Азимбек Бекназаров: “БИЙЛИКТИ КАТУУ СЫНДАДЫМ, ЧЫДАШКАН ЖОК”

Саясатчы, экс-элчи Азимбек Бекназаровдун соңку билдирүүлөрү коомчулукту бир силкинтти. Анын сөздөрүнө парламент депутаттары, министрлер реакция жасашты, каяша кайтарышты. Азимбек мырза менен бул жолу элчилик кызматтан кеткени, өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча кызыктуу баарлаштык.

– Куш келипсиз, Азимбек мырза! Сизди “өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду бекемдей албады” деп элчиликтен бошотушту. Сиз мындай жүйөгө макул эмесмин дедиңиз. Элчи катары 3 жылда эмне иштерди жасай алдыңыз?

– Мен Малайзияда элчи болуп 2 жыл 6 ай иштедим. Анын 2 жыл 1 айында пандемия болуп, карантинде отурдук. Карантинде отуруп деле элчиге тагылган бүт милдеттерди аткарып Кыргызстанга кат түрүндө сунуштарымды жиберип жаттым. Атүгүл Малайзияда мени активдүү дипломатиялык иш жүргүзүүдө деп биринчи даражадагы диплом менен сыйлашты. Менин ишим боюнча буга чейин биздин ТИМ эч кандай эскертүү да, сөгүш да берген эмес. Тарс этип эле кызматтан алып салышты. Себебин билем, 3-4 маселеде азыркы бийликти катуу сындап койдум. Биринчиси – “Кумтөр” маселеси боюнча эмне үчүн 3 миллиард долларлык суммадагы экологиялык доодон баш тартышты дедим. Былтыр эле элчилерге “Кумтөр” экологияга баланча миллиард зыян келтирди, бул жөнүндө башка өлкөлөргө тараткыла” деп буйрук беришкен эле. Анан кайра өздөрү “ал доо жөн эле ормон-опуза болчу” дешкенде шерменде эле болдук да. “Кумтөрдөгү” 26 пайыз үлүшүбүздү “жөн эле бош кагаз болчу” дешти. Ал бош кагазга кол койгон Акаевди камашпайбы анда, ал киши келип-кетип, мен апакаймын деп жүрөт го? Ширшов боюнча да сындадым, айтор, акыры чыдашкан жок. Ооба, мен мамлекеттик кызматкердин этикасын тынымсыз бузуп келдим. Ошон үчүн кызматтан бошотушту. 30 жылдан бери саясатта жүрөм, болбогон бир кызмат үчүн принцибимден кайта алган жокмун.

– Эл “Кумтөрдү” алдык деп ураалап жатканда бийликти капталдан бир сүзгөндөй эле болдуңуз. Канча бийликтин алы жетпей келген “Кумтөрдүн” мамлекетке өтүшүнүн өзү эле жеңиш эмеспи?

– “Кумтөрдү” алганыбыз жеңиш, чын. Мурдагы президенттер кыла албаган ишти жасады. Бул үчүн мен Садырды (ред.: президент Садыр Жапаров), Кыргыз элин куттуктагам. Башын жакшы баштап, аягында кыргызбайчылык кылып жибердик. Кыргыз мамлекетинин, айрым саясатчылардын 30 жылдык саясий тагдыры “Кумтөргө” байланып калды. Насирдин Исанов табышмактуу жол кырсыгынан каза болуп, ушундан улам Акаевдин кол тийбестиги алынган, Садыр өзү да мунун айынан канча азап тартты. Өткөндө лондондук гезиттердин бирине Байсалов “биз “Кумтөрдү” басып алдык” деген мааниде маек бериптир. Биз басып алган жокпуз, өзүбүздүн кенди өзүбүзгө алдык. Мен Акылбек Жапаровго кирип “тилиңерди тыйбайсыңарбы” дедим. Эл аралык укук тарабынан алганда бул итчилик эмей эмне?

– Саясий гиганттардын бирисиз, саясатта президенттиктен башка бардык тепкичтерди басып өттүңүз. Азыркы бийликке каршы сүйлөбөй эле элчилик кызматта жылуу-жумшак жүрө берсеңиз болбойт беле?

– Унчукпай отура албадым. Өмүр бою эле ушинтип келе жатам, бул менин кемчилигимби же артыкчылыгымбы, тарых өзү таразаласын. Өзүмдү жеңе алган жокмун. Канча президент болсо, баары менен тирешип келем. Саясий окуяларда алар менен чогуу эле жүрөм, 5-6 айдан кийин душманына айланып калам. Жакында “Мен кыргызмын” деген 4 том китеп жаздым. Кыргыз саясатын ичинен жаздым, кийинки муунга мурас болот. Азыркылар “бизге чейинкилер 30 жыл мамлекетти талкалашты” деп жатпайбы? Анда эмнеге аларга “баатыр” наамын берип жатат?

– Пенсиялар, айлыктар көтөрүлүп жатат. Камбар-Ата 1 ГЭСи, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлорго старт берилди. Позитивди байкабай, жалаң негативге ыктап бараткан жокпузбу кыргыз коому?

– Жок, анткен жокпуз. Азыркы жаш коом акыркы 30 жылдын тарыхын жакшы билбейт. Азыркы “Азия моллдун” ордунда мурун сонун стадион турган. Ошол жерди мамлекетке өткөрөм деп талашып жүрдүм, кызматтан кеткенимден пайдаланып Бабанов түрк кожоюндарынан арзан сатып алды. Мамлекет бир тыйын пайда көргөн жок. Азыркы “Ынтымак” паркында мурун Акаевдин конок үйү турчу, ошол 20 гектар жерди мамлекетке мен өткөргөм. Аны көбүңөр билбейсиңер. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча мыйзам долбоору тээ 2001-жылы мен депутат кезде эле даярдала баштаган. Аны бардык президенттер пиар үчүн пайдаланышты. Азыр деле ал долбоордун ишке ашарынан күмөнүм бар. Айлык акылар көтөрүлдү мейли, азык-түлүктүн баасын карабайсыңарбы? Айлыктардын өсүшүн инфляцияны компенсация кылуу деп эле түшүнүш керек.

– Мындан аркы статусуңуз кандай болот? “Сооронбай Жээнбеков мени элчиликке араң кетирди эле, 2 иним кайра чакырып алды” дедиңиз. Бул азыркы бийликке оппозиция болом дегениңизби?

– Ошол эки иниме рахмат, мени эркиндикке чыгарды. Сооронбай (ред.: экс-президент Сооронбай Жээнбеков) мени элчиликке дайындаганда мамлекеттик кызматкердин этикасы деп рамкадан чыга албай жүрдүм. Мен жүрөктүн, аң-сезимдин тилинде эркин саясатчымын. Булар менин байлануу колумду чечип коюшту.

– Элдик курултай институту боюнча... Колдойсуз, билебиз, дагы бир жолу пикириңизди бышыктап берсеңиз. Юридикалык күчү жок жыйындан эмне майнап чыгышы мүмкүн?

– Элдик курултай кыргыздын накта, чыныгы жыйыны. Пикет-митингди биз кийин эле билдик да. 5 миң жылдык Кыргыздын тарыхын карасаң бүт курултай. Курултай – батыштан келген пикет-митингдин эле альтернативасы. Болгону маданияттуу түрдө өтөт, эч кандай Ак үйдү басып алуулар болбойт. Айрым депутаттар “парламент турса, курултайдын эмне кереги бар?” деп жатышпайбы? Ой, сен мыйзамыңды жаза бер, курултайчылар мыйзам жазбайт, айланайын. Мен 17 жолу курултай өткөргөн киши катары айтам, өлкөнүн эң маанилүү тарыхый чечимдери курултайда кабыл алынган.

– Саясий процесстер кандай жүрүүдө? Кыргызстанды жакынкы жылдары эмне күтөт?

– Кыргыздар саясий революциялардын лимитин толтуруп бүттү, бизге жан дүйнө революциясы керек. Кыргыздын курсагы ток эле, жан дүйнөсү ач, руханий жактан азыктандырыш керек. Он жылда, буюрса, муун алмашат, ар бирибиз жан дүйнөнүн эркиндигин пайдалана билгенибизде, инсандыкты сезе баштаганда оңолобуз. Ошондо элге акча сунуштап, саясатты соодага айланткан чиновниктердин ыкмасы өтпөй калат. Биз 150 жыл орустар менен жашасак, 5 миң жыл өзүбүз эле жашаганбыз. Өткөнүбүзгө, аталарыбыздын жолуна кайтышыбыз керек, кыргыздын наркы ошол жакта. Мен оптимистмин, кыргыздар Борбор Азияда гүлдөгөн өлкөнү кура алышат, биз азыр жаңы көз караштагы муунга муктажбыз.

P.S Азимбек Бекназаров бизге маек берген күндүн эртеси уулу Руслан Бекназаров кылмышка шектелип кармалды. Бул окуя боюнча саясатчы билдирүү жасап, анда “мени чөгөлөтүш үчүн уулумду кармашты. Бул эскертүү. Бирок мени эч ким токтото албайт. Ал үчүн өлүмгө барганга да даярмын” деди.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан