– Марат менен университеттин биринчи курсунда тааныштык. Көзү өткүр, сөзү өткүр, келишимдүү жигит мага бир көргөндө эле жакты. Эмнегедир мен дагы ага жагып калганымды сездим. Биринчи курста айылды, ата-энеңди сагынып жүргөндө эмнегедир бирөөдөн колдоо издей берет экенсиң. Башында Марат экөөбүз дос элек, кийин сүйүүбүз алоолонуп кетти. Университеттин жатаканасында жашачу элек, бири-бирибизсиз күн жок, ээрчиштик да, калдык. Бир жыл ичинде аябай көнүп калыптырмын, каникулда айылга кетким келбей “жумуш издейм” деген шылтоо менен шаарда калып калдым. Марат да калды.
Кыскасы, ошол күндөн баштап биздин сүйүү алоолонуп кетти. Мен бойго бүтүрбөгөн таблеткаларды бирде ичип, бирде ичпей жүрө берипмин. Бир күнү эле ичтейим ачылып, тамакты абдан көп жеп алдым. Марат таң кала карады.
– Сага эмне болгон?
– Эмне болуптур?
– Үч тарелка тамак жедиң. Сен жарым табак да жечү эмес элең го.
– Жегим келди, дагы десерт заказ кылсакпы?- дедим тамшана.
Тигинин көзү алайып кетти.
– Жинди кыз, сенин боюңда болуп калып жүрбөсүн?
Мен чакап кеттим, чын эле коркуп кеттим. Шектенүүбүз чын чыгып, эртеси тесттин эки кызыл сызыгын тиктеп отуруп калдык. Кызыл сызык... Жашообуз ушул сызык менен ченелип калгандай сезилди. Ошол эле учурда бир жакшы нерсенин белгисиндей болуп жүрөктү кубантат.
– Бар экен!
Шалдайып отуруп калдык. 19 жашта жашпыз да, жашоодон, кыйынчылыктан, сезимдерибизден коркуп турдук.
– Апамдар макул болбойт! - деди Марат шылкыйып. Апасы жалгыз бой, Маратты араң окутуп жатканын билчү элем. Андан башка да 5 баласы бар болчу.
– Сен бир сүйлөшүп көрбөйсүңбү?- дедим күнөөлүү.
Андан аркы окуя, билишимче, мындай уланыптыр. Марат апасына айтса, “аборт жасаткыла. Азыр аял алганга шартың жок, жашсыңар” деп бүтүм чыгарат. Марат мени кыйбай, айта албай жүргөнчө убакыт өтүп кетет. Акыры апасы бул “ишти” сиңдисине тапшырат. “Марат айта албай жатса, сен барып врачтар менен сүйлөшүп баланы алдыргыла” деген бүтүм чыгарат. Жатаканада жатсам таежеси келди. Мен ойлогондой ажаан, урушчаак деле аял эмес экен.
– Жүрү эми. Врачка сүйлөшүп койдум,- деди ал.
Мен аргасыз башымды ийкедим. Көзүмдөн жашым он талаа болуп агып жатты. Таежебиз чыдабай кетти.
– Башында ойлонбойт белең, менин кызым менен тең экенсиң, ушу нерсеге кыя тургандай кыз белең,- деп кейип алды.
– Алдырбай койсомчу?- өзүмдөн-өзүм сурап жатам деп ойлогон экем. Бирок үнүмдү угуза сураптырмын.
– Бул сенин чечимиң. Бирок кыйын болуп калбас бекен...
– Эже, алдыргым келбей жатат,- деп ыйлап жибердим. Эже башын чайкап мени менен кошо ыйлап алды. Акыры телефон чалып Маратты чакырды. Аны да, мени да жемеледи. Шылкыйып турабыз алдында.
– Силер бири-бириңерди сүйөсүңөрбү?
– Ооба!- деп жарыша жооп бердик эмнегедир.
– Анда үйлөнгүлө!
– Таеже, апамчы, ал бизди...
– Мен үйлөнтөм силерди, бардык каражатты мен көтөрөм. Миллионер эмесмин, бирок колумдан келгенин кылам. Апаң каражаттын айынан эле каршы болуп жатат, болбосо анын жүрөгү жок дейсиңби?- деди да, чыгып кетти. Марат экөөбүз кучакташып алып сүйүнүп жаттык. Тез эле үйлөнүп алдык. Бардык чыгымды таежеси көтөрдү. Байкуш, өзү деле жалгыз бой, эки кызды жалгыз өстүргөн аял экен. Бирок кайраттуу, акылдуу аял тура. Эч кимге билгизген да жок, ата-энемдин алдына жаркыратып-жайнатып алып барды. Эч кандай “намёк” да кылган жок. Баягы кызыл сызыгыбыз тогуз айдан кийин таптатынакай кызга айланды. Биз болсо колубуздагы кызыл этти коёрго жер тапай бактыбыз чексиз. Бул бактыбыз үчүн эжебизге милдеттүү элек. Азыр кызым 1-класска барды. Марат экөөбүз бактылуу жубайларданбыз. Ал эми биздин төрүбүздөгү эң чоң коногубуз дайыма таежебиз! Ылайым ушундай акылдуу аялдар көп болсун!
Асел Бегим