Алдын ала эсептөө боюнча, “Кумтөрдөгү” коррупциялык схеманын айынан мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталганы айтылды. “Кумтөр” боюнча Башкы прокуратура 3 кылмыш ишин козгоду.
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Бөлтүрүктүн кармалышы боюнча ЖМКларга комментарий берип, соттун чечимин күтүү керектигин айтты.
– “Кумтөр” өз жумушун так аткарып жатат, 1 грамм дагы алтын сыртка чыгарылып кеткен жок,- дейт Жапаров. 14-сентябрда парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов “1 миллиард сом деген чекеси эле, булардан мындан да көп былыктар чыкканы калды” деп билдирди.
Айта кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары “Кумтөрдүн” иши боюнча Теңгиз Бөлтүрүктүн отчётун угууну талап кылып жатышкан.