыздар “Сумбула тууду” деп коёт. Ал туугандан тартып таң суук тартат, эртең менен аба ырайы салкын болуп чыйрыга баштайбыз. Суу муздап баштап, түбү балыр тартып, дарыяга, көлмөлөргө киринүү ден соолук үчүн жагымсыз болот. Илгери көчмөн жашоодо Сумбула туугандан кийин эл жайлоодон жакага көчүүгө даярдана баштаган. Сумбула убагында туугандыктан быйыл кыш эрте да эмес, кеч да эмес, өз убагында келет. Былтыр кыш 20 күн эрте түшкөн.

Кыш суук болобу же жокпу, ноябрда Тараза жылдызы чыкканда байкалат.

Кыргыз элинин улуулугун, олуялыгын далилдөөчү кендин бири – тогоол календары. Үркөр топ жылдыз, Ай, Жер бир сызыкка туура келип калса, муну тогоол деп атайбыз. Башкача айтканда, алар тогошот. Тогоол күндөрү аба ырайы өзгөрүлүп, адамдар, жаныбарлар үчүн өтө жагымсыз болот, иммунитет 50 пайыз төмөндөйт, өнөкөт оорулар козголот. Илгери тогоол күнүндө мергенчиликке чыгышкан эмес, себеби бул маалда кийик-аркарлар оттобой, ыктоо жерлерде дымып жатышат. Балыктар суунун тереңинде тынып же таштын коңулунан чыкпай калышат. Бул күндөрү кыргыз эли көчкөн эмес, кыз берип, келин алган эмес. Тогоол – үч күнгө созулат. 2022-жылдагы тогол күндөрдү билип, ошого жараша иш кылсаңыз жакшы. Алдыдагы тогоол күндөр – 4-5-6-октябрь, 1-2-3-ноябрь, 29-30-ноябрь менен кошо 1-декабрь жана 26-27-28-декабрь.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан