– Атышуу башталып, кыргыз чек арачылары да курал колдонушту. Тажик тарап миномётторду колдонду,- деп таратылды алгачкы расмий маалымат.
Миномёт менен аткылоодон 2 Кыргыз чек арачысы жаракат алганы белгилүү болду. Врачтардын айтымында, алардын абалы канааттандырарлык. Бул күнү Тажик чек арачылары Баткен районунун башка айылдарында да ок чыгарып жатышты. Тагыраагы, Как-Таш, Паскы-Арык тилкелеринде ок атышуулар орун алды. Жергиликтүү 3 тургун да октон жаракат алганы айтылды. Чек ара кызматы “Тажик тараптан кара кийимчен, сакалчан адамдардын карапайым калкка, инфраструктуралык жайларга ок атканы тынчсыздануу жаратат” деп маалымдады.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажик тарап бул жаңжалга атайын даярданганын, бир убакта 5 жерден кол салганын билдирип, "ушундай кадамдарды дагы улантышса, биз сөзсүз түрдө адекваттуу чара көрөбүз" деди.
15-сентябрга карата Баткенде абал турукташты, бирок чыңалуу бар деп айтылды.