Айдана Дека, ырчы: «БАРДЫК НЕРСЕНИН ИДЕАЛДУУ БОЛУШУН КААЛАЙМ»

– Айдана, салам. Жакында Европага барып келдиңиздер, кандай таасир калтырды?

– Кандайсыздар? Ой, бул өзгөчө сапар болду. Буга чейин Дубай, Таиланд, Түркия сыяктуу жерлерге барып, денебизди эс алдырчу экенбиз. Бул ирет мээбиз эс алды. Негизи Берлинге концерт коюп барганбыз. Бир күн концерт берип, 6 күн эс алдык. Германиянын шаарларында, Амстердамда, Парижде болдук. Гиддер менен бирге шаар кыдырып тарыхын билдик. Жаңы маалымат кирип мээде жаңылануу болду. Чоң эргүү, дем-күч алып, тил үйрөнөлү деген чоң каалоо менен кайтып келдик.

– Сонун. Ысык-Көлдөн үй алдыңыздар...

– Быйылкы жай ошол жаңылыгыбыз менен эсибизде калды. Жүрөгүмдө катылуу кыял бар эле, аткарылды. Кичинемден бери көлдүн жээгинде үйүбүз болсо деп кыялданчумун. Эмнегедир толкундун үнүн укканда, жээкте жүргөндө жан дүйнөм башкача сергийт. Адам экенбиз да, депрессияга кабылган учур болот. Ошондой кезде көлдүн жээгине барсам бир секундда кайгынын баары жок болот. Мунун баарын көрүп жолдошум “бизге көлдүн жээгинен үй керек экен” деп калган. Жолдошум да көлдү жакшы көрөт. Ошентип үйлүү болдук. Учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, буюрса, Жаңы жылды ошол жактан тособуз деген пландарыбыз бар. Өзгөндө ата-энебиз белекке берген дачабыз бар. Тоонун түбүндө, шаркыратмага жакын аябай кооз жерде жайгашкан. Жазында ошол жакка, жайында Ысык-Көлгө барып эс алып турабыз.

– 2 баланын апасы болгон аялзаты кандай өзгөрүүлөргө дуушар болот экен?

– Биринчи жолу апа болгондо көп сезбептирмин. Кызымды жакшы көрүп мээрим төктүм, албетте. Бирок 100 пайыз энелик сезимди сезбептирмин. Экинчи кызымда чыныгы энелик сүйүүнү түшүндүм. Кыздарымды карап тим эле жүрөгүм эзилет. Мурда мындай сезим болчу эмес. Ар бир бала менен өзгөчө энелик сезим ойгоно берет окшойт. Кийинки балдарымда деле “чыныгы энелик сезимди эми толук сездим” десем керек.

– Жолдошуңуздун кайсы бир сапатын өзгөрткүңүз келеби?

– Жок. Үйлөнгөндөн кийин жолдошумдун чыныгы жүзүн көрдүм. Мырзалар үлпөт тойдон кийин өзгөрөт дешет го, чын экен. Жолдошум жакшы жакка өзгөрдү. Кыз-жигит кезде бат ачуусу келчү. Ал кезде мүнөзү көп жакчу эмес. Сүйгөндүктөн айрым майда-чүйдө нерселерге көздү жумуп чыдайм деп тийгем. Тийгенден кийин таң калдым, жакшы жакка өзгөрдү, токтоо, сабырдуу, камкор адам болуп чыга келди. Бардык сапаты жагат. Өзгөрүүнү адам өзүнөн башташы керек. Мен өзүмдүн үстүмдөн иштейм, анализдерди жүргүзүп турам. Кыз-жигит болуп жүргөн кезде мен да көк бет болчумун, бат ачуум келчү. Өзүмдү жакшы жакка өзгөрттүм, азыр мүнөзүм өзүмө жагат.

– Ата-энеңиз кичине кезиңизде ажырашып кеткенин жакында айтып чыктыңыз эле. Учурда атаңыз менен мамилеңиз кандай?

– Бул мен үчүн оор деле тема эмес. Ойлонбойм деле. Таарынычымды коё бердим. Тескерисинче, жылуу сезим пайда болду. Ал адам чыгармачыл чөйрөдөн да, концерттерден көрүшүп калабыз. Учурашам, сүйлөшөм, неберелеринин сүрөтүн көрсөтөм. Күнүгө чалышып турбайбыз, бирок жолугуп калсак абалыбызды сурашып турабыз.

– Имиджиңизге, клиптериңиздин оригиналдуу чыгышына абдан көңүл бурарыңыз байкалат. Ырдын сөздөрүнө канчалык маани бересиз?

– Мен перфекционистмин, ар бир нерсенин идеалдуу болушун каалайм. Кичине эле кыйшык болуп калса оңдомоюнча жаным жай албайт. Албетте, ырдын сөзүнө да маани берем. Болгону, айрымдардын ою боюнча, ыр дайыма 4 сап жана уйкаш болушу керек. Мен ырдын текстине башкача, заманбап сөздөрдү кошкум келет. Анан “элге мындай ырлар жагат, тойлордо мындай ырлар өтөт” деп иштебейм. Угармандар менин стилиме ылайыкташса дейм. Жан дүйнөм эмнени каалап жатса ошону ырдайм. Ар бир ырым позитивдүү. Ырларымдын сөздөрүн түшүнбөй жаткандар болсо, жакшылап маани берип угушсун дейт элем. Адамга дем-күч берген сөздөр бар.

– Үнүңүзгө өзүңүз кандай баа бересиз?

– Жакшы баа берем. Өзүмө жарашыктуу үнүм бар. Баары эле асмандан Майкл Жексон болуп түшкөн эмес да. Майкл Жексон деле дүйнөнү багындырган ырчы болуп асмандан түшкөн эмес. Баары акырындан келет. Азыркы үнүмө, чыгармачылыгыма канааттанам. Биз жете турган бийиктиктер алдыда.

КЫСКА-НУСКА

– Абдан кыжырыңызга тийген комментарий...

– Жаман комментарийлерге көңүл бурбаганга көнгөм. Бирок жакындарыма, кыздарыма карата жаман сөз жазышса бир аз ачуум келет. Мага жазса көңүл бурбайм.

– Абдан жагымдуу комментарий...

– Албетте, мени мактап, суктанып, жылуу, жакшы сөз жазышса жагат.

– Эркектердеги сизге жакпаган сапат...

– Майдачыл, көп сүйлөгөн, таарынчаак, ушакчы мырзаларды көрсөм маанайым түшөт.

– Кандай адамды жаныңызга жолотпойсуз?

– Интриган, сөз ташыган адамдарды жолотпогонго аракет кылам. Мени жакындарым партизан дешет, сырга абдан бекеммин. Башкалардан да ошону күтөм.

– Акыркы жолу сиз туш болгон таң калычтуу окуя...

– Кээде өзүмдүн жашоом тууралуу ушунчалык кызык сөздөрдү угуп калам. Жакында эле “Айдана үй-бүлөсү менен Америкага көчүп кетет экен” дегенди угуп таң калдым. Бизде Америкага көчүп кетүү тууралуу ой болгон эмес.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Antiradikal11
2022-09-26 00:30:00
Озу идеалдуу бекен бул дура?
+1
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан