ОРУСИЯ АБАГЫНДА ОТУРУП ЧЫККАН КЫРГЫЗ КЫЗЫНЫН БАЯНЫ

Каарманыбыз Айгүл (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) учурда Орусияда иштейт. “Башымдан оор сыноолор өттү, ажыраштым, Москвада тааныш балага бычак шилтеп алып абакка отуруп чыктым” деп өз башынан өткөргөн тагдырын баяндап берди. Айгүлдүн окуясы, балким, башкаларга да сабак болор, аларга туура жол көрсөтүүгө себеп болор деген үмүттөбүз.

“Ажырашып кетиптир деген сөздөрдү укпайын деп Москвага кеткем”

– Жалал-Абаддан болом, 42 жаштамын. Атам эки жолу үйлөнүп, балалуу болбой ажырашат. Кийин апама үйлөнөт. Апам да 8 жыл төрөбөй, эмчи, молдо, табып, доктурдун баарына барып жүрүп акыры мени төрөптүр. Атамдын 38 жашында көргөн тун кызымын. Балалыгымда ата-энем көзүмдүн кареги менен тең айланып чоңойтушту. Эрке, айтканымды жасаттырган кыз болчумун. Мектептен кийин Жалал-Абад мамлекеттик университетине мугалимдик кесипке тапшырдым. Студент кезде, 19 жашымда мени ала качып кетишти. Ала качкан жигиттин үй-бүлөсүн ата-энем тааныгандыктан “жакшы бала, ата-энеси да жакшы” деп мени көндүрүп отургузуп коюшту. Күйөөм 11 бир тууган эле, келин болуп барганда абдан чоң үй-бүлөнүн түйшүгү моюнума жүктөлдү. Кир жууйм, тамак жасайм, нан жабам, күндө ушул жумуштар... Үйдүн эркеси болуп өскөнгө кайын журтка көнүп кетүү абдан кыйын болду. Бир жылдан кийин төрөдүм, түйшүгүм эки эсе көбөйдү. Суйкайган жаным колдорум туурулуп, бетиме так түшүп, дамбал, халат кийип, бетимден көө кетпей калды. Кийин мектепке жумушка чыгып кеттим, ошондо күйөөм кызганып баштады. 11-класстын окуучуларынан, мектеп директорунан кызганат, айтор, мени мите курттай эле кемирип бүттү, 45 килограмм болуп арыктадым. Чыдабай, атама барып ичимдеги буктун баарын айттым. Атам “күйөө бала менен өзүм сүйлөшөм” деди. “Жарашам” деп мени үйдөн алып кетет, кайра эле урушуп бир айда үйгө баса берем. Айтор, ата-энем да турмушубуз болбошуна көзү жетти окшойт, “ажыраш” деди. Ажыраштым, бирок айылда кенен жүрө албай калдым. Депрессия болдум, айылдагылар “ажырашып келиптир” деп мени сөөмөй менен көрсөтүп жаткандай эле боло берди. Чыдабай Москвага келе бердим.

“Тааныш балага бычак шилтеп абакка түштүм”

– Москвага тууган инилерим чакырган эле. Алар жер төлөдө пластикалык терезе жасап иштешет экен. 2007-жыл, инилериме тамак жасап берип иштеп калдым. Мага ошол кезде 8 миң рубль айлык төлөп беришчү, жатаканам бекер эле. Кийин Москва шаарына баарыбыз чачырап кеттик. “Белорусская” метросунда кыргыздар жашаган батирге чыктым, ал жакта өзүмө окшош ажырашкан кыздарды таап алгам. Жумуштан чарчап келгенде шаңдуу отуруп ар кайсыны сүйлөшүп, шарап ичебиз. Бир күнү жумуштан келсем кыздар шарап ичип отурушуптур, бир кызуу курбубуз “жүргүлө, бийлеп келебиз” деп калды. Кийинип, жасанып алып түн жарымда кафеге жөнөдүк. Бардык, таманыбыз тешилгиче бийледик, ал жактан кең далылуу, кара тору Айбек деген жигит менен таанышып калдым. Ажырашкам, ширетүүчү болуп иштейм деп таржымалын айтып берди. Кийин телефондон сүйлөшүп жүрүп, кыз-жигит мамилесине өттүк. Бир жолу Айбек өзү иштеген жерге “чогуу иштеген балдарга боорсок бышырып берчи” деп чакырды. Курбумду ээрчитип алып бардым. Музыканын үнүн катуу коюп бийледик, ырдадык, айтор, шаңдуу отурганбыз. Таң атканда Айбектин бөлөсү тийишип баштады, менин орой жооп бергенимди жактырган жок, айтыша кеттик. Ал жаагыма чаап жиберди. Экөөбүз кадимкидей эле кармаштык, ал менин бутумду бөтөлкөнүн сыныгы менен кесип жиберди эле, мен бычакты алып эки жолу көкүрөгүнө шилтеп жибердим. “Тез жардам” кызматы, милиция келди. Калган окуяларды туман сыяктуу билем. Бир карасам, үйгө кийген тапочка менен колума кишен салынып көчөдө басып баратыптырмын. Бетим шишиген, бутум канаган, чачым саксайган... Ошондо өзүмдү селсаякка окшоштурдум.

“Зек кыздар менен достоштум”

– Камалып кетем деп такыр ойлогон эмесмин, анткени мен бычак сайып жиберген баланын абалы жакшыдай эле сезилген. Бирок Орусияда мыйзам күчтүү иштейт экен, мени камап салышты. Башында менин жарааттарым менен “кызды ооруканага алып баргыла” деп көп абактар албай жатышты. Бирок милиция мени ары-бери ташыгандан эринип бир абакка алып кирип койду. Полиция менен жүргөндө “алдагы узун чачыңды жок кыл, түрмөдөн ошол чачың менен даараткана жуудурушат” дешкен. Абакка зек кыздардын камерасына киргенден аябай коркуп калтырадым. Бир камерада 30 кыз жатат экенбиз. Бирок ал жакта деле мендей кыздар отурат экен, бирине топу, экинчисине байпак тигип берип жатып бат эле аларды өзүмө ыңгайлаштырып алдым. Кыргыз аялдар да көп экен, баңгизат тузагына түшүп жапжаш кыздар отурушат, белгилүү спортчунун карындашы да мени менен бир камерада отурду. Түрмөдө отургандарды коркунучтуу адамдай көрө беришет эмеспизби. Мен да мурун ошентип ойлочумун. Бирок ар адамдын тагдыры ар кандай болот экен да. Эрке болуп чоңойгон бир үйдүн жалгызы мен деле отурам го дедим.

“Абактан чыгып адам болдум”

– Абак мага мыкты турмуштук мектеп болду. Кээ бирлер ал жактан бузулуп, аракеч, баңги болуп чыгышат экен. Мен жашоомду такыр башка нукта өзгөрттүм. Жигитим Айбек мен абакка түшкөндө таштап кеткен жок. Түрмөгө тамак-аш ташып, эсебиме акча которуп жүрдү. Жадакалса абактан чыкканда мени тосор адам жок көчөдө калганда жардам берди. Бирок мамилебизди улантуу мүмкүн эмес эле. Анткени мен такыр башкача адам болуп чыктым. Ата-энеме, Кыргызстаныма, балама кетким келди. Абакта отуруп, чыныгы эркиндик кандай болорун сездим, нандын, майдын даамын билдим. Абактан бир айым менен чогуу чыгып экөөбүз ашканадан пирожки жеген элек, даамдуулугун сураба эми. Эркиндиктин тамагынын даамы да башкача болобу билбейм, пирожкини жеп жатам, шолоктоп ыйлап жатам. “Келе бер, мен тосуп алам” деген эжем телефон чалсам такыр албай койду, бир күн вокзалда түнөп, жакшы адамдардын жардамы менен батирге чыктым. Көп өтпөй ата-энем жол киреме акча салып Кыргызстанга кетип калдым. Азыр жашоом жакшы, уулум студент. Үйлүү болдум, унаам бар, мага азыр күйөөнүн деле кереги жок. Психологияны да тереңден изилдеп үйрөнүп жатам. Азыр миграцияда жүргөн айрым жаштардын жеңил оокатка кызыкканын, жеңил жүрүм-турумун көрүп менин окуям, убагындагы туура эмес жүрүм-турумум бирөөлөргө сабак болор деген ниетте башымдан өткөн окуяны айтууну чечтим.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан