ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРИ 2 КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге 2 кылмыш иши козголду. Чиновник “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айыпталып жатканын 13-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Бекмурзаев тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Өзбекстанга жана Орусияга иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, мамлекетке олуттуу зыян келтирген,- деп айтылат маалыматта. Ошондой эле «министр “Тёплые ключи” ден соолукту чыңдоо комплексинин объектилерин капиталдык оңдоодо "Б." ЖЧКсына 15 миллион сомдон ашык зыян келтирген» деп билдирет Башкы прокуратура.

Айта кетсек, Доскул Бекмурзаев Энергетика министрлигин 2021-жылдын июнь айынан бери жетектеп келет. 13-сентябрь күнү өзүнө козголгон кылмыш иштери боюнча билдирүү жасап, “энергетика тармагын реформалоодо айрым таасирдүү адамдарга тоскоол болдум” деп жар салды. Министрлик кызматка президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен келгенин, баштаган ишинен артка кайтпай турганын белгилеп өттү.

14-сентябрда Бекмурзаев кызматтан убактылуу четтетилди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан