Кыргыздын жүрөгүнө сиңген, сыйына оронгон инсан. Таланты да, адамгерчилиги да мактоого арзыйт. Бул адамды көргөндө айылым, балалыгым эске түшөт. Анткени ал тарткан жана роль аткарган “Чиркин өмүр” сериалын үй-бүлөбүз менен чогуу күтүп көрчүбүз. Демек, Жаздыктын образы менен эсимде калыптыр. Бул жолу ошол каарман – элибиздин чыгаан уулу, актёр, режиссёр Мурат Мамбетов маектешим.
– Саламатсызбы, Мурат ага? Жакында "Эл артисти" наамын алдыңыз, кут болсун! Бул наам сиз үчүн көп күттүргөн наам болду окшойт...
– Саламатчылык, рахмат! Көбүрөөк күткөнүмдүн себеби, мен 1990-жылы “Тунгучка” кетип калдым, 13 жыл иштедим. Анан ал жактан телевидениеге кеттим, сериалдарды тарттым, университетте сабак берип, айтор, ар кайсы тармакта иштеп жүрдүм. Кыргыз драма театрынан кетпегенимде бул наамды 15 жыл мурун алмакмын. Демек, күнөө өзүмдө да бар. “Эл артисти” наамын алыш өтө кыйын, бул наамды 50-60 жыл иштегениң үчүн эле берип койбойт, мурдагы эмгектериңди эске алуу менен акыркы 10 жылда эмне иш кылдың, ошого карап берилет. Наамды татыктуулар алса ушунчалык кубанып, татыксыздарга берилип калса кыжырың келет. Ырчыларга сөз тийгизгим келбейт, аларга, менимче, “Эмгек сиңирген ырчы”, “Эл ырчысы” деген бөлөк наам бериш керек. Болбосо, театрда өмүр бою иштеген артист албай, саналуу эле ыры бар бирөө Эл артистин алып жатат. Мага ушул нерсе бир аз түшүнүксүз.
– Сизди көпчүлүк “Тунгуч” театрынан, алгачкы Кыргыз сериалы “Чиркин өмүрдөгү” Жыздыктын образынан улам жакшы таанышты окшойт...
– “Чиркин өмүрдү” тартканда мен-мен деген актёр-актрисалар мени колдоп эле тартылып беришкен, бактылуу экенмин. Профессионалдык жагынан алганда, укмуш сериал болду деп айтпайм. Андагы кыйын артисттер алган гонорардын суммасын айтуудан уялам. Ага тартылган Мукамбет Токтобаев, Бакирдин Алиев, Марат Козукеев, Токон Дайырбеков, Зарылкан Бообекова, Марат Женталиев деген кыйын инсандардын көздөрү өтүп кетти. Сериалдагы окуялар чындык болчу, карапайым элдин жашоосун чагылдырдык. Ар бир айылдык сериалдан өз айылындагы бир кишини табат эле. Мына ошонусу менен сериал учурунда аябай популярдуу болду.
Ал эми “Бөрү зындан” жашоомдо эң чоң таасир калтырган кино. Анда залкар режиссёр Болот Шамшиев менен тааныштым, көптөгөн долбоорлордо чогуу иштештик, андан көп нерсе үйрөндүм. Анан акыркы киносу “Призраки орехового лесаны” тартып жатканда мени экинчи режиссёр кылып алды. “Бөрү зындандан” кийин менин киного мамилем такыр өзгөрдү. Азыр ал кишиден көп нерсени сурап албаптырмын деп өкүнүп калам.
– Мурат Мамбетов режиссёр, актёр жана сценарист. Кайсынысы жан дүйнөңүзгө жакын?
– Бул абдан татаал суроо. Мага эң жакыны – режиссёрлук. Бала кезден эле кино тартуу кыялым бар эле, бирок мен актёрлукка ооп кеткем. Көп жыл актёр болуп жүрдүм. Менде режиссёрлук эмес, актёрлук сапат көбүрөөк. Артисттерди түшүнөм, билем, аяйм. Ал эми чыныгы режиссёр артисттерди кыш катары көрөт, уста кыш менен там салат го, артисттер кинону тургузган кыш. Албетте, сыйлайт, бирок чыныгы режиссёр артист кыйналабы, ага ыңгайсыз болуп жатабы, аны көп карабайт.
– Эң алгачкы тасмада жараткан ролуңуз тууралуу айтып берсеңиз...
– Үйдөгүлөр менин артист болгум келерин билишчү, бирок мен уялчаак элем. 9-класс кезимде “Кыргызфильмде” кино тартылып жатканын, мен курактуу бала керек экенин Майрамкүл эжем угуп калып, болбой колумдан жетелеп барып, пробадан өтүп кеткем. Биринчи жолу “Сюда прилетают лебеди” тасмасында башкы каарман Мукайдын образын жараткам. Ошондо актёрлукка сүйүүм ого бетер күчөдү. Анан 1973-жылы мектепти бүтүрүп, Казакстандан билим алдым.
– 90-жылдардагы каатчылыкта чыгармачылык, жашоо турмуш кандай болду?
– 90-жылдар Кыргызстан үчүн, дегеле мурунку союздук мамлекеттер үчүн оор өттү. Чыгармачыл адамдарды эч ким карабай калган, эл театрга барганды унутуп, оокат деп эле жүгүрүп калган. Ошондой мезгилде Жамал Сейдакматова эже бизди “Тунгуч” театрында кармап турду, көп артисттер соодага кетишти. Биз нанга акча таппай калсак дагы көшөрүп спектаклдерди жаратып жаттык. Биздин эмгек кийин жемишин бере баштады, бизди көргөндөр Мамбетов, Өзүбеков, Чалабаев келатат дечү эмес, “мына, тунгучтар келатат” дешчү. Эл таанып, сыйлап баштады. Кийин жашообуз бир топ жакшырып калган, автобус алып, бүт аппаратураны, костюмдарды алып, жакшы жашап калганбыз.
– Ата-энеге баласынын ооруганын көтөрүү жеңил эмес... Балаңыз жакшыбы?
– Жакшы, Кудайга шүгүр. Чынында, балаңдын ооруганы аябай оор, кыйын, аябай татаал нерсе. 6 жашка чейин ордунда жөн турбаган, бир жакшынакай сүйлөгөн, керек болсо кинолордо роль жаратып жүргөн бала бир заматта эле баспай, арабага отуруп калганы өто оор. Эч нерсе кыла албайсың. Каякка гана барган жокпуз, кандай гана дарыларды бердик, бирок алыбыз жеткен жок. Азыр дагы балабыздын жанынан бир кадам жылбай жүргөн жубайым Венерага рахматымды айтам. Баламдын колу дагы, көзү дагы, буту дагы Венера. Баламдын ооруп калганына 16 жыл болду. Ушундай оор күндөрдө үйгө келсең аялың кабагын бүркөп, өзүн таштап койсо жашагың келбей калмак да, а Венера анткен жок, тескерисинче, үйдө дайыма күлкү. Сезем, ага абдан оор. Антсе да билгизбей, үйүбүздү жаркыратып турат. Венеранын алдына тизелеп туруп колунан өөп, рахмат айткым келет.
– Каржылык, материалдык кыйынчылыктарды кантип жеңесиз?
– Абдан чоң маселени козгоп койдуң. Бир нерсе айтайын, таза эмгеги менен иштеп байып кеткен бир дагы актёрду же режиссёрду көргөн жокмун. Болот Шамшиев канчалаган кинолорду жаратты, үйүнө барсаң жөнөкөй эле үч бөлмөлүү батир эле. Мен деле тарткан кином, жараткан ролдорум үчүн көп акча албайм. Венера иштебейт, бала менен отурат. Агам, иним, эжем, кайнежем Гүлнур дайыма жардам беришет, эми алардан кечке эле ала бергенден да тартынасың. Агама азыр “балама дары керек болуп жатат, акча берчи” десең берет, бирок уялам. Анын деле өзүнүн балдары бар, үй-бүлөсүн багыш керек дегендей. Айлыгымды, режиссёрлук, актёрлуктан түшкөн акчамдын баарын баламдын дарыларына, жашообузга жумшайм.
Чыныгы чыгармачыл адамдар каражат үчүн иштебейт. Мен 60ка чыкканда Асылбек, Эгемберди (ред.: Өзүбеков, Чалабаев), агам, досторум акча чогултуп унаа алып беришкен, 3 жылдан кийин 70ке чыгам, ошол машинени дагы деле айдап жүрөм, Кудайга шүгүр.
– Венера эже үйдө отуруп калды. Таланты элге сунулбай, чыгармачылыгы токтоп калганына өкүнгөн учурлар болобу?
– Албетте, болот. Эми күчүнө келип турган кезинде балабыз ооруп калды. Ырдаган жагын айтпай эле коёюн, сөз жок, жубайым аябай күчтүү актриса дагы. Бирок киного тартылбай калды, чыгармачылыгы аксады. Андан күчтүү актриса чыкмак.
– Маегиңизге рахмат!
Гулийпа Маметосмон кызы