Мыктыбек Нурланбеков, ырчы: «ШОУ-БИЗНЕСТЕГИ ЖАСАЛМАЛУУЛУК ЧАРЧАТАТ»

Чыгармалары да мыкты, өзү да мыкты. Каарманым хит ырлардын автору, ырчы Мыктыбек Нурланбеков. Жаш болсо да көпчүлүккө классикалык чыгармаларды аткарып таанылган Мыктыбек жакында кесиптеши Гүлнур Сатылганова менен дуэт ырдап чыкты. Мүнөзү, шоу-бизнестеги жазылбаган мыйзамдар, максаттары тууралуу ой бөлүштү.

– Салам, Мыктыбек! Жаңылыктарың менен бөлүшө кетсең...

– Саламатсызбы? Жакында Гүлнур Сатылганова менен дуэт жаздырдым. Өзүбүз хор ачып, таланттуу балдарды өстүрүп чыгаралы деп жатабыз. Келечекте аны оркестр катары чыгарсак деген пландар бар. Мисалы, бир ырчыга оркестр керек болсо бизге кайрыла тургандай сапаттуу чыгаралы деп турабыз.

– Дуэт ырдайлы деген сунушту ким киргизди?

– Нурболот Азамат деген журналист жигиттин ыры жагып, ага обон жазгам. Аранжировкасы бүтүп калганда ушул ырды Гүлнур эже менен ырдасамбы деген ой келди мага, анткени ал насаат, жакшылыкка чакырган ырларды көп ырдайт эмеспи. “Ырды угуп көрүңүз, жакса ырдайлы” деп сунуштадым, ага жагыптыр, ошентип ырдап калдык. Мурун деле ырчылар менен дуэт, трио ырдап жүргөм. Бирок үлкөн ырчы менен биринчи жолу аткардым.

– Үлкөн ырчы ырды жактырбай, дуэт ырдоодон баш тартып койсо шагың сынбайт беле?

– Жок, жакпады десе деле нормалдуу эле кабыл алмакмын. Анткени ар бир ырчынын музыкага, текстке табити ар кандай болот. Өзүм эле ырдап чыга бермекмин.

– Чыгармачылык жолуң кантип башталды?

– Башкалардын тили сүйлөп чыкса, менин тилим ырдап чыгыптыр. Сүйлөй электе эле ар түрдүү музыкаларды кыңылдай берчү экенмин. Кийин мектептеги иш-чараларда ырдап, сынактарга катышып жүрдүм. 11-классты бүтүп, Улуттук консерваторияга тапшырдым, ага чейинки журналист болсомбу, юрист болсомбу деген ойлордун баары токтоду. Кесипти туура тандаганымды сездим. 2014-жылы Асанкалый Керимбаевдин обонуна жазылган “Жүрөк сезет” деген ырды жаңылап ырдап сахнанын босогосун аттадым.

– Салмактуу, классикалык чыгармаларды көп аткарасың, бул табитпи же атайын тандообу? Азыр көпчүлүк жеңил ырларга ыктап жатпайбы...

– Биринчи ырдап чыкканда 19 жашта элем, эмне үчүн андай ыр тандап алганымды деле билбейм. Студиядан жаздыргандан кийин гана оор чыгармадан баштап алганымды сездим, жоопкерчилик бар эле. Кийинки чыгармаларым да мурункудан калышпаш керек деген ой менен андан да салмактуу ырларды тандап жаттым. Табитим деле классикага жакын окшойт, анткени жеңил ырларды ырдасам курсагым тойбойт. Сөзүнө абдан маани берем. “Сен келе жатасың, мен аялдамага жетип калдым” деген сыяктуу ырларды ырдасам жүдөп кетем. Ырдын текстин сөзсүз акындарга жаздырам, обонун өзүм чыгарам.

– Эл аралык сынактарга катышып жүрөсүң...

– 2015-жылдан тарта эл аралык сынактарга көп катыштым. Башында 2-3 сынакта утулдум. Өжөрлөнүп, жакшы даярданып жүрүп акыркыларында жеңишке жетиштим. Мээнет акыры жыйынтык берет экен, мыкты орундарды алдым. Азыр чыгармачылыкка кайрадан катуу киришип жатам.

– Фонограмма көп ырдабай турганыңды да байкадым...

– Жандуу ырдаганга техниканын күчү жетпей калган учурлар болот. Мисалы, түз эфирлер, жаңы жылдык салтанатта ырдайм. Башка аянттардын баарында жандуу ырдайм. Тойдо, сахнада жандуу ырдайм.

– Кыргызда “кайсы жердин кулунусуң?” деген суроо көп берилет эмеспи...

– Ош облусунун Өзгөн районунан болом. Балалыгым Ош шаарында өттү. 1-курстан бери борбор калаабызда жашап келе жатам. Атам кесиби боюнча инженер-механик, апам биолог, бирок өз кесиби менен иштебейт. Эки бир тууганбыз, иним бар.

– Жүрөк бошпу?

– Жүрөк бопбош (күлүп). “Жашың келип калды, качан үйлөнөсүң?” деген суроолор көп берилет. Таанышы деле, тааныш эмеси деле сурай беришет. Кыздар менен таанышып сүйлөшкөнгө убакыт жок болуп жатат, ишке берилип кетип убакыт кантип өтүп жатканын билбей калчу болдум. Бирок үйлөнүш керек деген маселе мээде турат.

– Кыздарга кулак кагыш кылып коёлу, кандай кыздар жагат?

– Түшүнүктүү, ыймандуу кыздар жагат. Биздин кесипте кызганчаак болсо болбойт. Шоу-бизнестин табиятын түшүнө билген, жолдошунун такай эл көзүндө болушун туура кабыл алган кыз керек го. Башка өзгөчө деле талап жок.

– Кайсы сапатың ийгиликке жетүүгө жардам берет, кайсынысы артка тартат?

– Психологияда “хроническая тревожность” деп коёт экен. Бир нерсени ийне-жибине чейин ойлонуп туруп анан кадам таштайм. Бул ийгиликке жетүүгө жардам берет экен. Анткени мээм дайыма “эмне кылыш керек?” деген суроо менен жүрүп, акыры идеямды ишке ашырам. Аны ишке ашырып бүтсөм башка нерсе чыгат. Бирок дайым мындай абалда жүрүү адам үчүн оор болуп кетет (күлүп). Артка тарткан сапатым – баарын бетке айтып салам, анан кээде шашмалыгым кармап кеткен учур жакпайт. Мүнөзүм бир аз начар окшойт (ойлонуп). Адилетсиздикти көрсөм айтып алмайынча жаным тынбайт.

– Шоу-бизнеске ылайыктуу адам эмес окшойсуң анда, бул чөйрөдө жашап кетүү үчүн ийкемдүү болуш керек го...

– Шоу-бизнес өзүнчө бир дүйнө. Жашап кетүү үчүн жазылбаган мыйзамдары бар. Ооба, ал жакта мен жат экенимди сезем. Кыргыз-Түрк лицейинде окугам, ал жакта адамга жоопкерчилик сезимин өтө сиңирип коюшат. Шоу-бизнесте жоопкерчилик деген эми (күлүп)... Ушул нерсе башында мени аябай кыйнады. Азыр мени менен иштешкендер мамилеге так экенимди билишет. Экинчиден, шоу-бизнестегилер бир нерсе жакпаса деле күлүп-жайнап, жаман көрүп турса да билдирбегенге аракет кылышат. Жасалмалуулук көп, ушундан аябай чарчап калам. А мен кандай болсом, ошондой жүргүм келет.

– Кайсы курактагы фанаттарың көбүрөөк?

– Ырларымды 15-16 жаштагылар укпайт, сөздү баалаган, музыкадан бир аз болсо да түшүнүгү, табити барлар угушат деп ойлойм. Башында айткандай, классикалык ырларды тандап алганым үчүн болуш керек. Менимче, күйөрмандарым 20 жаштан жогоркулар.

– Акыркы убакта сени сыймыктандырган окуя кайсы болду?

– Спортчу Акжол Махмудовдун жеңиши болду. 4-классымдан баштап күрөшкө бардым. Бирок салмагым оор болуп, килемде менден бир топ улуу балдар менен күрөшүп калчумун, анан жеңилчүмүн. Ошентип күрөштү таштап койгом, бирок жан дүйнөмдө спортчу жашайт (күлүп). Акжолдун жеңиши эле эмес, жеңиштен кийинки эмоциялары, адамдык сапаты, бекемдиги көңүлгө толот. Ушул жигит менен сыймыктандым.

– Маегиңе рахмат, ийгиликтерди багындырышыңа тилектешпиз.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
munduz2016
2022-09-21 05:50:00
Азаматсың...бирок эч укпапмын мындай ырчы бар экенин. Ютубда болсо угайынчы.
0
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан